АСКЕР КЫЗМАТЫНДАГЫ КУРМАНДЫКПЫ ЖЕ КЫРСЫКПЫ?

№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж

Кеңсебиз Нарын шаарында ачылгандан бери эшигибиз тынбайт. Бул жолу аскерде кызмат өтөп жаткан жигиттин оор абалда ооруканага түшкөнү тууралуу кабар келди.

БЕТИНЕ ТҮТҮК ТҮШҮП КЕТТИ
Редакциябызга Орозобек Накинов аттуу мырза байланышып, Нарын шаардык ооруканасына аскер кызматын өтөп жаткан жигитти оор абалда алып келишкенин кабарлады. Кабарды уккандан кийин эле ооруканага жөнөп калдым. Жигиттин абалы чын эле оор, жандандыруу бөлүмүндө жаткан экен. Тилекке каршы, бизди киргизген жок. Дарыгер «башы аман калды, шүгүр дейли» деп жигиттин энесин жоошутуп жатыптыр. Апасы Гүлмира Акматованын абалы айтпаса да түшүнүктүү. Көз жашын көлдөткөн эне төмөндөгүлөргө токтолду:
– Менин 8 балам бар, төртүнчүм Кундузбек 1991-жылы туулган. 2011-жылдын ноябрь айынын онунда аскерге кеткен. Балама «барбай эле кой» десек болбой, «жигиттик милдетимди өтөшүм керек, барам» деп кетип калбадыбы. 22-сентябрь күнү түштөн кийин «балаңыздын үстүнө түтүк түшүп кетип, ооруканага келди, келгиле» деп аскер бөлүмүнөн телефон чалышты. Бирок акча-тыйын жок болгондуктан, эртеси келдим. Атасы да иштебейт, пенсияны карап отурабыз. Балдарымдан эң зиреги, тыңы жана мен үмүттөнгөн балам ушул эле.
Эртең менен келсем, уулумдун бети таанылбай калыптыр. Шишип кеткенде адам башкача болуп калат тура, тилин бери тарттырып коюшуптур. Менин баамымда, уулум сабалган өңдүү, бирок командири бетине түтүк түшүп кеткенин айтты. Тамак иче албай жатат. Кечинде барып шорпо ичирсем, кичине кашыктын жарымын эле ичти, оозунан кан куюлуп жатат. Баламдын келечегин эч ким ойлогон жок. Аскер кызматындагылар биз дарылатабыз деп жатышат. Жылдар өткөндөн кийин баламдын ден соолугу кандай болот? Жаак сөөгү сынып кеткендиктен, тилин бери тартып койгонбуз дешти. Өзү тилге келип эч нерсе деп айта элек.

«ЭЧ КАНДАЙ САБАЛГАН ЭМЕС, ЖӨН ГАНА КЫРСЫК»
Чырактай жигиттин абалын көрүп, «келечекте ден соолугуна ким жооп берет, чын эле кырсыкпы же сабалганбы?» деген ойлор жаралбай койбоду. Ушундан улам Нарын шаарынын 25-аскер бөлүмүнө кайрылганыбызда өзүн Аманат Темиров деп тааныштырган аскер бөлүмүнүн юристи:
– 2012-жылдын 22-сентябрь күнү саат 15:45 чамасында «Кынды» заставасында ЭЦВ 8 насосун орнотуп жатканда Турарбек уулу Кундузбектин бет жагына түтүк түшүп кетип жаракат алган. Ал бир айдан кийин кызматын өтөп бүтүп, үйүнө кетмек. Биз бардык каражатын мойнубузга алабыз, бекер дарыланат. Эч кандай сабалган эмес, жөн гана кырсык,- деп билдирди.
Балыкчы гарнизонунун аскер прокурору Максатбек Молдалиевге байланышканыбызда:
– Мен маалыматты 22-сентябрда алдым. Бул боюнча иликтеп жатабыз, төрт-беш күндүн ичинде жыйынтык чыгарабыз. Кызмат өтөп жаткан балдар ошол жумушту жасаш керек беле же жок беле? Чын эле түтүк түшкөнбү? Мына ушунун баарын изилдеп, тактап чыгабыз,- деп жооп берди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(80)
03.10.2012. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип эле аскерден ушинтип солдаттарды сабашсын,
аяктан только трубалар башка тушуп кетет,же жана башка чексиз кутуусуз кырсыктар.Негизи аскер болумдорун арчалап коюш к/к,кырсыктар эн эле коп болот.Командирлердин деле балдары бар да,балдары бар АДАМдар,бироонун баласын кантип эле ушундай абалга апкелсин.Кантсе да кудайдын пендеси го.
04.10.2012. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
delfin, канча деген балдар асынып,каза болуп атышат?алар деле Кудайдан коркушат да,мунун баарын ошол жактын чондору кылышат.Кудайдан коркпогон мал адамдар иштейт ал жакта...
04.10.2012. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eger uwundai bolo berse e4 kim armiaga barbait da korkup anan KYRGYZSTANDY kim korgoit! tartip kirgiziw kerek. Sabalgany korunup ele turat.
04.10.2012. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Тутук" эмес "швеллер"тушуп кеткендер деле болгон мынчалык эмеско, азыр мушкер тутукторду чыгара баштаганго сыягы. Тутуктордон абайлагыла. Кааларым эртерек сакайып кетсин.
04.10.2012. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай окуялар кобойуп кетти,елки,иштин аягына до конца эч ким чыкпайт,тааныш-тууган урук деп эле ишти жап салышат.ал тутук да жондон жон эле тушуп кетмек беле,бул жерде башка нерсе бар да..эхх не болсо дагы Кудайым жестоко жазаласын ошол ишти кылган адамдарды...
04.10.2012. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин инимди дагы Суворовскийде бир офицери оло сабап,больницага жатып лечение алып чыкты.Каттуу токмоктогондо,эки бутунун ортосуна катту тепкенби?айтор ошол жагынан операция болуп чыкты.кийин балалуу болбой калса ким куноолу болот?кимдин убалы...
04.10.2012. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабалганы корүнүп эле турбайбы. Ушундай окуялар Кыргыз аскердик милдетин өтөөчү жайларда көп болуп кетти. Ким барат ушундай окуялардан кийин. Илгерки Союз учуру болсо мен баламды өзүм бар деп машинага салып бермекмин. Азыркы солдаттар командирлеринин же алардын жакын туугандарынын жумушун жасап жүрүп өтөп келишет.
04.10.2012. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макул түтүк түшүп кетсин дейли. Ал эми ушул жаш балдарды техника безопасность менен тааныштырышты бекен? Командирлери өздөрү билбейт болуш керек. Эптеп эле "билбейм" деген бир сөз, "билем" деген миң сөз демекчи, ийин куушуруп, незнаем десек кутулуп кетебиз деп жатышса керек.
04.10.2012. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки труба мээлеп туруп нак көзгө тийгенби мергенчидей. Деги укмуш биздин "эл кызматында" жүргөндөр, отмазать эткенге мыкты, эч кимди алдыга чыгарбайт.
04.10.2012. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай ачуум келип жатат. Качан болсо "няня-маня" дешип кутулуп кетишет. Милициясы кишини сүзүп мас абалында, реанимобильди былчыйта сүзүп жатса да жакшынакайбыз дешет.
04.10.2012. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
явно ле сабаган бул баланы,түтүк тушкөндө ушунча көгөрмөк беле?тооба,чындапле түтүк түшкөндө,башы жарылып өлүп калмак...
04.10.2012. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз постунан, креслосунан, соттун ата-эненин алдынан качып эми Чондор ал сабалган баланы кыйнап коркутуп ачыгын айттырбайт.Тартип жоок,! Чондору балдарды ар кайсы тууган-досторуна чейин алпарып бекер иштетишет-кулча.Балдар армиядан курал жарак, ж.б. окууларды окубастан план жок, кызыктуу армиялар арасында сынашуулар жок, кара жумуш жана кечке бири бирин эрмектешмей, эптеп курсак тойгузмай. Кудайым жанынды сактасын, эгер ачыгын айтсан ишенген кишине айт да сак бол жок кылып коюшу да мумкун
05.10.2012. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meris, caga koshulam bala jakshy bolup ketce eken.Bizdin armia armia emes ele tozok bolup kaldy.Chyndap ele kural jarakty el jerdi korgondu urotpoi ele,armidagylardy kuldai kylyp ishtetishet,kyndary akcha curashat akchacy jok bolco mynadyntip cabashat
04.10.2012. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда аскер болумунун башчысы- бутундой планды озгортуп озунун аскерлерине жанылануу киргизген - коптогон кызыктуу кружоктор, соревн-р, кыскасы убактылары жок кечинде ептеп келип аран уктаганга гана алдары бар кылып контроль на 100, бир да ЧП жок.
Жаш балнын убалы кимге, башы оорулуу болсо кийин кандай ата болот. Жалан психич.больн.нервн. же олтуруп берип жатасынар балдарды - эми ким армияга барат.
04.10.2012. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сурот боюнча чон тутук тушпой эле, коп акылдуу тутукчолор тушкон го коздорунун тегерете мээлеп.Кан чыгып жтса оозунан, ички органдардан бироосу жабыркаган, дагы текшертип корсонуз суранып, кан кете берет ал органды дарыламайын.Ачыгына жетээр бекен энеси, Сизге кайрат, чыдамдуулук,баланызга ден соолук узак бактылуу омур гана кудайдан тилейбиз
04.10.2012. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЭ кудайым, турмуш кызык,таттуу-да ачуу да.
Жанылануу коп, жакшылык аз, ойлонсон акылын жетпейт, айтсан созун кетпейт, корсон журогун чыдабайт.Отурганга болбойт, чуркаган жетпейт, барынан жогу коп, элимде арман коп. Бугункудон эртенкиси табышмак.Баарын сатат, жыргаганы жыргап жатат. Баламдын келечегин ойлоп озумдон озум корком, жалгыз кудайым ознон сурайм- элиме берсин акыл-эс, ынтымак, токчулук.
04.10.2012. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйүнө алпарып өлө иштетишет.Бир туугандардын баласы айтып берген"кичине шустрый болсоң,командир,офицерлерге жагып калсан,үйүнө алпарып,жашатат,анан да үй-жумуштарын кылдырат,барбасаң өлдүң,аскер бөлүмдө башкалардан таяк жеп жүргөндөн көрө,тиги чоңдүн ишин кылып берген жакшы"деп...
04.10.2012. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токмок жегени корунуп эле турбайбы.
05.10.2012. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыдап кой брат отуп кетет,
05.10.2012. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушинтип ургандар олуп эле калбайсынарбы чондору баш болуп асынып эле алгылачы чондордун балдарында ушинтип сабап коруш керек да анан билишет ал акмактар байкуш энелерге эле кыйын болот качан энелердин коооз жашы акпай калат ким ушул ишти кылсада эч качан жакшылык корбосун омур бойу жакшылык корбой отуп кетишсе экен....
05.10.2012. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабалганы көрүнүп эле турбайбы! Кайдагы жомокторду айтышат да. Жазасын беребиз дешет, бирок ал жазасын албайт, 100 % ишенем.
05.10.2012. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан колдоп, энесинин багына сакайып кетсин. Албетте ушундай корунуштордон улам ата-энелер балдарын армияга жибергиси келбейт, эптеп пара берип алып калайын дейт. Тиги тактайбыз, изилдейбиз дегендерге ишенбейм. Тилеке каршы олкобуздо чындыкты табуу жомоко айланды го. Эмнеси болсо да мындай кызмат отоого мен каршымын, бул кызмат отоо эмес, бул карапайым элди шылдындоо деп эсептейм.Ким кылса да жазасын алсын, ошол сабаган кир колдору экинчи эч кимге которулбой калсын!!!
06.10.2012. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам баарына! армиядан ушундай корунуштор болуп турса,биздин муун баргысы келбейт.демек армияны жоюу керек.же барса акча толоп беришсин мамлекет.олумдор акыркы кундору коп болуп жатат.Кычкасы кыргыздарда армияны да аялы башкарат окшойт,чиновниктер бул балага жардам бербейсинерби?баланыз сакайса ачыгын айтсын,коркпостон.Кыргызда ушундай боло берсе "омур бою" онукпойбуз.100% кепилдик берем.ууффф жиним келди,ак уйдогулор да козомолго албаганына
06.10.2012. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акмактар ,зоокурлор сабалган эмес деп калпты суйлоп отурушат ушундай корунуштордон кийин кантип биздин жигитер кызмат отогусу келсин бул зоокурлор армияда болгон жумуштарын жасатып тепкилеп тамак бербейт менин иним же балам болсо жибермек эмесмин
06.10.2012. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш баягы эле тушкон туйушук ата-энеге,кичинекейинен уйку корбой чонойтуп койсо мынтип корунгондон токмок жеп жатып калып эми да уйку корбой кудайдан тиленип отурушат.айыгып озу баарын айтса ошондо да биздин устубуздогулор жаап-жашырып чыга келишет,алар жакшылык корбосо экен ушундай кылгылыкты кылып коюшуп.токмок жеп байкуш эми жакшы болуп кет кудайдын шыпаасы менен.ата-энеге кайрат берсин.
07.10.2012. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай урган акмактар,эркекче иш жасабайсынарбы,жалгыз адам мынча урбаса керек,групповой сабаган баланы,тутук-мутук эмей эле,жаш баланы алдагандай алдабай эле койгулачы акмактар! оорунун кадрын соо билмек беле,озунорду да ушундай сабаш керек эшектер
07.10.2012. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу колдосун айыгып кет
12.10.2012. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атайын сабашканы корунуп турат, кырсыка кабылкандай корунбойт го
14.12.2012. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabawkany korunup turat,
05.05.2013. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир иштин оз специалисти(жумуш адиси) болот,кандай жумуш болбосун кызмат учурунда созсуз турдо специалисти жок жумуш кылууга мумкун эмес,ар бир аскерге жоопкерчилик менен караш керек аскердин ошол кызматы менен эле турмуш чектелбейт ал эртен кандай? жашайт,канча жашайт буга эч ким кепил эмес.мындай корунуштор аз эмес ар бир обла ар бир тоолуу районо бар.
жаш жигиттерге эн биринчи денсоолукту караш керек баатыр болуп,отко куйуп,суука тонгондун кереги жок "АР НЕРСЕ ОЗ ООРДУ МЕНЕН"
05.05.2013. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата-энелер оз уулдарын аскерге узатып жатканда тарбия насаатын айтбайт озунду кара,бироону сабаба,жаман иштен алыс бол деп,комбат айтты тигинин чобун чабыш керек,мунун дубалын уруш керкек,анын уйун кооруш керек десе эле кете бербей.Армия коргонууну,уйронуу курал жарак кармоо,бардык аскер сырларын уйронуу.Аскердик болуктун жумушун мамлекет кам корушу керек курулушун тажрыйбалуу куруучулар аркылуу,канип кечеги жаш балдарга ушундай жумуштарды тапшырат.
05.05.2013. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куруучунун акчасы чонтоко 5 аскер кыбырап бутурот алар кантип бутурот ишиделе жок.БИРОК ДЕГЕН ЖЕРИ БАР КИМ БИЛЕТ ДЕДОБШИНА ОНУККОН БИЗДЕ !!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо