Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бек Борбиев:«КЫМБАТЫМ, РАХМАТ САГА!»

№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж

Башталышы – 18:40
Аталышы – «Күзгү жалбырак»
Алпаруучулар – Асел Турдалиева, куудул Абды Кыдырматов
Көрүүчүлөр – Филармониянын 90 пайызы (24-сентябрь күнү)
Эң мыкты номер – Бектин аккордеондун коштоосундагы ырлары

Ырчы эмнеге концертти кечигип баштайт? Кыргызбыз да, элди күтөт. Билет сатылып кеткен, бирок келчү эл жок, анан зал толсун деп үмүткөр болуп көшөгө артында тура беришет... Ошентип, Бек Борбиевдин быйылкы жылдын эсеби менен 2-жолку концерти билетте көрсөтүлгөн убактан 10 мүнөт өтүп башталды. Көшөгөнү «Кыргызстан» деген патриоттук ыры менен ачты. «Кандайсыздар, жакшысыздарбы? Бүгүн дайымкыдай карапайым концерт болот» деп учурашты Бек. Кечигип келгенге көнгөн калк экенбиз, улам бирден, экиден жетелешип, караңгыда кайсалап орун таппай жүргөндөр концертти көрүүгө тоскоолдук кылып жатышканын сезишпеди...
Берадор «Уулуң мага окшогон» аттуу ырын аткарардын алдында «менин жашоомо тиешеси жок. Ырлар сиздердин, биздердин турмушта болгон көрүнүш, сезимдерден жаралат да» деп актанып алып ырдап кирди. Дал ушул ырын аткарып бүткөндө Бекти көздөй колуна гүл көтөрүп, уулун жетелеген айым чыгып баратат сахнага. Ушул жерде залда саамга чымындын үнү угулбай калып, анан ар кайсы бурчтан күлкү чыга баштады. Бек мырза «эмне күлөсүздөр? Уулу мага окшош бекен? Бул менин бала кезден берки досум Кымбат, жанындагы – уулу. Рахмат сага, Кымбатым» деп жылмайды.
Концертти Асел Турдалиева менен куудул Абды Кыдырматов алпарып жатышкан. Бир убакта Асел айым адатынча сахнадан түшүп элди аралай ырдаган соң алпаруучулукта Абды гана калды. Музыкалык аспаптарда Жаныш Момунов менен бирге анын командасы болду. Бул күнү жалаң гана Бек Борбиев ырдабастан, Алишер Тоотаев, Нурлан Насип, Алтынбек Алымов, Курал Чокоев, Өктөм Сапар уулу да ырдашты.
Концертти ортолой Абды Сүйөркулов атындагы фонд ырчыга ак калпак кийгизип, чепкен жаап, конверт карматты. Эми Фарида жеңебиз тойго кийит издеп убара болбойт :) Анткени Бекке концертинде эки чепкен, эки калпак түштү. Өзү иштеген «Кыргызпатенттеги» кесиптештери да чепкен жабуу салтын жасашпадыбы.
Бек кайсы гана ырын ырдабасын, «Керемет» бийчилер тобу жандап бийлешти. Бирок Ала-Тоодон алыс кетип, чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибизге арналган муңдуу ырда алка-шалка түшүп бийлештин кереги бар беле? Ушул жерин ойлонбой калышыптыр. Жаш бийчилер ырдын маанисин анча аңдай беришпейт өңдүү...
Кубик Калыков сахнага чыкпай абдан буулугуп калыптыр. Дегеним, Кубиктин куюлушкан күлкүлүү, куйкумдуу ыр саптары, макалдары бирде муютса, бирде уялтты. Уялтты дегеним, «туздуу» сөздөрдү жамактатып ийди кайран Кубик.
Бектин концертинде эң эле эл колдоп, кошо ырдаган жери дайыма аккордеон менен аваз салганы болот. Кыскасы, сахнаны жасайбы- жокпу, артисттерди чакырабы-коёбу, элге Бек кызык, ырлары жагат, ошон үчүн барат, ошон үчүн сыйлайт. Өкмөт ыраа көрбөй жүрсө да, Бек Борбиевге «Эл артистин» дал ошол эл канча жыл мурун эле берип койгон.


Сары жалбырак...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
29.09.2012. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерт аябай жакшы болгонго Бек байке мындан дагы коптогон жаны ырларды жаратта бериниз чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
SUPER.KG видео
29.09.2012. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектин кыяк менен ырдаган ырлары озгочо жагат. Бек чыныгы кыргыздын уулу! Бар бол Бек!
01.10.2012. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура айтасын,Бек Борбиевге эл эчак эл артисин берип койгон!
01.10.2012. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бек Борбиев Туболукко !
SUPER.KG видео
01.10.2012. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байкенин концертине баргым келип жүрдү эле, жетишпей калдым. Ырларын жандуу аткарганда ушунчалык эс ала түшөсүң да!
SUPER.KG видео
01.10.2012. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байке сиз кыргыздын эн таланттуу уулусуз! Супер-инфо силерге рахмат, концертти толугу менен бериниздерчи сураныч!
01.10.2012. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
klass Bek Borbiev alga
01.10.2012. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уктоочу бөлмөдөн халатчан чыга калгандай болуп калыптыр, бийчилердин кийими. Кыздар ушуну байкабады бекен? "Тамчы шүүдүрүмгө" "Агаманын" сулуулары сонун бийлешчү эле, ошол нерсе жетишпей калат экен.
01.10.2012. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура бийлеген кыздардын формалары начар
02.10.2012. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
biychilersiz ele sizdi el jakshy korot, emnegedir buichiler kork koshpoi ele buzup salgandai, "sary jalbyraaaaaak" dep sozup atsa buichiler kaisy tempte builep atyshat. Tuulgan kununuz menen!!!!!!! Ishterinizge uigilik, dagy da bolso sizden jagymduu yrlardy kutobuz
02.10.2012. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
10 эле минут кечиктиби анда оз убагында баштаптыр.
02.10.2012. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ош тарапка качан концерт койуп келет ?Бек байке,
SUPER.KG видео
04.10.2012. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыныгы кыргыздын ырчысы БЕК БОРБИЕВ!
04.10.2012. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суперсин Бек братан!
05.10.2012. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макаланын автору жазылбаптыр го?
05.10.2012. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер концерт болуптур эх барбай калыпмын да!
SUPER.KG видео
05.10.2012. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байке супер концертти толугу менен киргизгилечи
16.10.2012. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БЕК БОРБИЕВ Ты самый наилучший!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо