Чүй облусунун Орловка айылынын жашоочулары «Кашка» заводунда ишти кайрадан баштоону талап кылган жергиликтүү жашоочулар иш сапары менен Кемин районунда жүргөн өкмөт башчыга кайрылышты. Жер алдында аз кездешүүчү элемент чыгарган кенди «Куттесай майнинг компани» аттуу канадалык компания иштетчү. Бирок инвестор 2009-жылы лицензиясынан кол жууган. Кайрадан уруксат алуу боюнча аракеттер ушул күнгө чейин чечилбей келип, бул маселени көтөрүп чыккан активисттер премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевден комбинат менен таанышып келүүнү суранышты. Премьер убактысы тардыгын айтып, жакынкы мезгилде ал жакка барууну убада кылды.