Эмесе, Ысык-Көлдүн жети акеси тууралуу учкай маалымат. Аке түшүнүгү – тарыхта билгичтиги, акылмандыгы менен калган, элдик уулга эл тарабынан берилген даража. Алар: Карга аке (1718-1828) – 70 жыл бий болгон. Мойт аке (1745-1843) – өзгөчө бийликке эгедер болбосо да дабагер, мүнүшкөр, саяпкер адам болгон. Сарт аке (1780-1865) – «акыл ээси» деп аталып, хан, бийлердин кеңешчиси болгон. Тилекмат аке (1800-1863) – бугу уруусунан чыккан манап. Садыр аке (1821-1905) – кара кылды как жарган калыстыгы менен белгилүү болгон бий. Карач аке (1837-1914) – бугу уруусунун урматына татыган, эр жүрөк адам болгон. Кыдыр аке (1843-1926) – акелердин эң кенжеси.
Буга чейин Курманжан датка жылы белгиленсе, быйылкы жыл – Үй-бүлө, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп белгиленүүдө. Келерки 2013-жылды Акелер жылы деп атоо боюнча сунушту Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун профессорлору өкмөткө кайрылуу жөнөтүшкөн. Бул туурасында ЫМУнун тарых факультетинин мугалими, Көлдөгү жети аке боюнча изилдөөчү Кашынбек Асанбеков кабарлады.