Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ӨЗҮМДҮ КЕЧИРЕ АЛБАЙ ЖАШАП КЕЛЕМ»

№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж

– Кайда барасың?
– Ишиң эмне?! Мен бүгүн келбейм...
– Андан ары көзүмө көрүнбөй жоголуп кет!..
Эшикти тарс жаап, галстугумду чала байлап, жулкуна машинама түшүп жөнөп калам. Менин күндөрүм акыркы үч жылдан бери ушинтип башталчу болду. Жумушка барам, андан ары кыздар, той, тамаша...
Мен качан ушул нерсени адатка айлантып алдым? Адамдар, айрыкча аялдар «акчабыз көп болсо, укмуш жашасак экен...» деп ойлошот. А бирок бечаралар так ошол акча алардын күйөөсүн бузарын билишпейт.
Жубайым Наргиза алгач ыйлады, сыздады, төркүнүнө кетип калды балдарды алып, кийин айласы жок көнүп берди. Мен муну өзүмдүн жеңишим деп билдим. «Аял дегенди ушинтип кармаш керек» дедим ого бетер керсейип. Өзүм менен өзүм болуп жүрүп балдарымдын кандай чоңоюп калганын байкабай калыптырмын. Кезектеги «чоң казатта» мен уруп жаткан апасынын үстүнө түшө калып чырылдаган кызымды жиним менен түртүп жибердим. Кызым сенделе бурчка барып туруп калды да:
– Мен сизди жек көрөм!- деди.
– Эмне-е?..
– Апамды эмнеге урасыз?! Эмне кылды сизге?!
Өзүмө келип соолуга түштүм. Калчылдап мени тиктеп, көзүнөн каары чыгып турган 12 жашар кызды эмес, чоң адамды көргөндөй болдум. Шалдайып отуруп калдым. «Качан булар чоңоюп кетишкен?..» дедим ичимден. Ошондо балдарымдын менден алыс чоңоюп калганын байкадым. Мен келсем тамак жеп жаткан жеринен туруп же сыртка чыгып кетишет. Мага эң оор жаза ошол болду. Аны да аялымдан көрүп «сениби, шашпа, акмак, балдардын көзүнө мени желмогуз кылып көрсөтүп жатасың!..» деп кекендим. Ошол күндөн баштап аялым менин эң биринчи душманыма айланды. Эми ачык эле анын көзүнчө көңүлдөштөрүм менен сүйлөшүп, жасанып чыгып кеткенге өттүм.
Бул арада мен бир аялды жактырып калдым. Ажар мени эмнеси менен арбап алды билбейм, менден алты метр алыс качып жатканына да карабадым. Эркектер табиятыбыздан аңчы болот окшобойбузбу. Канчалык өзүнө жолотпой качкан сайын, аны жеңүү менин кумарыма айланды. Бир максатты көздөсөм, ага баары бир жетем. Артынан калбай жүрүп Ажарды да макул кылдым. Биротоло сөзүбүздү бекемдеп, мен үйүмдөн чыгып кете турган болдум.
Ошол күнү аялым жумушта, балдарым сабакта кезде үйгө бардым. Эч ким менен урушуп-талашпай эле, акырын кетип калууну чечтим. Кийимдеримди салып, өзүмө тиешелүү документтерди таппайм. Үйдү чаң ызгыта тинтип айлам кетти. Акыры ачкыч менен бекитиле турган шкаф бар эле, ошол көзүмө урунду. Бир уруп ачтым. Издегенимди таптым. Нике тууралуу күбөлүк, менин паспортум жана бир нече кагаздар жүргөн экен. Көңүл коюп карасам, аялымдын медициналык баракчасы экен. Ошондо гана шкафтын ичи дарыга толо экенин көрдүм. Рак! Аялым рак менен ооруп жүргөнүнө бир жыл болуптур. Шалдырап колумдан кагазым түшүп отуруп калдым.
Өмүрүмдө биринчи жолу корктум. Балдар эмне болот? Мен эмне болом? Үй-жай, урук-тууган?.. Акыркы жылдары эч ким менен ишим болбоптур. А Наргиза үйдү, сыртты, тууган-туушканды, катышты, баарын өзү тейлеп келген.
Канча отурдум ким билет, эшик ачылып Наргиза кирип келди. Тобо, ал ушунчалык карып кеттиби? 37 эле жашта го... Эмне көрдү бул өмүрдө байкушум? Экөөлөп бизнес баштаганбыз. Мага жардам берип жүрүп эле эки баланы төрөдү. Эми жашообуз жашоого окшошуп баратканда менин таскагым чыкты. Ал бөлмөгө бир көз жүгүртүп алып, оор улутунду.
– Кетесиңби?- деди чарчаңкы.
Унчуга албадым. Ал ордунан туруп баратканда баракчаны бетине такай бердим.
– Бул эмне, ыя?
– Бул – оору, бул – өлүм...- деди жай гана.
– Эмнеге мага айткан жоксуң? Эмнеге жашырдың?- дедим демите, колум көнүп калгандай көтөрүлүп.
Наргиза мени таң кала тиктеп алды. Бакырайган көздөрүнөн аккан жашты көрүп, колум өзүнөн-өзү түшүп калды.
– Эмнеге жашырдың? Эмне кылам эми?
– Бара бер, колуңду кармабайм...- деди аялым.
А мен кете албадым. Ошол күнү кечке шаар аралап басып жүрдүм. Көз алдыма жубайымдын жаш кези, үмүткө, сүйүүгө толгон жүзү тартылып баратты. Ишенбейсиңер, бирок ошол түнү мен аялымды гана өмүр бою сүйгөнүмдү түшүндүм. Башка аялдар жөн гана көңүл ачуу, адреналин экен. Атүгүл Ажар да... Таң агарганда гана үйгө келдим. Наргиза уктап жаткан экен, анын кубарган жүзүнөн сылап отуруп көзүмдөн жаш тегеренип, жаак ылдый агып турду.
– Ал аял менен бактылуу болушуңду каалайм!..- деди көзүн ачпастан.
– Жок! Мен акмакмын! Мен билбепмин, бактым жанымда экенин аңдабапмын!
– Мен балдарым үчүн аты жаман ооруну жеңем. А сен бара бер...- деди.
Бирок ал айткан сөзүнө турган жок. Ооруну жеңе албай жүрүп, бир жылдан кийин каза тапты. Бир күн да жанынан чыккан жокмун, алып барбаган доктурум, таппаган дарым калбады. Өмүрүнүн акыркы күнү гана мени карай жылмайып: «Сен эсиңе келиш үчүн мен оорушум керек болгон турбайбы. Мен сени кечирдим!»- деди. Бирок мен өзүмдү кечире албай жашап келем.

Азамат
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(50)
01.10.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кээде аялдар деле куйоонун баркын билибейбиз,бир аяш куйоосун катуу кармайт,туугандарына акча берем дедиби бутту уруш,кайын энеси келсе жатып алып мени ким ойлойт деп акырайып жатып алат,уйдо ал каалагандай болот баары,куйоосуно заар создорду чачат,ошондо деле куйоосу аны менен жашап журот,а биз болсо бул куйоосунун башын айландырып алган го деп тан калабыз,анткени акыркы кундору куйоосу ата энесин мурункудай сыйлабай алыстап эле калды!
08.06.2013. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
istina, чынында аял табылат,бала табылат бирок бир тууган ата энени таппайсын,эркек деген эркектей болсо,катындын козун тиктебей,андай эркектерди эркек деп эсептебейм...куйоомдун да андай болушун каалабайм...биз туугандарыбыз келгенде суйунуп тосуп алабыз,кайненеме апама алып бербегнди аперем.анткени куйоомду суйом
01.10.2012. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен азыр отуруп ыйлап жатам, бул чыныгы жашоодо болгон турмуш.Менин да козумдон жаш жаак ылдый агып жатат.
01.10.2012. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх ото кечигип тушунуптур гооо.......
01.10.2012. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх ото кечигип тушунуптур гооо.......
01.10.2012. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy boluptur saga oshol kerek ele ozu!
01.10.2012. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял барды да жокту да которот, ал эми эркектер кучу болгону менен эрки жок.
03.10.2012. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Peri12, Таамай айтылган, эркек болсом да сага 100% кошулам.
01.10.2012. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акмак экенсиз
01.10.2012. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аянычтуу
01.10.2012. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охх ... окуп алып журок ооруп кетти.
02.10.2012. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuugandar super infogo kantip kat jonotsom bolot????
02.10.2012. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maksi87kz, admin@super.kg электрондук дарегине катыңызды жиберсеңиз болот.
02.10.2012. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mende azur en jaman kundorum bolup atat biroo menen boluwposom jarulup ketem. Kimden jardam surawumdu da bilbei atam
02.10.2012. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйладым окуп
02.10.2012. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анчалык катуу айта бербегиле сынчынын сынар отугу майрык дейт бир куну башынарга келип калганын байкабай калабыз
02.10.2012. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми балдарынызга канчалык жакындасан да алар сиздин жаман жактарынызды эстеп энесиндей жакшы коро алабы сизди? Ошон учун колдо бар алтынды баалай билиш керек баарыбыз кийин окунуп калбай
02.10.2012. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай эркектер эркектер! После пожара не надо дегендей аялындын баркын барында билишин керек болчу. Акмак адам экенсин!
02.10.2012. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйлатчу окуяго эгер болгон окуя болсо
02.10.2012. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
козумон жаш агып кеттигооо
02.10.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх тагдыр тагдыр.козумдон жашым агып кетти .
02.10.2012. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тобоо кудай сатасын ушундай нерселерден.бири бирибизди.суйуп сыйлап эле журолучу.журогун ыйлайт го окуп алып.
02.10.2012. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koz jawymdy jakwy ele karmaiyn dedim, birok, bolbodu. Typ ete jaak yldyi kulai berdi.
03.10.2012. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аянычтуу окуя экен, бактылуу омурдон бир узум болуп элесин калтырып кетип калыптыр, «Сен эсиңе келиш үчүн мен оорушум керек болгон турбайбы. Мен сени кечирдим!».не болсо да аялбызда, баарын кечиребиз...
03.10.2012. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болгон окуябы?болбогонбу кыскасы бир эле муноздомо Кыргыз байыса катын алат ошо
05.10.2012. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жубайынызды убагында колдоп, барктабаганыныз да. Эми балдарынызды каран камкордукка болоп.
07.10.2012. 06:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи рак оорусун таарынычтын оорусу деп коет, бул оору эженин тукумунда болгон кундо дагы СИЗ аны эртелеетиниз деген ойдомун. Сиздин кылганыныз кечиримсиз жана балдарынызга карата саткындык деп баалаймын. Кандай болгон кундо да, дагы да болсо кеч эмес деп ойлоймун. Азыр балдарынызга камкордук керек, жылуу мамиле кылып жакын адамы болгонго аракет кылыныз.
Баардыгы оз колунузда, дегеним балдарыныз бой жетет сиз каарыйсыз...
11.10.2012. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми аялындын кадырын; баркын сезсен болду???????????
12.10.2012. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
козумон жаш тогулуп кетти.эженин арты кайрылуу болсун.калган омур жашын балдарына берсин.
13.10.2012. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жанылбас жаак,мудурулбогон туяк жок,жакшысы эсине келип,бала-чаканды карап калганын болуптур,ошондо эсинди жыя албай чыгып кеткенинде,кочодо калмаксын самтырап....
08.11.2012. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай ыйлагым келип кетти,кийинки убакта ушу оору аябай куч алып кетти
19.11.2012. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп алып ыйладым ото аянычтуу тагдыр экен,ушундан кимдир бироолор озуно сабак алышаар балким
07.12.2012. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колдо бар алтындын баркы жок деген ушул турбайбы.Оло электе баркын билбегенден кийин, эми окунгонгондун эмне кереги бар.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо