Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЫНА,БААРЫ БҮТТҮ!»

№518 5-Октябрь-11-Октябрь, 2012-ж

“ДОСУМ ЖАНА КУМИРИМ”
– Кеч күз. Орусиянын Москва шаарынан абасы таза Ала-Тоону көздөй кайтып келе жаткам. "Учактын ичинде кол телефон колдонууга болбойт" деген белгиге карабай акырын алдым да, музыка уга баштадым. Миллиондогон адамдардын жүрөгүн багынткан тааныш үн кулагыма жаңырат. Дал ушул үнгө, сыйкыр музыкага байланыштуу окуя эсиме түшүп кетти...
Москвага жаңы барганда Адилет аттуу чогуу иштеген жигит мени өз бир тууганындай көрүп, жардамын аяган жок. Экөөбүз бара-бара ынак достордон болуп кеттик. Ал өткөн жашоосу тууралуу көп деле айтчу эмес. Бир билгеним, Адилет Бишкек шаарындагы балдар үйүндө өскөн. Анан Бишкектеги ЖОЖдордун биринде окуган Аида деген сүйлөшкөн кызын айта берчү. Бир жолу:
– Сенин кумириң ким?- деп сурады.
– Майкл Жексон!
Менин ойлонбой туруп айткан жообумду угуп сүйүнүп, көздөрү жайнай түштү. Мага кол телефонундагы Майклдын ырларын, сүрөттөрүн көрсөтүп, оозу жыйылбады. Чынында эле анын ашынган күйөрманы экен. Эмне себептен чачын узун кылып өстүрүп жүргөнүнүн себебин да эми түшүндүм. Бизди музыкага болгон окшош табитибиз жакындаттыбы, айтор, кийин Адилет экөөбүз өзүнчө бир бөлмөлүү батирге чыгып кеттик.
Чыныгы достун кандай экенин эми түшүндүм. Экөөбүз жумуштан чыккандан кийин үйгө жөө басып келчүбүз. Жолду катар мен кыздарга тийишем, Адилет болсо сүйлөшкөн кызы жана Майкл жөнүндө бирдемелерди айта берет. Үйгө келип чай ичебиз да, мен кино көрөм, Адилет Аида менен сүйлөшкөнү интернет-клубга кетет. Бир жолу мага эч кимге көрсөтпөй бапестеп жүргөн Аиданын сүрөтүн көрсөттү. Ак жуумал, сулуу кыз экен.
– Кандай экен?
– Сонун!
Жообумду уккан Адилеттин каректеринде бактылуулуктун учкундары пайда боло түштү.
– Экөөбүз Бишкектеги бир кафеден Майкл Жексондун “You are not alone” деген ырына чогуу бийлеп, ошол жерден таанышканбыз,- деп жылмайып койду.
Адилеттин ошол жылмайганы өмүр бою жүрөгүмдө сакталып каларын ошондо байкасам кана, аттиң! Досумду боорума бир кысып албайт белем!..

“КҮТҮЛБӨГӨН ЖАҢЫЛЫК”
– Жай. Тагыраак айтканда, 2009-жылдын 25-июну эле. Бүл күнү иштебейт болчубуз. Классташ балама жолугуп келмекке көчөгө чыгып кеткем. Шумдуктуу кабарды көчөдөн уктум. Бардык телеканалдардагы жана радиодогу жаңылыктардан белгилүү ырчы Майкл Жексондун каза болгондугун улам-улам кайталап айтып жатышты. Музыка дүйнөсүндөгү эң жарык жылдыздын жалп өчкөнүнө ичим туз куйгандай ачышты. Маанайым чөгө түштү. Бир кезде Адилет телефон чалды. Кичинекей балача бышактап ыйлап алыптыр. Ага жылуу сөздөрдү айтып, соороттум.
Адамдын эмгеги өлгөндөн соң гана бааланат тура. Ар кайсы жерде топтошуп, Майклдын ырын жаңырта коюп алып кошула ырдап же бийлеп, атүгүл ыйлап жатышкан кыз-жигиттерди ошол күнү көп көрдүм. Бирок кечинде үйгө келсем, мындан да кайгылуу окуя күтүп туруптур. Байкуш Адилет өзүн өзү асып салыптыр. Өзүмдү жоготуп, бир чети таң калып, катып калыптырмын. Столдун үстүндө жаткан анын мага жазган катын алып окуп жаттым:
“...Мына, баары бүттү! Самат, мындан ары жашагым келбей калды. Сенден акыркы суранычым, мен даярдап койгон белектерди Бишкекке барганда Аидага сөзсүз бер жана аны сүйөрүмдү айтып кой! I love you, Michael!”

“АМАНАТ”
– Адилеттин кайтыш болгонуна 3 ай болду. Чогуу жашаган балдар эчак эле таттуу уйкуга кетишкен. Бир гана мен караңгы бөлмөдө тээ алыстан угулуп жаткан музыканы тыңшап, өз ойлорум менен алпурушуп, уйкусуз жатам. Акыры бир чечимге келдим. Мен Бишкекке кетишим керек! Досум Адилеттин аманатын аткарам! Ошентип, баарына кол шилтеп, туулуп-өскөн мекенимди көздөй жөнөй бергем...
– Кечиресиз, биз жеттик! Сыпайы стюардесса көздөрүмдү жума ойлонуп келе жаткан мага акырын кайрылды. “Манас” аэропортунан чыга бергенде эле мекенимдин салкын соккон шамалы тосуп алды. 3 жыл алыста жүрүп сагынган экем. Анан ошол замат мени күтүп жаткан Аидага телефон чалдым да, ага колумдагы катты, Адилет тумар кылып сактап келген Аиданын сүрөтүн жана Майкл Жексондун ырлар жыйнагын бердим. Аида томсоруп кала берди. Менин бир нерсе айтууга кудуретим жетпеди. Досумдун аманатын аткарып, дароо бурулуп кете бердим. Мына, баары бүттү! Ашынган фанат деп ушуну айт! Кумири үчүн жанын кыйган кыргызга азыр да ичим ачышат, таңданам...

Самат
Асхат Субанбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(38)
08.10.2012. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олгондо эле Майкылдын жанына жетип калдыбы? Олду да кетти. аны бир досу Самат эстейт кээде анда да Майклдын ырын укканда Аида эстейт. болду жашоо бутту ага Башкалрга улана берет. Тобо кылдым. Олбосо алдыда канча жакшы бактылуу кундорду корот эле ким билет?! Жаткан жери жайлуу болсун!
08.10.2012. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аны кармап калганга ата энеси да жок экен дааааа... менин негедир козумдон жаш агып жатат...
08.10.2012. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jan duinosu abdan nazik turbaiby. Aidadan da Maikldy suigonun kara. Ai, Maikl-Maikl, kancha adamdyn omurun aldyn eken?
08.10.2012. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайдын алдында кандай жооп берет? неге ойлонбойт??????
08.10.2012. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тобо фанат дегендер ушунчалыка барабы? Озун озу аскандар озу да алсыз жан дуйносу да алсыздар.
08.10.2012. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул окуя мен учун фонтастика
08.10.2012. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен жер ушактап барбасын канча деген наристелердин теерисин пластикалык жол менен озуно чаптатып алып жашап жургон Майклды жакшы корбойт элем, Майкл учун жанын кыйууну акылсыздык деп эсептейм. Аиданы келечектеги жашоосун ойлобойбу баары бир олсо эле Майклдын жанында жатып кала тургансыбай. Олгон озунун шору олду кети унутулат!
08.10.2012. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai saktaaaaaaaaaaaaaaaa
09.10.2012. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабырдуу болуш керек ашыкча эле берилбей бирок ишенбей да кеттим чын окуябы же
09.10.2012. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишениш кыйын, ,,, балким болбогон окуядыр !!!
09.10.2012. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888 Майкл наристелердин терисин чаптап агарган эмес, рекламалык роликке тартылып жатканда чачына чок тушуп кетип мандайы куйуп ак так болуп калган. Анан атайын крем жасатып денесинин бардык жерине сыйпап агарууга туура келген.
09.10.2012. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да ушундай да болот экен э. Менин куйоом да Майкл Жексондун фанаты, олгондо аябай кейип тим болгон. Бирок М.Жексондун фанаты болбосом да анын талантына суктанбай кое албайм! Мындай адамдар эч качан олбойт!
09.10.2012. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу жомок экен))))
10.10.2012. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эмнегедир ишенбедим.
11.10.2012. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баланын жан дуйносу баарыбыздыкынан башкача экен мындай адамдар болот чанда
11.10.2012. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Maikldyn talantyna taazim etpei argam jok,kaisyl ubakta bolbosun anyn unun ugup,biyin korgondo juzumo jylmaiyuu kelip,biilep ketem, airyk4a kuran okugandaryn ukkanda jan duinom negedir es alat.
11.10.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Абдан окунучтуу окуя экен... окуп жатып,козумдон жаш акканын да байкабай калыптырмын...
13.10.2012. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jindi boluptur bul duinogo bir ele jolu kelerin bilbegen akmak eken oldu emne boldu Michael tirilip kettibi?
14.10.2012. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олгондун ос шору деген ушул тура.
14.10.2012. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлошкон кызын келечегин ойлосо болмок жаш экен да
14.10.2012. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менинда курбу кызым микаелдин олгонун угуп,олом деп ыйлаган,ошондо коргом фанат дегенди ужааас экен.
22.10.2012. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада, тунку саат 3 тордо, уйкусу келбеген Самат озунун оюнан чыгарган фантастикасын зээриккенинен суперге жибергенго, ишенбейм баары жалган жок эле аида жок эле адилет..

info, силер адамдардан келген каттарды,окуяларды окуп,каарманын текшерип,байланышып, анан жазасынарбы?!..же уруп-согуп жазган саматтын апыртмасын,далили жок эле уруп-согуп элдерге окутуп коесунарбы?!..хоть ошол самат менен тел.аркылуу байланышып чын-жалганын аныктадынар беле?!.. эртен мен да силерге бир ап
22.10.2012. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
беш манжабыз тен эмес урматтуу окурмандар. ар бир пенденин кумири болот. но бул окуя чынбы калпы айтуу кыйын.
22.10.2012. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай болушу мумкун эмес
25.10.2012. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aldasa aldanyp koe bergile da(he he he). Al emes kyrgyz yr4ylary u4un olom degen kyzdar bar go. A Maikl bolso tem bolee..
04.11.2012. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал балада мумкун олумуно болгон башка себеби бардыр анан майкл себеп болуп калса керек а так болушу мумкун емес тем боле жигит болсо
04.11.2012. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
укмуш жомок
14.11.2012. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вот придурок, Алла кечирсин, как так можно
22.11.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жан деген ушунчалык таттуу экенин баарыбыз эле жакшы билебиз,бир ырчы учун асылып алуу оной болбосо кереек,мумкун орустарда болгон окуя,ошону кыргыз кылып жазгандыр да?!
28.11.2012. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не можеть быть)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо