Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КОҢШУСУН ТАШ МЕНЕН УРУП ӨЛТҮРГӨНБҮ?

№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж

2012-жылдын 13-июнунан 14-июнга караган түнү Бакай-Ата районунун Наматбек айылында кырсык катталган. Бирок каза тапкан адамдын үй-бүлөсү аны жерге бергенден бир топ күндөн соң гана анын киши колдуу болуп өлгөнүн айтып, кылмыш иши козголгон. Чуулгандуу иштин баяны төмөндөгүдөй экен.

ӨЗ АЖАЛЫ МЕНЕН ӨЛДҮ ДЕП...
14-июнда Бакай-Ата районундагы Наматбек айылынын 1965-жылы туулган тургуну Т.Т. өз ажалы менен каза тапты делинип жерге берилет. Маркумдун аялы жана баласы «эч кимге дооматыбыз жок, маркум жүрөк оорусунан каза тапты» деп билдиришкен. Анткени маркумдун жүрөк оорусу болгон экен, коңшулары жана башкалардын тилине кирип, алгач ушундай деп айтышкан.
Бирок 9-июль күнү каза болгон адамдын баласы, 1988-жылы туулган К.Т. Бакай-Ата РИИБине арыз менен кайрылат. Анда 14-июнда түнкү 24:30дар чамасында айылдашы А.Т. аттуу жигит атасын үйдөн чакырып чыгып, эшик алдында таш менен уруп өлтүрүп койгондугун жазган. Бул эле эмес, «биз түшүнбөстүктүн айынан милицияга арыз жазып кайрылбастан, жерге көмүп койгонбуз» деп белгилеп, күнөөлүү адамга карата мыйзам чегинде жаза берүүлөрүн суранат.
10-июлда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, өлгөн адамды эксгумация жүргүзүү токтому чыгарылат. Соттук-медициналык экспертизаны жүргүзүү иши эксперттерге дайындалган.
Ошентип, маркум Т.Тнын сөөгү алынып чыгып, эксперттер тарабынан кароо жүргүзүүдө Т.Тнын оң көзүнүн үстү жагында жарааттын бар болгондугу, ошондой эле денесинин оң тарабында, колтугунун астында, кабыргалар жагында жана далысында катуу нерсе тийгенинен улам кан уюп калгандыгы такталат.

«ЭРКЕК БОЛСОҢ ЭШИККЕ ЧЫК!»
Кылмыш иши боюнча күбө катары суралган маркумдун аялы Г.Т. «13-июнь түнү жолдошум үйгө кызуу абалында келип, «азыр мага бирөөлөр келет, келсе мени чакырып кой» деди. Ошондон 15-20 мүнөт өтпөй үйгө коңшубуз А.Т. кызуу абалында келип, жолдошумду оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, «эркек болсоң эшикке чык!» деп эшикти тепкиледи. Тигинин кызуу экенин көргөн соң жолдошумду «эшикке чыкпа» деп үйдө кармап турдум. Бирок ал атасы менен тең болгон күйөөмдү сөгүп, тилдей бергендиктен, күйөөм чыдабай сыртка чыгып, аны менен уруша кетти.
Көп өтпөй А.Т. көчөдөгү төгүлүп жаткан кумдун үстүндөгү таштарды ала калып, жолдошумду бир нече ирет уруп жиберди. Мен чуркап барып А.Тнын үйүнөн инисин чакырып келдим. Бирок бизге А.Т. баш бербей мушташып, күйөөмө асылганын токтотподу. Уруш башталгандан болжолу 30-40 мүнөт өткөндө күйөөм чарчап, эшик алдындагы чөптүн үстүндө отурган маалда А.Т. инисинин колунан чыгып, жолдошумду көздөй чуркап келип, катуу нерсе менен чаап жиберди. Караңгы болгондуктан, жакшы көрбөй калдым. Ошол замат күйөөм «оох» деп үн чыгарган бойдон кулап түшүп, өзүнө келбей каза тапты» деп көрсөтөт.
Жогорудагы кылмышка шектүү деп 1984-жылы туулган А.Т. камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын
Бакай-Ата РИИБинин жетекчиси Андаш Мураталиев билдирди


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
01.10.2012. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун аялы мене баласы комбой туруп айтышкан эмес же коркушканбы
01.10.2012. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык эмнеге убагында айтышкан эмес?
05.10.2012. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
solnyshko, Кошуналардын тилине кирип деп турат.Кошуналары суранса керек арыз жазбагылачы деп мен ошондой тушундум.
01.10.2012. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол убакта дароо айтыш керек, эле неге айтпай койду экен? Баарын коруп туруп унчукпай эч кимге дообуз жок, журок оорусунан дегенге кандай тили барды? Байкуш киши ошончолук кыйналып каза болсо аны уйундогулор жаап жашырганы кантет. Кея болсо да жакшы айтып атат эми жазасын алсын А.Т.
01.10.2012. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак бардык жамандыктын ачкычы.
01.10.2012. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
адамдар ичкилик ичип кыз зордуктап ото эле бузулуп кетти , Кыргызстанда бала тарбиялап кыз чонойтуш кыйын болуп калды , Мусулман динин жакшы кармаган олколорго кетиш керек ,Кыргызстанда умут жок
01.10.2012. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмыштын 99пайызы арактын айынан болуп жатат аракты жарнамалоону токтотсонор айланайын гезит теле каналдар силер да ушундай нерселерге салым кошпой!
03.10.2012. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jurnalist.kg, туура айтасын, андан коро арак заводдорду жаптырып салыш керек, эч ким ичпей жакшы журсо заманыбызда онолот бардык нерсе ичкиликке барып такалат, уурулук, зордук-зомбулук, адам олтуруу, уруш-жанжал, талаш-тартыш жана башка коп нерселер айта берсен толтура ошондуктан ошол адамды жинди кылган жинди сууну жок кылыш керек!!!
04.10.2012. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперинфо эмне учун ысымдарын толук жазбайсыздар?
04.10.2012. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Emil., тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн аты-жөнү толук берилген эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо