Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

УНИВЕРСИТЕТТЕ ЧУУ ЧЫКТЫ

№518 5-Октябрь-11-Октябрь, 2012-ж

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети – Көл боюнча даңазалуу жогорку окуу жайы. Бирок кийинки мезгилде аталган окуу жайда чыр-чатактар көп болууда. Чуулгандуу чыр кайдан чыкты? Ошону териштирип көрдүк.

Садыров Мурат Тентиевич, доцент:
– Мен 11 жылга жакын филология, педагогика жана журналистика факультетинин деканы болуп эмгектендим. Кийинки учурда ректор Абдылдаев Курманбек Кыянович көптөгөн доцент, профессорлорду себепсиз жумуштан четтетип, өзүнүн жакындарын жумушка тартып жатат. Мындан улам мен дагы 1 жыл мурун декандыкты өткөрүп бергем. Азыркы күндө университеттин жүргүзүп жаткан иштерин текшерүүдөн өткөрүү үчүн атайын комиссияга кабарлап, аларды күтүп жатабыз.

Ажыбеков Чыныбек Абдраевич, ага окутуучу:
– Мен бир жыл мурун ректордун куугунтуктоосунан жумуштан кетүүгө аргасыз болдум. Окуу процессинде бир топ туура эмес, акылга сыйбаган маселелер орун алууда. Мисалы, дене тарбия кафедрасын химия, биология адистигин даярдаган факультеттин курамына, менеджмент кафедрасы экономика багытында экендигине карабай тарых факультетине, университетте уникалдуу адистиктер болгон көркөм сүрөт искусствосу, дизайнер кафедраларын кыргыз филологиясынын курамына кошуп жатат.
Ректордун кызы эл аралык байланыштар бөлүмүндө адис, күйөө баласы – жеке айдоочусу. Университетке тиешелүү жатакананын коменданты жана проректордун баласы жай мезгилинде бир айлык мөөнөт менен Кытайга барып келишти. Эми жатакананын коменданты, чарба иштери боюнча башчынын Кытайда жасай турган эмне жумушу бар экенин таба албай келем. Учурда маселе Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акундун көзөмөлүндө турат.
Айтылган ойлорду уккан соң акыйкатчы Турсунбек Акун кайсы тараптын оюн колдоого алар экен деп байланыштык.

Турсунбек Акун, акыйкатчы:
– Бул маселе боюнча Ысык-Көлдөн профессор, академиктер келишкен. Алар болгондо да Көлдөн чыккан акелердин неберелери болушат экен. Жөнөкөй адамдар эмес экендигин түшүнүп, алардын жалган сүйлөбөсүнө көзүм жетет. Ректордун кылып жатканы – чоң маселе, чатак иш. Бул боюнча президент А.Атамбаевге айтып, кат жөнөтөм.
Эми чырдын башы болгон, жогоруда сөз болуп жаткан ЫМУнун ректору Абдылдаев Курманбек Кыяновичке багыт алдым.
– Саламатсызбы, агай? Сиздин дарегиңизге көптөгөн сындар айтылууда...
– Саламатчылык. Биздин кесиптештердин арасында тоголок кат жазмакей мугалимдер, эл бузарлар бар. Менин билишимче, буларга кызмат орундары керек. Биз тарапка каршы чыккан адамдарды түп-тамырынан бери жоёлу деп чечтик.
– "Мугалимдерди себепсиз кызматынан бошотту" деп жатышат…
– Жок, ал кептер таптакыр туура эмес. Ар кимдин кылган ишине жараша мамиле кылабыз. Мисалы, Чыныбек Абдраевич өткөн жылы себепсиз ишке 2 ай келбей койгон. Биз дагы өзүнө жараша чара көрүп, иштен четтеттик.
– Кафедралар жоюлуп же башка кафедранын курамына кирип жатыптыр, максаты эмнеде?
– Ооба, айрым кафедраларды студенттердин саны аз болгондугуна байланыштуу жабууга аргасыз болдук. Мисалы, ошол эле журналистика кафедрасында бир тайпада болгону 5-10 студент болгондугунан филология адистигине кошуп окутуудабыз.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
08.10.2012. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу окуя билимдуу адистерди акча каражатын айынан куру шылтоо жамынып жумуштан чекиетип, карапайым билимсиз туган, тушкандарын жыйнап алып байлыктын тубуно жетет болду бекен. Билим денгелинин тоиондошуно чон салымын кошуптур.
08.10.2012. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ушул Ы.М.Удан билим алгам берген билимдери мени
канааттандырбайт
Бирок анда башка ректор болчу
12.10.2012. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында эле билим беруу сапатсыз,кээ бир мугалимдер шабашка кылып эле иштеп,билимдери тайкы.ректорду тааныбай жоолодунбу балээге калдын,чогулуш кундо.окуган студенттер сейрек учурайт,бут акча менен бутот,ата энелери оздору акча беришет сессия бутуруп ал деп,ото уят,черфактын дипломдук иштерин ректор которуп кетет конокко.беспредел,бул окуу жайга билимдуу искусствону тушунгон честный ректор керек!!!!!
12.10.2012. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билим беруу министрлигинин иштебегендиги да, чын тогунун иликтеп ар кимисин оз ордуна койсо болмок мындай ызы чуу чыкпайт да.
13.10.2012. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы университет болбосун адилетту болсо,мурунку жылы себепсиз 2 ай жумушка келбегенин эми билдинерби эмне? кызык...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо