ГУБЕРНАТОРДУН КУБОГУ КЫЗЫЛ-КЫЯДА КАЛДЫ

№518 5-Октябрь-11-Октябрь, 2012-ж

22-сентябрда Кызыл-Кыя шаарында футбол боюнча Баткен облусунун губернаторунун Кубогу жыйынтыкталды. 2 күн ичинде 8 команда (Баткен, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларынын, Кызыл-Кыя, Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун ардагерлери жана Караван айыл өкмөтү) 2 тайпага бөлүнүп, жашыл майсаң үстүндө кызуу таймаш жүрдү.
Өз тайпасында жеңип чыккан Кызыл-Кыя шаарынын, Баткен районунун командалары финалда чемпиондук үчүн ат салышты. Бир нече жылдан бери түштүк аймагынын 1-Лигасында ойногон футболчулардан куралган үй ээлери жеңишти сактап калышты. Эсеп 4:0. Ушул эле эсеп 3-орун үчүн өткөн мелдеште да катталып, Караван айыл өкмөтү кадамжайлык атаандаштарын алып түштү. Сыйлыктарга токтолсок, чемпиондор кубокко кошо 20 миң сом, 2-орундун ээлери 10 миң сом, 3-орунга илингендер 6 миң сомго ээ болушту. Кошумчалай кетсек, Кызыл-Кыянын ардагерлеринин командасынын оюнчусу, 63 жаштагы Табакал Кошбеков майданда топ тээп, мелдешке көрк кошту.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
08.10.2012. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизда барып ойнодук ал жерде чыныгы оюн болбоду кызыл-кыянын судьялары оздору судьялык кылып кубокту оздоруно алып калышты окунткону мелдеш таза откон жок,эгер таза болгондо биз финалда ойномокпуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо