«Евразия жылдызы» аталган Гүлжигит Калыков алгачкы ирет түштүк жергесине концерт коюп барганы камынып жатат. Ал 2-3-4-октябрда Ошто, 5-октябрда Жалал-Абадда күйөрмандары менен жүз көрүшөт. Албетте, ырчы жигиттин күйөрмандары анын бир гана чыгармачылыгына кызыкдар болбостон, жеке жашоосун да көз жаздымда калтырышпайт. Дегенибиз, бул аптанын башында Гүлжигиттин Нурмат Садыровдун «Жүрөгүм» аттуу ырынын клибине тартылган Элвира аттуу сулуу менен өбүшүп турган жана ал кыз экөөнүн бала көтөрүп түшкөн сүрөттөрү интернет булактарына жүктөлүп, сүрөттүү видео интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууга алынды. «Гүлжигит үйлөнгөн, баласы бар» дегендер да бар. Муну ырчы эмне деп түшүндүрөт, сүрөттөгү кыз эмне жооп узатат, кызыгып көрдүк.
Канат Култаев, Гүлжигит Калыковдун продюсери:
– Бул жерде таң калычтуу деле нерсе жок. Ал катардагы эле кыздардын пиар видеосу деп ойлойм. Азыркы кезде Гүлжигиттин артынан бул эки кыз гана эмес, миңдеген, он миңдеген кыздар чуркап жүрүшөт. Ал сүрөттү интернетке жүктөп, балким, мактангысы келгендир?.. Кыздардын мындай кадамга барганы – Гүлжигитти сыйлабаганы. Өбүшүп жаткан сүрөт боюнча, жөн гана учурашып же достору менен ойноп жатса керек. Эгер чындап эле өбүшсө, анда сүрөткө тарткан үчүнчү адам болмок эмес да... Мисалы, мен башка бирөөнүн көзүнчө өбүшмөк эмесмин.
Элвира Жумалиевага кайрылганыбызда, алгач:
«Видеону мен жасаган эмесмин. Интернетке аны Сымбат деген бир кыз жүктөптүр. Бирок ал кыздын өзүн таппай жатабыз. Гүлжигит экөөбүздүн мамилебиз тууралуу эч нерсе айта албайм. Кыз-жигит эмес болсок, жөнү жок эле андай сүрөттөргө түшө бербейт болушубуз керек...»- деген.
Анан ойлондубу, балким, ырчы жигит экөө акылдаштыбы, кайра чалып «Гүлжигит экөөбүз доспуз. Курбу кызым төрөгөндө аны көргөнү чогуу барып, анын баласын көтөрүп ушул сүрөткө түшүп калганбыз. Экөөбүздүн балабыз жок, кыз-жигит эмеспиз. Өбүшүп турган сүрөт боюнча, учурашып жатып эле ойноп түшүп койгонбуз» деген жооп узатты

Бирөөлөрдү дайынсыз каралабайбыз!