Кичинекей шайтан АНДРЕС ИНЬЕСТА

№518 5-Октябрь-11-Октябрь, 2012-ж

Жыл жыйынтыкталып баратат. Футбол сүйүүчүлөрүн отун алып, кышка даярдануу маселеси эмес, “быйыл "Алтын топту" ким алат?” деген суроо түйшөлтө баштады. Көпчүлүк бул сыйлыкты Испаниянын жана каталондук “Барселонанын” жарым коргоочусу Андрес Иньестага ыраа көрүшүүдө. Бүгүнкү каарманыбыз жакында эле УЕФАнын версиясы боюнча “Европанын мыкты футболчусу” деп табылып, эми ФИФАнын версиясы боюнча аалам мыктысы аталууга бир кадам жакындады.

Жана да...

  • Испаниянын курамында 2008, 2012-жылдары Европа чемпиону, 2010-жылы Дүйнө чемпиону аталган.
  • “Барселонанын” курамында УЕФАнын ЧЛсын 3 ирет
    (2006, 2009, 2011), Испаниянын чемпиондугун 5 ирет
    (2005, 2006, 2009, 2010, 2011) жеңген.
  • “Барселона” үчүн 408 оюнда 41 гол, Испания үчүн 72 оюнда
    10 гол киргизген.
  • Трансфердик баасы – 60 миллион евро.

"КИМ ЭКЕНИМДИ, КАЙДАН КЕЛГЕНИМДИ ЭСТЕЙМ..."
Иньеста жарды аймакта, жарды бүлөдө төрөлгөн. Ата-энеси кара курсактын айынан кафелерде официант болуп иштешчү. Күйүмдүү уул “Барса” менен профессионалдык келишим түзгөн соң биринчи айлыгына апасына үй алып берип, 40 жашка чыккан атасын официанттык кесиптен “куткарган” (ата-энеси эки бөлөк жашачу). “12 жашымда атам 3 ай чогулткан акчасына мага бутса сатып берген. Ал эч качан эсимден чыкпайт. Азыр колумдагы акчаларды көргөн сайын ким экенимди жана кайдан келгенимди эстейм...”- дейт футболчу. Атасынын 3 айлык түйшүктүү эмгегинин артынан сатылып алынган бутса азыр да сакталуу.

...РОМАНТИК
Романтик футболчу сүйүктүүсү Анна Ортис менен 3 жыл жарандык никеде жашап, быйыл 8-июлда мамилелерин мыйзамдаштырышты. Ортолорунда Валерия аттуу
1 жашар кызы бар. Каарманыбыз болочок жубайын бир кечеде көрүп, анын жөнөкөй жана шайыр мүнөзүн жактырган. Сүйүүсүн билдире албай канчалаган таңды уйкусуз атырганын айтып жүрөт. Анна кино жаатында иш алпарат.

ЭМГЕКЧИЛ...
Андрес – чыныгы эмгекти сүйгөн жигит. Муну анын машыктыруучулары эле эмес, бүгүнкү жетишкендиктери да айтып турат. Ошондой эле Андрес көп убактысын англис тилин үйрөнүүгө жумшап, максатына жеткен жайы бар.

ДОСКО БАЙ
Футбол майданы бир гана таймашууну эмес, ынтымак, достук да алып келет эмеспи. Мунун артында Андрес да эсепсиз дос күткөн. Алардын арасында “Барселона” менен улуттук курамдагы оюнчулар жана машыктыруучулардан тышкары футболго тиешелүү ысымдардан Самуэль Это`О, Серхио Рамос бар.

СЫЙКЫРЧЫ
Командадагы Лионель Месси, Хавилер сыяктуу эле Иньестанын моюнунда да өтө чоң жоопкерчилик бар. Көпчүлүк учурда натыйжалуу пас берип келген Иньеста кээде күтүлбөгөн гол киргизип, жеңишти өз тобуна оодарып кеткен учурлар көп. Ушул себептүү ага Каспер, Өлүм, Сыйкырчы, Кичинекей шайтан деген аттар жабышып келет. Анын футбол ойноо стилин изилдеп, ушул күнгө чейин бир жыйынтыктуу сөз айтууга эч кимдин акылы жетпей келет.

...ААЛАМ МЫКТЫСЫНА ТАЛАПКЕР
УЕФАнын версиясы боюнча Иньеста 2012-жылдын "Европанын мыкты футболчусу" болуп табылды. Бул наам анын Испания курама командасы менен “Барсанын” башында туруп жеткен ийгиликтеринин акыбети болуп калды. Эми 11-январда ФИФАнын версиясы боюнча “Дүйнөнүн мыкты футболчусу” наамы тапшырылат. Бул наам үчүн каарманыбыз аргентиналык Лионель Месси жана португалиялык Криштиану Роналду менен тирешмекчи. Командалашы Лионель Мессини ээрден оодарууга анын укугу да, мүмкүнчүлүгү да жетиштүү.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(22)
08.10.2012. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иньестадай оюнчу дуйнодо жок, ал озунун сыйкыр оюндары менен баарын тан калдырат! Андрес бул жылы созсуз Алтын Топту
08.10.2012. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aita ketchuu nerse, Inesta "en taza oiunchu" degen dagy naamdy alganele.Chyndygyndada echkimge zyian berbei,ataiyn jygylbai erkekche oinoitko.Birok Messige jetpeitko deim.
08.10.2012. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da bazar jok
08.10.2012. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча быйыл алтын топту Радамель Фалкаого деле берсе жарашат
08.10.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне комментарий калтырсак чыкпай атат
09.10.2012. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muslimkg, саламатсызбы!
Жогоруда турат го сиз жазган билдирүү.
08.10.2012. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйкырчы деген прозвище бекеринен коюлган эмес да. Барселонанын оюну коп эсебинен Иньестадан коз каранды. Испания курама командасында да, Барселонада дагы эн стабилдуу оюнчу....
08.10.2012. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сага кана жарашат
09.10.2012. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иньеста жакшы оюнчу. Менимче татыктуу. Бирок негедир мага Рональдонун оюну жагат.
09.10.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иниеста жакшы оюнчу бирок Месси тотыктуу деп ойлойм. Роналдо да акшы оюнчу бирок ал гойрон озун корсото берет
09.10.2012. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уичинекей шайтан))))
10.10.2012. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A Messi altyn toptu dagy 1 iret alaryna kozunor jetebi? Maga Messinin oinogonu jagat.
10.10.2012. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Месси дагы, Хави жана Иньеста учообу тен Алтын Топко татыктуу!
Месси 30-40 жылдык рекордду жанылады, ал эми Хави менен Иньестанын корсоткон керемет оюндары учун!
10.10.2012. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андрес эн мыкты ойюнчулардын бири, ал "Алтын топко" татыктуу.
11.10.2012. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтын топко Азамат Байматов татыктуу достор
11.10.2012. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да татыктуумун
13.10.2012. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
торрес татыктуу
13.10.2012. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неймар татыктуу деп ойлогом. Бирок Неймардай эч ким ойной албайт. Быйыл жетпесе эмки жылы точно Неймар алат!
15.10.2012. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мессиге берет
26.10.2012. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
месси алат топту
мен ага ишенем
02.11.2012. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Испаниянын тактикасын аябай күштү түзүптүр ынтымактуу тайпа экен.
04.11.2012. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
роналдо эчкимге бербейт алтын топту
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо