Жайында жердешибиз Рамазан Никарамазанов (сүрөттө устаты Эмил Токтогонов менен) вале-тудонун ММА версиясы боюнча профессионалдар арасында Азиянын чемпиондук куру үчүн беттеш өткөргөн эле. Казакстандык Махир Мамедов менен болгон биринчи беттеш калыстардын туура эмес чечиминен улам тең чыгуу менен жыйынтыкталып, баасы 4000 доллар турган чемпиондук кур ээсин тапкан эмес. Маселелерин «чечише албай» калган атаандаштар 23-сентябрда кайрадан беттешип, Азиянын чемпиондук курунун тагдыры биз жакка чечилди. Ошентип, тайбокс, ушу-саньда, кикбокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугун бир нече жолу уткан Рамазан жетишкендиктеринин санына дагы бир жеңиш кошту.