ТӨӨ БУУРЧАКТЫН БААСЫ МУРУНКУДАН КӨТӨРҮЛДҮ

№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж

Быйылкы түшүм көптөрдү кызыктырууда. Талас облмамадминистрациясынын агрардык өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Абай Шатманов быйылкы түшүм боюнча мындайча маалымдады: – Азыркы тапта Таласта төө буурчак, картошка кызуу жыйналууда. Талас облусу боюнча 45 431 гектар жерден төө буурчак жыйнала турган болсо, азыркы кезде 3686 гектардын түшүмү жыйналып калды. Баасын айта турган болсок, башында 28 сомдон болсо, учурда сортуна жараша 37-39 сом. Картошка жаатында сөз кылсак, облус боюнча 14 829 гектар жерге картошка тигилген. Учурда анын 3686 гектарындагы картошка казылып алынды. Баасы сорту жана чоң-кичинесине карап 8-10 сомдун тегерегинде. Бирок баасы жогорулашы мүмкүн. Учурда базардагы эң кымбат жашылча – сабиз. Баасы 25 сомдон түшпөй турат.
Тилекке каршы, быйыл Таласта буудай азыраак. Анткени 10 575 гектар жерге гана буудай себилген (былтыр 11 263 гектар). Жыйнаганда гектарына түшүм 25,1 центнерден болду. Дыйкандар, фермерлер тоют маселесине көңүл бурбай жатышат. Атап айтсак, облус боюнча арпанын аянты 1735 гектарды, ал эми жүгөрү 4833 гектарды гана түздү.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
02.10.2012. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоо бурчактын баасы качан которулот? Чет жакта тоо бурчактын баасы 200 сомдон ашык экен. А бизде болсо 37-39 сом дешет, бул корунуш ото аз да. Былтыр подкомбайндын баасы 36 сом болгон, быйыл 28 сомдон башталды. Министирлер жок дегенде тоо бурчактын баасын 190 сомдон кылып беришсе жакшы болмок. Деги министрлер эмне иш кылышат? Алардын бизге эмне пайдасы бар, тоо бурчактын баасын дурстап чыгара албаса?
05.10.2012. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пасредниктер ортодон жеп атышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо