№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
«25-сентябрда Бишкек шаарынын 134 жылдык майрамын куттуктап, кыргыздын сахна жылдыздары жана «Город 312» тобу борбор калаада концерт берди. Майрамдык концерт шаңдуу өтүп жаткан кезде сахна артында ырчылар нааразы болчу окуя болуптур. «Шаардын вице-мэри Вячеслав Красиенко чакырылган ырчыларды «сен ырдайсың, сен ырдабайсың» деп иргеп, Эмгек сиңирген артист Динара Акулованы, «Non-Stop» дуэтин, «Тумар КР» бий тобун сахнага чыгарбай коюптур» деген кептер концерттин эртеси эле интернет булактарына чагылгандай тез тарады. Бул маалыматты ырчылардан тактоого аракет жасадык.
Динара Акулова, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
– Кезегибизди күтүп турганбыз. Анан эле программада жок бир топ ырчылар чыгып ырдап, убакытты созуп туруп алышты. Кезек мага жетерде шаарыбыздын мэри Иса Өмүркулов чыгып сөз сүйлөп, анан «Город 312» тобун чакырды. Ырдабай калган ырчылар «коноктордун концерти канчага созулат?» деп сураганыбызда «бир жарым саат» деп жооп беришкенинен күтүп отурган жокмун, кетип калдым. Бул концертте жалгыз мен эле эмес, жанымда турган көптөгөн ырчылар ырдабай калышты.
«Non-Stop» дуэтинин продюсери Алексей Сидоров:
– Бизди чакырышканынан даярданып барганбыз. Программа боюнча, «Non-Stop» дуэти «Город 312» тобунун алдында «Кыргызстаным» ыры менен чыкмак. Бирок уюштуруучулар абдан көп ырчыларды чакырып алышып, кээ бирлерине убакыт жетпей калды. Жергиликтүү ырчылар саат 19:45ке чейин ырдап бүтүшү керек экен. Мындай мамилеге таарындык. Бирок эмне кылмак элек? Уюштуруучулар кечирим сурашты. Биз түшүнүүгө аракет кылдык.
Бишкек шаардык мэриясынын Маданият башкармалыгынын жетекчиси Малдыбай Кайыпов:
– Ырчыларды «Кыргызстан Обондору» менен «Европа +» радиолору чакырышкан. Убакытка карабай көп ырчы чакырып алышыптыр. Ошол себептүү эрте келген ырчылар ырдап, кечирээк келгендери ырдабай калышты.
Бул жооптордон улам радиолор арасындагы тирешүүлөр мамлекеттик деңгээлдеги концерттерге өз таасирин тийгизет деген ойдо калдык. Анткени мааракеде ырдабай калган «Non-Stop» дуэтине «Тумар» радиосунун жетекчиси продюсерлик кылат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Кудайым биздин депутаттарга акыл бергендего.
Эмнеге асманга учпайбыз
Билесинби кыргыздардын амалын
Бирин бири кыркып турат канатын
сахна кенчи сиздин ырды ырдайбыз.
Аруу максат,ак тилекте жаралсын
Келечектин адамысыз чамданыз!!!