Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

НАСЫБАЙ КАНТИП ЖАСАЛАТ?

№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж

Баткенде жүргөнүмө байланыштуу бул жактын дагы бир бренди болгон насыбай тууралуу жазууну эп көрдүм. Макалам толук кандуу чыгышы үчүн профессионал насыбайчы табышым керек болду. Сураштырып жүрүп, насыбай сүйүүчүлөрдүн версиясы боюнча №1-аталган насыбайчыны таптым. Кызыгы, буга чейин бир да журналист наспуруш абамдын үйүнө кире албаптыр...

«БИР ЖЫЛДА 5 ТОННАГА ЧЕЙИН НАСЫБАЙ ӨНДҮРӨМ»
Маектешим мурун кызыл Нива айдап жүргөндүктөн, кардарлары аны «кызыл Нивачан наспуруш» деп таанышат экен. Каарманым ачыкка чыгуудан баш тартып, аты-жөнүн жашырды. Ошондой эле насыбайдын жасалуу ыкмасын коммерциялык сыр деп, чечилип айтып бербеди.

– Насыбай жасоону кимден үйрөнгөнсүз?
– Бул – атамдан калган кесип. Атам насыбай жасап сатчу. 5-классымдан тарта эле аны ээрчип, насыбай жасоонун сырларын үйрөнө баштагам. Буюрса, мен да бул ишимди уулума үйрөтөм.

– Насыбай жасаган кишини насыбайчы дейбизби же башка да аталышы барбы?
– Наспуруш дейт. «Пуруш» деген сөздү тажикчеден которгондо «сатуучу» дегенди билдирет.

– Жумушуңуз оор болсо керек...
– «Жеңил эч нерсе жок» дегендей, мунун да өзүнө жараша түйшүгү бар. Көбүнчө чаңда иштейсиң. Жагымсыз жыттан башың айланат дегендей. Алгач тамекинин жалбырагын тегирменден ундай кылып тарттырабыз. Анан үйлөрдү кыдырып, оттун күлүн жыйнайбыз. Күлдүн да унун алабыз. 5 килограмм күлдөн 1 килограмм уну алынат.

– Насыбайдын кандай түрлөрү бар?
– Мен билгенден Дүйшөмбүнүн насы, Ленинабаддын насы деген белгилүү түрлөрү бар. Алар жасалуу жолу жана формасы менен айырмаланат.

– Баткен насы кандай түрүнө кирет?
– Эң таза жана күчтүү нас Баткендики. Себеби нас жасалчу тамекинин эң таза сорту бизде өсөт. Анан баткендиктердей башка эч ким жакшы карап-өстүрө албайт тамекини. Ошондуктан Өзбекстан, Тажикстандан келип алып кетишет.

– Өзүңүз чегесизби?
– Ооба.

– 5-класстан бериби?
– Жок, 7-класста баштагам. Атамдан жашынып чекчүмүн.

– Насыбай жасагандардын баары 100 пайыз чегишсе керек, ээ?
– Арасында чекпегендер деле бар. Эми насыбай кандай болгонун билиш үчүн чегүүгө туура келет.

– Буга балээнин баары кошулат дешет. Мисалы, тооктун кыгы. Ушул чынбы?
– Жок. Насыбайдын айрым түрлөрүнүн тооктун кыгына окшошуп кеткени мындай сөздөрдүн чыгып кетишине таасирин тийгизгендир...

– Насыбай жасоо менен жетиштүү киреше табууга болобу?
– Жашап жатабыз. Үй-бүлөмдү багып жатам. Там салдым. 4 балам бар, аларды окутуп жатам. Кызыл Нивам бар эле, ал кызыл Жипке айланган.

– Бир жылда канча насыбай өндүрөсүз? Сезон деген түшүнүк барбы сиздерде?
– Бизде сезон деген түшүнүк жок. Муну жайы-кышы чеге беришет. Болгону, сакталуу мөөнөтү 6 ай. Үйүмдөгү цехте жасайм. Аны заводум деп коём. 3 жардамчым бар. Бир жылда 5 тоннага чейин насыбай өндүрөбүз. Менин товарым Орусияга чейин кетет. Бишкекке чейин «доставка» кылып берем.

– Килограммын канчадан сатып жатасыз?
– Азыр орто эсеп менен 120 сом болуп жатат.

– Сиз билгенден насыбайдын адамга кандай пайдасы жана зыяны бар?
– Зыянын билбейт экенмин... Пайдасын айтсам, аллергия, грибок сыяктуу оорулардан арылууга жардам берип жатканын угуп жүрөм. Баткенде аялдар да чегерин угуп жатсаң керек. Аялдар дарылык максатта пайдаланып, анан организми көнүп, көз каранды болуп калат. Жеке мен өзүм да чегем. Зыянын көрө элекмин. Эл катары эле жашап жүрөм, ата болуп.

Насыбай байыртадан эле Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан, Казакстандын түштүгү жана Кытайдын батышында колдонулуп келген. Учурда Түркмөнстанда насыбайды жасоого жана сатууга тыюу салынган. Насыбай тамеки өсүмдүгүнөн жасалгандыктан, организмдин никотинден көз каранды болуусуна алып келет. Ошондой эле аны чегүү тиш, ичеги-ашказан оорулары жана ооз көңдөйүнүн рагына алып келиши мүмкүн деген маалыматтар бар.

НАСЫБАЙ ЖАСООНУН ЖОЛУ
1. Наcыбай жасалчу тамеки кадимки тамекиден жапыз өсөт. Алгач парникте көчөтү өстүрүлүп, кийин талаага тигилип, 100 күндүн ичинде бышат.
2. Бышкандан кийин жалбырактары үзүлүп үйгө алынып келинип, көлөкө жерде кургатылат. Күнгө кургатса саргайып кетет. Андан соң кургатылган жалбырактар тегирменде ундай болуп тартылат.
3. Насыбай жасоодо тамеки жалбырагынан тышкары жыгач отундун күлү, тоодо өскөн үлкөн (эл арасында ширеч деп да айтылат) чөптүн тамыры, суу, акиташ керектелет.

P.S. Биз насыбай тууралуу макаланы жарнамалоо максатында эмес, кызыктуу маалымат катары бердик.

Базарбек Абдураимов
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
03.10.2012. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пайдасы ташка тийсин,зыяндан башка эч нерсеси жок
03.10.2012. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пайдасы ташка тийсин,зыяндан башка эч нерсеси жок
10.10.2012. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oozdu sasytyp!!! Kyzyl Jeep minbei it ele minip kalsyn
13.10.2012. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toma, хе-хе ошентсин!!!
14.10.2012. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тамекиден жаман бул неме , чычкандын корголундай болуп!!!
18.10.2012. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм мен уккам насыбайды тооктун жана төөнүн кыгынан жасайт деп көрсө бул калп турбайбы?!
27.10.2012. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
насыбайдын кумары тамекиденда жаман дешет, эн негизгиси чеккенден кудай сактасын!
16.11.2012. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйман берсин баарыбызга Аллахым!
16.04.2013. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм,билбейм менин папам чегет эле сигарет зыянынан коп, насывайдын зыяны жок деп, азыр болсо эми спортсмен жолдошуп дагы уйронуп алыптыр, чекпе десем кайнатам деле чегет го дейт!!!!!!!
30.04.2013. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
насвай чегуу ден соолукка зыян!!! бирок чегип атпайсынарбы делдиреп!!!
27.06.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз 3 же 4 класста окуп жургондо бир кошуна чон ата бар эле ошол нас алып келип бергиле деп жоноткон эле насты алып келип берип озубузго кичине нас алып алган элек кызыккан элек чегишке анан тоого чыгып чегип коргонбуз башыбыз айланып кусуп жатып калганбыз 2 саатта озубузго келгенбиз ошондон кийин нас чекпей турган болгонбуз азыр 17 жаштамын кудайга шугур эч нерсе чекпейм ичпейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо