№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
Бийкечтер жакын мамилеге өткөнгө чейин кой оозунан чөп албаган жоош, үйлөп койсоң жыгылып кетчүдөй назик келишет. «Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?» дегендей, үй-бүлө кургандан кийин селкиде катылып жаткан кыял-жоруктар сыртка чыга баштайт эмеспи. Мырзалар аялынын сөзүнөн чыкпай, досторунан бөлүнүп, атүгүл туугандары менен да катышпай калган учурлар көп. Мунун себеби эмнеде? Сиз да ушундай күндөрдү башыңыздан өткөрүп жатсаңыз, бул кеңеш сиз үчүн.
ЭРКЕК ӨЗҮ КҮНӨӨЛҮҮ
Шиш таканын алдында калуу» деген түшүнүк англиялыктарда пайда болгон. Ал – үй-бүлөдө эркектин алсыздыгынан улам айымдын үстөмдүк кылуусу. Коомчулук болгондон кийин ал сөз бизге да жетип, аялына баш ийген эркектерди мыскылдаган сөзгө айланды. «Аялына баш иет» же орусча айтканда, «подкаблучник» деген сөз ар бир эркектин намысына тиет. Мындай сөздү уккан эркек үйүнө барып аялына кыйкырып, үстөмдүк кыла баштайт. Бирок бул үй-бүлөдөгү чырдын келип чыгышына жана көпчүлүк учурда аял-эркектин «бокстошуусуна» алып келет. Эки тарап тең психикалык жактан чоң зыян тартышат. Эркектин эрки жоктугу негизги себеп болот. Ушундай абалга эң биринчи кезекте эркектер өзүлөрү күнөөлүү. Анан да аны болтурбоо үчүн, «баланы жашынан, аялды башынан карма» дегендей, үй-бүлө курууга чейинки эки жаштын ортосундагы мамиледен баштоо керек.
КЫЗ-ЖИГИТ КЕЗДЕГИ МАМИЛЕ
Биз, мырзалар, айымдардан айырмаланып, көзүбүз түшкөн сулуунун жүрөгүн багындырууга болгон күчүбүздү жумшайбыз. Эптеп эбин таап таанышып, анан мамилени бекемдөөгө тырышып, жолугушууларды белгилеп, кино, концерт, сейил бакка чакырып, сөздөрдүн гүлүн терип эркелетип, белек берип, чыныгы эркек катары көрүнүүдөн баштайбыз. Бул бир жагынан алганда, айымын чындап сүйгөн чыныгы мырзанын иши. Бирок эсиңизде болсун, мындай мамиленин аягы көпчүлүк учурда сиздин өкүнүчүңүз менен аяктайт. Анткени дайыма айымыңыздын көзүн карай берсеңиз, ал ошого көнүп калат да, башкаруу чылбырын өзүнө алат. Бара-бара өзүнө тиешелүү майда-чүйдө иштерди да сиз аркылуу бүтүрүүгө өтүп, бардык ишке сизди жумшай баштайт. Ал эми сиздин «сүйөм, ошон үчүн баарына даярмын» деген оюңуз өзүңүзгө зыян алып келерин унутпаңыз. Айрым айымдар мырзасы дайыма көзүн карай бергенден тажап, башка менен мамиле түзүүгө да өтүшү мүмкүн.
ҮЙ-БҮЛӨДӨ
Үй-бүлө – эки адамдын биримдигинен түзүлгөн кичинекей мамлекет. Мамлекеттин бекемдигин коргоо үчүн сөзсүз аны жетектеген бийлик болууга тийиш. Кыргыздарда тээ илгертен үй-бүлөгө эркек киши башчылык кылып келет. Бирок үйлөнгөндөн кийин кээ бир эркектер бийликти тарттырып жиберишет. Мунун себеби эркектин алсыздыгы, үй-бүлөнү багуу милдетин аткара албагандыгында жатат. Ушундан улам тартынчаак, жоош айым да тиранга айланат. Анан дос, туугандарынан «шиш таканын алдындагы эркексиң» деген намысына тийген сөздү эшитип, үй-бүлөдө казан-аяк кагышуу күч алат. Мындай абалдан кутулуу жана келечекте анын алдын алуу үчүн төмөндөгү турмуштун жазылбаган мыйзамдарын окуп, ордуңузду билүүгө далбас уруңуз.
НЕГИЗГИ МЫЙЗАМДАР
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |