Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАБИТТИ АЧКАН АЧУУ САЛАТТАР

№518 5-11-Октябрь, 2012-ж

Күзүндө айымдар кыштын камын көрүп, салаттын түрүн жасашат. Айымдарга жардам иретинде жасоого жеңил болгон, табитти ачкан ачуу татымалдардын рецепттерин сунуштайбыз.

«ЧЫМЧА»
Капуста чымчасын закуске, гарнир катары колдонууга болот. Мындан сырткары бул салат сасык тумоого каршы эң пайдалуу каражат экенин баарыбыз биле бербесек керек.

Керектелүүчү азыктар:
Пекин капустасы – 2 баш
Ачуу кызыл болгар калемпири – 0,5 килограмм
Сарымсак – 300 грамм
Өсүмдүк майы
Туз

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Пекин капустасын жууп, узатасынан тең экиге бөлүп, идишке салып, үстүнө 3 литр муздак суу жана 6 аш кашык туздун аралашмасын куябыз. Үстүнөн оор нерсе менен бастырып коюуну унутпаңыз. Капуста жумшарып, тузу сиңгенче 5-6 күн жылуу жерде турат.
2. Капустабыз даяр болгондо ачуу болгар калемпири менен сарымсакты эт туурагычтан өткөрүп, майга кууруп, аралашма даярдап алабыз. Муну куурубай да жасасаңыз болот.
3. Капустаны муздак сууга жууп, жалбырактарын ажыратып, бетине алгач өсүмдүк майын, кийин аралашмадан сүйкөп, ар бирин өз-өзүнчө оройбуз. Оролгон капусталарды банкаларга тизип, салкын жерде сактоо сунушталат.

«ЧЕРТОПОЛОХ»
Бул салат эл арасында ар кандай аталышта, “приправа”, “чертополох”, “кобра”, “огонёк” деп аталып жүрөт. Салат куурулуп, кайнатылбагандыктан, мында витаминдер "тирүү" сакталат. Нан, манты, оромо, жана палоо менен жегенге ыңгайлуу.

Керектелүүчү азыктар (10 литрге):
Помидор – 8 килограмм
Кызыл болгар калемпири – 7-8 даана
Ачуу болгар калемпири – 2-3 даана
Сарымсак – 300 грамм
Хрендин тамыры – 200 грамм
Аспирин таблеткасы – 10 даана
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Помидордун таза бышканын, өтө ширелүү эмесин, эттүүсүн тандаганыңыз туура. Ал эми калемпирдин мүмкүн болсо кызылын алганга аракет кылыңыз. Эгер салатыңыздын өңү сизге маанилүү эмес болсо, анда жашыл сортун кошсоңуз болот.
2. Тандалган жашылчаларды жууп-тазалап, эт өткөргүчтөн өткөрөбүз. Кулагыңызга күмүш сырга, хренди өткөрүп жатканда эт өткөргүчтүн башына целлофан баштык кийгизип бекем байлап койсоңуз, ачуусу мурдуңузду жарып, көзүңүздү ачыштырбайт. Болгар калемпирин көп кошуудан качыңыз. Татымалыңызды суюлтуп жиберет.
3. Татымына жараша туз салып аралаштырып, банкаларга же желим бөтөлкөлөргө куюп, муздаткычка салып коёбуз. Жеке мен өзүм желим бөтөлкөлөргө куяр замат мүшөккө салып, жерге көмүп коём. Бул – салатты ачытпай сактоонун жана муздаткычтагы орунду туура пайдалануунун эң ынанымдуу жолу.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(6)
09.10.2012. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооох, чертополох! аппетитим ачылып, жегим келип кетти. мммаах! ))) Айрыкча манты менен соонун го...
09.10.2012. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
saya4ka, менден сага 1 литр чертополох! Быйыл болушунча коп жасадым
09.10.2012. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Датка кыз, оо, чын элеби?! Андай болсо мени жыргатат экенсиз! Рахмаааат! Чооон рахмат!
12.10.2012. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аппетити ачат го чын эле меники ачылып кетти
08.11.2012. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чертополок айрыкча беш бармак менен сонун кетет да Таластыктар барбыыы?
16.11.2012. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таластыктар беш бармака коп камыр кошушат да ))))) Нарындыктар сонун жасайт беш бармакты ))))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо