«Город 312» тобу:«БЕК БОРБИЕВ ТИРҮҮ ЭКЕН ДА, ДАГЫ ДЕЛЕ ЫРДАП ЖҮРҮПТҮР :)»

№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж

Борборубуз Бишкектин ысымын, өлкөбүздүн атын чет жерде даңазалап жүргөн мекендештерибиз – «Город 312» тобу Бишкекке конокко келди. Баш калаанын 134 жылдыгына карата 25-сентябрда «Спартак» стадионунда элге бекер концерт берип, гезитибиздин окурмандары үчүн эксклюзивдүү маек куруп беришти.

– Саламатсыздарбы? Кандай келип алдыңыздар?
Дмитрий: – Рахмат. 23-сентябрда учуп келгенбиз. Туугандар, тааныштар менен көрүшүүгө, кээ бир иштерди бүтүрүүгө жетиштик.

– Өзүңөрдү кайсы жердин ырчыларыбыз деп эсептейсиңер?
Ая: – Орус жергесиндеги кыргыз ырчыларыбыз. Бирок биз Орусияда иштеп жаткандыктан, чет жактагылар бизди орусиялык топ катары да таанышы мүмкүн.

– Кайсы өлкөнүн жараны болосуздар?
Ая: – Орусияда жарандыгың жок жашоо өтө кыйын. Ошол себептен топтогулардын дээрлик бардыгы Орусиянын жарандарыбыз. Бирок менде кош жарандуулук бар, Кыргызстандын жана Орусиянын.

– Светлана, эмнеге сизди «Ая» деп чакырышат?
– Москвада жаңы гана таанылып жаткан маалда баарыбыз лакап ат ойлоп табалы дедик. Леон, Дим, Маша. Мен Алармия деген атты тандап алгам, эмнеден улам экенин өзүм да билбейм. Аны кыскартып отуруп Ая болуп калдым. Бишкекке Ник деген барабанчыбыз да келген. Ал ооруп мейманканада жатат.

– Сакайып кетишине тилектешпиз. «Кыргызстанды жакшы көрөбүз» деп айтып эле келесиңер. Өлкөнүн өсүшүнө кандай салым кошуп жатабыз деп ойлойсуңар?
Ая: – Биз көп жылдан бери жалаң гана ошол максатта Орусияда иштеп, Кыргызстанга аз да болсо салым кошолу деп жүрөбүз. Азырынча кичинекей өлкөбүздү чет жерде таанытып жатканыбыз, кичине болсо да салымыбыз десек болчудай. Кайсы жерге барбайлы, кыргыз жери тууралуу айткандан тажабайбыз. Биз Ысык-Көлдү, Кыргызстанды эскербей кеткен бир да интервью болгон эмес.

– Бишкекке келип-кетип турасыңар. Шаардын өзгөргөнү сиздерге көбүрөөк байкалып жатса керек...
Ая: – Жакшы жакка өзгөрүү бар. Революциядан кийин аз гана убакыт өтсө да, жакшырып баратканын байкадык. Мэрдин, мэриянын командасынын иштеп жатканы байкалып турат. Кечээ президент Алмазбек Атамбаев менен жолуктук. Ажо менен сүйлөшүүдөн кийин бизде баары жакшы болот деген ишеним пайда болду. Президент «Кыргызстандын күн санап жакшырышы, өсүшү үчүн колумдан келгенин жасайм» деп айтты. Көрөсүңөр го, бир күнү биздин өлкөбүздүн аты да дүңгүрөп чыга келет.

– Ырчылыктын артынан дүйнө кезип калдыңар. Кайсы өлкө эмнеси менен эсиңерде калды?
Дим: – Бельгия, Голландия, Израиль, Греция, Германия, Америка, Канар аралдары, Кипр жана башка көп жерлерде болдук. Дубайдан кыргыздар ачкан «Город 312» аттуу кафени көрүп аябай сүйүндүк.
Ая: – Мен Венгриянын борбору Будапешттин архитектурасына ушунчалык суктандым. Архитектурасы суктанарлык болгону менен, абалы кейиштүү экен. Шаар каралбай калган, таза эмес. Парижди көргөндө да жаман болдум. Ал жакта да тазалык жок. Көрсөң уяласың. Эл аябай көп. Автотыгында эле 40 мүнөт турдук. Ал эми мага жаккан шаар Киев, Баку болду.

– Москвачы?
Дим: – Москва биздин экинчи үйүбүз болуп калды да.
Ая: – Биз ал жакта жашайбыз, иштейбиз. Эгер жумушум болбогондо мен Москвада эмес, Ысык-Көлдө жашамакмын.

– Кыргызстанга тойлорго, кечелерге чакырып калышабы?
– Ооба, болот. Бир тойдо бизге жылкы белек кылышкан. Чындыгында, ал жылкыны дагы деле көрө элекпиз. Башында ишенип алып, «кантип алып кетебиз?..» деп ойлоно баштаганбыз. Бирок андан бери канча убакыт өттү, дайыны жок. Жүргөндүр, биздин ак боз ат кайсы бир жайлоодо...

– Атактуу топ бош убакытты кантип өткөрөт?
Леон: – Кичинекей балам бар. Жубайым экөөбүз бош убактыбыздын баарын ошол наристебизге арнайбыз.
Дим: – Маша экөөбүз деле кичинекей наристебиз менен алекпиз.
Ая: – Мен деле үйдө жакын адамдарым менен болгонду жактырам. Үй жумуштары толуп калат, аларды аткарыш керек болот.

– Кыргыз эстрадасынан кайсы ырчыларды тааныйсыңар?
Ая: – Азыркылардан тааныбайбыз.
Леон: – Ырыскелди Осмонкуловду билебиз.
Ая: – Алар мурда деле ырдашчу да. Азыр «кайсы ырчылар бар экен?» деп афишаларды карап калабыз.
Дим: – Баса, мен афишадан Бек Борбиевди көрбөдүмбү! Көрүп алып «оо, Бек дагы деле тирүү экен» дедим (күлүп). Анан да концерт берип, ырдап жүрүптүр.
Леон: – Кечээ музыкалык училищеге барып калып, Жамиля Муратованы көрдүк.
Ая: – А мени Искусство институтуна киргизбей коюшту. Видеого тартып алайын десем, проректор артын салып туруп алып, «тартканга болбойт, жакшы бар» деп койду. Өзүбүз окуган окуу жайга кире албадык. Мына ушундай мамиле жасашты.

– Эми маегибиздин акырында жеке жашооңор тууралуу кыскача айта кетсеңер...
Маша: – Менин жолдошум ушул топтогу Дим. Экөөбүздүн бир балабыз бар.
Леон: – Мен да үй-бүлөлүүмүн. Балам бар.
Ая: – Жеке жашоом жөнүндө айткым келбейт. Менде баары жакшы.

– Маегиңерге рахмат! Ишиңиздерге ийгилик.

Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Город 312" тобу "Бек Борбиев тирүүбү?" деп таң калышты 28-09-2012

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
29.09.2012. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Parij jonundo tuura aityshty, men da razocharovanie bolup kaitkam, men kutkondoi bolboi kalgan :((
SUPER.KG видео
29.09.2012. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз Силер менен сыймыктанабыз! Бар болгула!!!
SUPER.KG видео
30.09.2012. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодчины,мы гордимся с вами.удачи,удачи и удачи!
01.10.2012. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде,Южно-Сахалинскиде да "Город 312"деген кафе иштеп жатат.
Рахмат силерге ,Ая.
01.10.2012. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар! Откондо Москвада Город 312 тобу Якобс Монах уюштурган концертке баргам, бекер :) Аябай сыймыктангам. Ийгилик!
SUPER.KG видео
01.10.2012. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур, кызыктуу. Жанагы биздикилер бар го жасалма, ошооо, анан жакшыыы деген, ага караганда өтө кызыктуу сүйлөп беришиптир.
01.10.2012. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Город-312" аты айтып тургандай эле биздин сыймыгыбыз! Молодцы...
01.10.2012. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Екатеринбургка да город 312 деген кафе ачылган.
02.10.2012. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazi25, К сожелению,ал кафе давно жабылган.:(
01.10.2012. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек Борбиев тируу экен дегени эми дагы деле ырдап журот экен дегени да супер инфо.Башкача ойдо кылып жазып салыпсынар да.
05.10.2012. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да, иногда суперчилер созду бурмалап жиберишет... наверное для интриги... А так "Город 312" ийгилик каалап, рахматымды айтып кетем.
02.10.2012. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
удачи
03.10.2012. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodcy, a pro Parij- eto to4no, ya toje byla v shoke ot gryazi i ot vorov! Sovetyuy tuda ne ezdit'!
03.10.2012. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info k vam odna pros'ba:" Pridumyvaite podhodyashie zaglaviya, a to tak napishete, kak lyapnete..." Izvinite po kyrgyzski ne smogla sformulirovat'
03.10.2012. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Удачи.
03.10.2012. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми теманын мындай аталганы озунчо бир маркетинговый ход да.Раз в конце темы стоит смайлик, то это и ведет к шутке...эмнеге анчалык талкууланды тушунбой жатам...а Париж жонундо: "ТакоЙ грязь" дегени жакты, все таки Кыргызстандыктарда)).Бирок ошондой чон мегаполисте бутка туруп кеткендиги бул чон кучтун жана талыбастан эмгектенгендин белгисиго дейм.Азаматтар!
03.10.2012. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы!
SUPER.KG видео
04.10.2012. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodsi, itlichnay gruppa, mi gordimsya s Vami rebyat, Vy molodsi
SUPER.KG видео
05.10.2012. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектин атын чыгарган чыныгы инсандар экен, шайыр, жонокой, патриот адамдар экен. азаматсынар, бар болгула, анан алга 312 шаары (биша)))
11.10.2012. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы бизде таланттуулар коп колдош керек азаматсынар
SUPER.KG видео
30.11.2012. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы мы вас любим !!!!!!!!!город 312 вперед))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо