Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АЯЛЫМ МЕНИ АЛДАП ТИЙИПТИР, АЖЫРАШТЫМ»

№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж

Эртең менен Талас шаарындагы кеңсебизге баш баккан мырза алгач сырын айтмакка келгенин билдирди. Саламдашып отурган соң бул оюнан кайтып, кетүүгө камынды. Бирок чыгып баратып ойлонду окшойт, «мынчалык келген соң айтайын» деп кайрылып, кеп баштады.

– Биринчи аялым кайтыш болуп кетип, 3 балам менен калгам. Мезгил бир орунда турбайт экен, анын үстүнө аял жок, 3 эркек балам болуп кыйналып кеттик. Ошентип, экинчи ирет үйлөнүүгө туура келди. Ошол кездерде тааныштар аркылуу жашы 37деги бир келин менен таанышып калдым. Ал тааныштары таластык болуп, ушул жакка келгенин айтты. Абдан жүдөө, сыртынан эле турмуштун запкысын көп тартканы көрүнүп турат. Үстүнө кийген кийими да эски экен. Ал мага жолдошу аракеч болгондуктан ажырашып кеткенин, 1 уулу бар экенин, ал атасында калганын айтты.
Жолугуп сүйлөшүп калган кездерде байкасам, сөзү орундуу, жүрүш-турушу жакшы эле неме көрүндү. Башканы кайдан издемек элем деп ага баш кошууну сунуштасам, макул болду. Ошентип, бирге түтүн булата баштадык. Үйдө бекер отурбай деп ал кафеде иштеп жүрдү. Үстү жаңырып, багуусу жарашып, өңүнө чыгып калды.
Бир жолу базарга чогуу барып калдык. Базардан бир эркек жолугуп калып, аялымды ашатып сөгүп, «касиети жок, 3 баланы мага таштап, эрге тийип...» деп жулмалап кирсе болобу?! Жиним келип, мушташып жатып калдык. Жаныбыздагылар ортого түшүп ажыратышты. Бир убакта кепке келип сүйлөштүк. Көрсө, ал аялымдын мурунку күйөөсү экен. Аялымдын кафеде иштеп жүргөнүн бирөөлөрдөн угуп, атайын Нарындан Таласка издеп келген экен. Аялыма «күйөөгө тийген болсоң, 3 баланы тең ошол жерге алып барып бак. Болбосо аныңды таштап, үйгө кел. Энем өлүп, 3 баланы бага албай кыйналдым. Башка аял өгөй балдарды карабайт экен. Же балдар үйүнө берип салайынбы?» деп кыйкырып жүрөт. Көрсө, экөөнүн 3 баласы бар экен да. Ошондо гана аялым мага калп айтканын билдим. Мурунку күйөөсү «бул аял менен жашайм десең, 3 баланы тең өзүң багасың» деп күпүлдөйт. Аялым болсо «кет, көзүмө көрүнбөй жогол! «Башка аял алам, балдарды сага эч качан бербейм» деп кубалабадың беле?! Энең бир өлмөктөн үч өлбөйбү?! Көк мээ, ичкич...» деп бакырат.
Ошондо гана аялымдын калп айтканын, калп айткандан тышкары тили да заар экенин билдим. Үйгө келген соң унчукпай кийимдерин түйүп берип, жолуна деп акча карматтым да, сыртка чыгарып койдум. Элден «кээ бир аялдар күйөөгө калп айтып тийип алышат» дегенди угуп, көп маани бербей жүрсөм, эми минтип өз башымдан өткөрүп отурам. Эне деген ыйык дечү элек. Ушинтип 3 баласын бирдей таштап, менин башымды айлантып жүргөнүнө өтө таң калдым. Ушундай аялдар азайса, эркектердин деле жүрөгү бар экенин унутушпаса дээр элем.

Каныбек
Канымжан Усупбекова
talas@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(22)
01.10.2012. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал аялды да тажаткан болсо керек да ошого баргысы келбейттир. Озу айдап салыптырго мурунку куйосу. Ким билет балким жаман ойлуу аялдыр, балким атайын уюштургандыр акча табуунун жолу деп.
01.10.2012. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман окуя болуптур. бирок эркектердин журогу бар дегенге козум жете бербейт, анткени коп учурда эле аялзаты запкы жеп келе жатканын кором.
01.10.2012. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мм да кыргызда ошол учун бата бергенде кошконун менен кошо кары деп бата тиленет да.Журок бар экенине келсек,беш кол бирдей эмес экенин унутпасак.
01.10.2012. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо ...
01.10.2012. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ушул кандай эле редакцияга адамдар оздору эле келип окуяларын айта берет? качан окубойын бир аял кеоип де бир жигит келип... чынын айтсам кээде анча-мынча журналисттер апыртып коет окшойт.
02.10.2012. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
kapec, далилиңиз жок эле редакцияны каралай берүүнү токтотуңуз. Апыртпай этпей эле окуялар чыныгы каармандардын өз сөзүнөн жазылып алат. Редакция редакция болгон үчун каармандар өздөрү келишет. Эми түшүнүктүүбү?!
Сизге журналисттерди жалган жазды деп каралаганыңыз үчүн 3 күнгө бан!
05.10.2012. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
MiranA, мен болгон оюмду айттым ага чычалагандын кереги жок. дагы жакши болгону редакцияда иштейсиз эгео ак уйдо иштеп калсаныз бироо критикалап койсо атып салчуудай экенсиз. беттен алып эмне кереки бар. эгер сиздики туура болсо унчукпай эле коюнуз.чындыкты сиз билесиз да. зачем доказывать мне.правильно?
01.10.2012. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
как всегда аял куноолу эркек апапакай
02.10.2012. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон учун ар бир адам, озунун башынан отконуну айтканда, созсуз бирдемкени жашынтып айтат. Ким биринчи айтса ошол адам апапакай болот, эки тарапты тен уккан сон, анан тушуносун.
02.10.2012. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишене албай жатам 3баласын таштап куйоосу туруп ушуларга тангалам да
02.10.2012. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карес,эн туура айтат. мен дагы ар дайым окусам редакцияга келип деп жазат. Андай болбосо керек менин оюмча.
03.10.2012. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркектер аппакай болуп, ким жаман аял жаман болуп калыптырго, аны кууп салган дан кийин турмшка чыгып атпайбы, бул жерде аялда куноо жоок, баарына эркектер куноолуу
03.10.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качан караба аялдар бар жокко куноолу эркектер башын иштетиш к-к да анан аял аял болот да мен эркекти куноолойм мындай турмушка...
04.10.2012. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушуном. Эркекти эркек кылган ошол аял. Аялын жаман болсо ошондой экен да эхх..... (озум да ошентип журом жылаандын айынан уйго барбай) жапжаш туруп кайра турмуш кургум келбей калды.
04.10.2012. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгерде жакшы бакса, кара катын ак болот дейт. Кантип эле 3 баланы ьташтап кетип калсын тынч жеринен еще 37 чыгып алып. ошондой кетиш керек болгондо кетти айла жок кыйналганда кайра куйоого тийди да - чуйжая семья темный лес куноо 2 жакта.
04.10.2012. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялдар алкаш болсо да балдарын таштабай алып багып журушот, коп кыынчылыктардан ичип анан алкаш болуп кетет. Кобу ажырашканы мн жалгыз бала багуу ор бьолуп арга жок алыс жерден акча табуу чун кетип жатышат. Жашаган жери, же айлыгы жетиштуу болсо баласын кучактап эле мандайында отурганга не жетсин. Бир таанышым азр алыс жерде иштейт, кунуно чалат баласы учун-жашоо болот, акчасы да болот, бирок бала учун кыйналып кеттим деп аран журот эми чыдаса эмки жылы жазда келет. Так что у
04.10.2012. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Так что уйдун башы-эркектер балдарынарды тируулой жетим кылбасанар - баары бир 2 эне оз енесиндей болбойт. Аракет кылып уйунорду сактап калсанар - кечиргиле Кыргыздардын "Эркектери" жалкоороок, уйбулого-аял кишиге орой, кобунор балага мамиленер жок адам болосунар. Жетпесе аялды куноолоп, байысанар аялды чанып баары бир кобунчо таштайсынар- анан аял куноолу. Кыздарынардай кыздарды бузасынар- Илгерки еркектер аталар кандай уй-булосун сактап- аталарын кандай сыйлышчу. Арак ичип тордо жатса кайдагы
06.10.2012. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана жараткан билет кимде куноо ким таза. Бирок бар нерсенин баркын билип баалай билген жакшы го урматтуу достор!?
06.10.2012. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астафирулло. Ыйманга келгиле! Акыр заман адамы алп болуп, коздорун май басып жатканы анык го...
07.10.2012. 05:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде биз олтуруп алып, уч адамдын тагдырын чече турган "шер" боло берээрбиз, бирок чынына жакын келгенде - ал адамдык касиеттин, чыдамкойлугун текшере турган, озу - турмуш... Ал аялды, куйоосун куноологондой биздин даражабыз жок, аны кудай чечээр, болгону адамга кыйыны - кун сайын адам болуу, бул жерден озубузго сабак болоор узгултук алуубуз ыктымал.
07.10.2012. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээй турмушун эшек араба туулдун калдын балееге дейт экен да
23.10.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии байкушум ай, аялдын кадырын билип, караанына зар болуп турган экенсин, балдарга жаман болуптур эч качан энеси жок бала жакшы сөз эч кимден укпайт, оорубай чонойушсун эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо