№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
2012-жылдын 18-сентябрында саат 17:30дарда Тараз-Талас-Суусамыр кан жолунда 3 автоунаа кагышып, анын айынан Мерседес-Бенц 308D үлгүсүндөгү эл ташуучу кичиавтобус жол четине чыгып, аласалып кеткен.
Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын тургуну Талант Айталиев (38 жашта) Ауди-80 үлгүсүндөгү машинасы менен Тараз-Талас-Суусамыр кан жолунда бара жаткан. Ал Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал менен Өзгөрүш айылынын орто ченине жеткенде алдындагы Сыдыкбек Өмүрзаков (56 жашта) башкарган Мерседес-Бенц-208 эл ташуучу кичиавтобусту сол жактан озуп өтмөк болот. Ошол маалда Сыдыкбек Өмүрзаков алдында бараткан Омарбек Жумашалиевдин (55 жашта) эл ташуучу кичиавтобусун шыр озуп өтүүгө аракет кылып, жаңылыштык кетирет. Каш-кабактын ортосунда ал автоунаасы менен Ауди-80ди капталы менен сүзүп, андан кийин кичиавтобусту арт жагынан сүзөт. Мунун айынан маршрутка жолдун түндүк тарабына чыгып, аласалып кетет. Натыйжада 3 автоунаага тең материалдык чыгым келген. 10 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарга кабылып, ооруканага түшүшкөн.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |