№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
Бишкек шаарындагы маршруттук таксилерге мэрия тарабынан атайын белгилер чаптала баштады. Быйтыкча түрүндөгү бул белги техникалык жактан коопсуз деп аныкталып, жүргүнчү ташуучу унааларга тапшырылууда. Бул жүргүнчүлөрдүн коопсуз унаалар менен жүрүүсүнө багытталган. Бүгүнкү күнгө карата 40 кичиавтобустун кожоюну ушундай белгиге ээ болду. Алардын айрымдарын шаар башчы Иса Өмүркулов өз колу менен чаптап чыкты.
Жалпысынан 300 даана чыгарылган быйтыкча «ишенимдүү маршруттук такси» деп аталууга татыктууларга берилет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |