АК ҮЙГӨ ЧАБУУЛ

№518 5-Октябрь-11-Октябрь, 2012-ж

Садыр Жапаровдун “Кумтөр” боюнча өткөргөн митинги журналисттерди кошкондо 400гө чукул гана адамды чогулта алды. Ал Ак үйдү басып алууга чакырык, аракет менен коштолуп, 13 адамдын жабыр тартуусу, 3 депутатка каршы кылмыш иши козголуп, 2 суткага камакка алынуусу менен аяктады.

КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
Коомчулук түшүнбөй турат. Журт башы болом деген максаты, амбициясы бар Камчыбек Ташиевге Ак үйдүн дарбазасын ашып түшүүгө эмне түрткү болду? “Кабинетиме, иш ордума кирмекчи болдум. Мени киргизишпегенинен дарбазаны ашып түштүм” деген жообу көпчүлүктү канааттандырган жок. Мындай жооп укук коргоо органдарын да канааттандырбасы турган иш.
Учурда депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовго Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү кулатууга ачык чакырык), 295-28-беренелер (Бийликти күч колдонуу менен басып алууга аракет) боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан камакка алынды.
Камчыбек Ташиев “Ак үйдү басып алууга акыбыз жок. Элдин өлкө башчыларына талап коюп, аны ишке ашырууну талап кылууга укугу бар. Тынч митингге башчылардын баары чакырылган. Бирок эч бири келбегендиктен, Ак үйдү көздөй барды” деп билдиргенге жетишти. Бирок бул митингди уюштуруучулардын Ак үйдү жана аймактардагы администрацияларды басып алууга чакырыктары камераларга тартылып, диктофондорго жазылып калды. Эми “Ак үйгө бастырып кирүүгө чакырык таштаган жокпуз” деп тана алышпайт.
Садыр Жапаров “туугандарыңарга, жакындарыңарга чалгыла, милиция да келсин, биз Ак үйгө кирип депутаттардын, президент менен премьердин кабинеттерине отурушубуз керек. Ким даяр болсо, мени колдогула” деген чакырык таштаса, Камчыбек Ташиев жан сакчылары жана митингчи-коштоочулар менен барып Ак үйдүн темир тосмосун ашып түштү. Митингчилер темир тосмого жабыла чыга башташканда милиция кызматы көздү жашытуучу түтүн чыгара турган шашка жардырып, митингчилерди таратышты. Милиция кызматы жакшы даярдык көргөнү көрүнүп турду. Митингде 13 адам жабыркап, врачтардын көмөгүнө муктаж болду. Алардын арасында Камчыбек Ташиев да бар. Ал бутуна ок тийгендигин жарыялаган. Кийинчерээк санына операция жасалгандыгын дарыгерлер тастыктап, ок жаракаты тууралуу ооз ачышпады.

ЖАПАРОВ 2009-ЖЫЛЫ КАЙДА ЭЛЕ?
Көңүлгө алчу жагдай, Садыр Жапаровдун убадасы толук аткарылбагандыгында болду. Депутат “Кумтөр” жана кыргыз мамлекетинин башчыларынын бул ишканага байланыштуу өтө чоң былык иштерин айтып, сенсациялуу фактыларды чыгармакчы болгон эле. Андай болбоду. Садыр Жапаров буга чейин айтып келген маалыматтар менен гана чектелип, чогулган көпчүлүктүн көңүлүн башка нукка, Ак үйгө бастырып кирүүгө буруп жиберди. Элди дүрбөлөңгө түшүрүп, Ак үйгө кирип тополоң салууга жана бул иштердин фонунда элдин жалындуу коргоочусу катары көрүнүп, өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин “саясий куугунтук” катары көрсөтүүгө аракет кылгандай элес калтырды. Садыр Жапаров үчүн “Кумтөр” бул максатын ишке ашырууда курал болуп берди.
Эске салсак, буга чейин “кылмыштуу жол менен алынган Бакиевдердин мүлкүн сатып алган, алдамчылыкка аралашкан” деген айыптар менен эл өкүлүнө каршы кылмыш иши козголгон эле. Дагы бир суроо көпчүлүктүн көңүлүн кытыгылап турат. Учурда Садыр Жапаров өзгөртүүнү сунуштап жаткан канадалык компания менен кыргыз тараптын “Кумтөр” боюнча келишими 2009-жылы түзүлгөн. Ошол кезде Садыр Жапаров Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болчу. Ал келишим түзүлүп жатканда эмне үчүн унчукпаган?..
Кыска мөөнөткө эмгек өргүүгө чыгып, Түркияга кеткен ажо кайтып келе тургандыгын кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди. “Учурда Кыргызстандагы жаңы саясий систем кандай гана орчундуу, чырлуу маселе болбосун, ЖКда, өкмөттө коомчулуктун катышуусу менен чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Аны эл түшүнүп жетти. Жазында, кечээ Бишкекте өткөн митингдерди уюштуруучуларды элдин кызуу колдобогондугу буга мисал”,- деди ал.

БАРЫКТАБАСОВДУН ТАГДЫРЫН КАЙТАЛАШАБЫ?
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Урмат Барыктабасовдун тагдырын кайталашабы? Баш прокурор Аида Салянова "бул беренелер боюнча айыпталган жарандар 12ден 20 жылга чейин эркинен ажыратыларын" билдирди. Ошондой эле аталган беренелер боюнча айыпталган депутаттарды тергөөгө алып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга ЖКнын макулдугу деле керектелбесин айтты.
4-октябрда Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевди колдоо иретинде 1000дей адам катышкан митинг болуп, Ош-Бишкек жолун тосушту. Митингчилер үч депутатты бошотууну талап кылышууда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
08.10.2012. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ufffffff bawtalos, samoe glavno 4tob byl dostoinym i 4esno rabotaiuwim, i ewe za4em iz za vs9koi ragutsa davaite jit drujno. my v konse konsov deti KYRGYZOV, auuuuuuuuuu otkroite glaza nad nami uje smeiuts9. ,kogda to vse bylo ne tak nawi predki bilis za 1 4eloveka esli on KYRGYZ i ne davali v obidu, a was, a was 4to my naaborot sami saboi rugaems9, iza 4ego iza nih bolwevikov, i 9 ho4u obratitsya k vam politikam da kajdyi god vidim eti je lisa, daite mesto molodym,
08.10.2012. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиев менен Жапаров Бакиевдердин калган мулкун кайтарып берип келген, наы билип калган Прокуратура ишти иликтеп баштаганда Жапаров Кумтор маселесин которуп чыга калды. Бул Кумтор Жапаров учун колуна кармаган куралы катары эле болуп калды. Ушул кырчында балдар, мындай жузукара адамдарды элден уурдаган мулкун кайтарып берсин, ошолорго кызмат кылсын деп курман болду беле
08.10.2012. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ташиев Чынгызханга окшоп 20 киши менен бийликти алам деп, аз жерден достоинствасынан ажырап калайын деп, дуйно жузуно Ташиев баатыр эмес эле, кочугуно шиш кирген революционер катары шылдын болду. Бул адамдар КУмтор маселесин которуп, биликти басып алгылары келген. Кудайдын козу туз болуп, бийликке келмек тургай, ГКНБнын СИЗОсуна тушту.
08.10.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи ташиев кылган нерсе туура эмес алар кумторду шылтоо кылып акуйду басабыз деген ойлору ишке ашкан жокордок жокто чулдук бий демекчи Атамбаев четолкодо жургонду мунун кылганын кара мындай адамдарга катуу чара кр=оруш керек
08.10.2012. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анысы келгенсип Ташиевтин шымы айрылганын баары интернетке жуктотулду ошону коруп Ташиев эмес биз КЫРГЫЗ эли уялат. деги качан токтойт митинктер. жок дегенде биз жаштар правокацияга алданбайлы.
08.10.2012. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай буйруса биздин уйдо да той болор!!!!
08.10.2012. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ташиев ырас кылды, парламенттен кетирүүгө себеп жаратып берип.
08.10.2012. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ташиев озунун дэнгээлин корсотту. Уят уят эми кантип эл алдына кантип чыгат жада калса забордон аттай албай кочугун айрып журот. Бул кылыгы менен озунун саясий карьерасына балта чапты.
08.10.2012. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менимче элди онугуу, онолуу жолуна салбай кайра дурболон тушуруп коркунуч келиргени мыкачылык, зоокурчулуко жатат. Мындай манкуртарга абакта олтуруу жарашат. Кыргызстанга тынчтык беришеби деги душмандар. Сотоо керек мындай ач коз макулуктарды, калган депутатар ынсап менен иш кыла башташат бир аз жерге тушуп убактылу болсо дагы элге кызмат кылып калышар.
08.10.2012. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ташиевди прокуратура айткандай 20-жылга камаш керек. Камаш керек! Камаш керек! Камаш керек!
09.10.2012. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутатттар ушундай болуп жатышса карапайым элге анда соз жок. Башкаларга шылдын болуп жатабыз. Эхх ушул митингид оорусу кыргыз элимдин...
09.10.2012. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ooo, men kaira keldim kyzyl til))) emiiii.... Tawke bratty jakwy bilgen adamdardyn aitymynda :Kamchykem Box menen mawykkan... bawynan bir joluu doo ketken ... anan owol miting uchurunda bawy karmap kalyp, ozun kontroldoo jondomunon chygyp , jindi nemeche zabordu awyp tuwup(kochugun airyi), hehehe.. anan soldattar kelatsa alardyn artynan kadimkidei bezip kuugan deit ? chyn beken owol????
09.10.2012. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hstkind, чын
09.10.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шиш кочугуно теренирээк кирсе абдан суйунмокмун.
12.10.2012. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuraku,ошондо саясаттан кетет эле десен.
10.10.2012. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эмне Эле баары Ташиевке асыласынар ал эл учун иштеп жататко жаштарга жол ачып москвадада спорт клуб ачып берди келечек жаштар колунда деген уран мн иштейт призидент болгондо кыргызым онолмок беле??????.........
10.10.2012. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенген оппозиционерибиз ушундай кылып жатса, анда башкаларына эч убакта ишенип болбойт экен да.Мамлекетибизде жыл сайын тонкоруш боло берсе кайдагы онугуу.Тескерисинче 5-10 жыл экономикалык жактан артка кетип жатабыз.Бизге тынчтык керек.Ташиевге окшогон эл бузарлардын кереги жок,мындайлар мыйзам боюнча камалышы керек.Эгер бийлик мындайларга жумшак мамиле жасаган болсо анда булардан башка терроисттик уюмдар деле 20 киши менен келип басып алса болот турбайбы деген жаман ойдо калышы мумкун!
10.10.2012. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ташиевдин канчалык актанганы ошончолук озуно "минус" болуп жатат.Укук коргоо органдары, сот эмес эмес бул жерде эл озу кубо болду булардын кылган ишине, суйлогон созуно."Буттан чалынган турат, создон чалынган турбайт" деген макал Ташиевге жарашты да калды.Жапаровдун деле туугандары анын туура эмес кылганын билип унчукпай эле жатышат.Ташиевге анча эмне кошомат кылышат тушунбойсун! Келечек жаштар биздин колубузда. Олкобуз онуккон олколордон болушуна коз карашыбыз дайымы туз! Ынтымакта бололу!
12.10.2012. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stan.kg, туура сөз, эл аны кантип ээрчийт, "түшкө" чейин бирди, "түштөн" кийин башканы сүйлөп атса, айто-ор нака жүзү ачылды, хе-хе.
10.10.2012. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алдын да ак уйду басып алуу учун жада калса 7-апрелде да кан тогулуп курал колдонуп канчалаган адам олгондо эмне ошолор жоопко тартылбайт. анан моминтип кашаны ашып койсо эле окмоттун чырагына майтамып, озунун бийликке кантип келгенин унутуп аны камап коюшу туура эмес. Макул камасын бирок баарына тегиз карап жазалоо керек. кызыгы Жалал-Абаддагы жол тоскондорго кылмыш ишин козгоп жатат. Эмнеге эн биринчи жол тосконду Текебаев элге уйротуп тостурганда аларга кылмыш иши козголгон эмес.
10.10.2012. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эми коро жатарбыз дагы кандай жол менен окмот элди кысып митинге чыгарбоонун жолун табат экен. Ансайын элдин кыжырын келтирип бекер кылып жатат. Ал Ташиевди камак турсун олтуруп койгусу да келип жаткандыр анткени оппоненти да.
11.10.2012. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ташиевди колдоп ачкачылык жарыялаган абышка кемпирлер пайда болуптур. Эмнеге ошолор Барктабасов камалганда чыккан жок? Акча деп журуп арам олот экенбиз го чиркин. Эшик турса, Ак Үйдүн тосмосунан аттап бийликти басып алам деп жамбашын шишке сайдырып алып ок тийди деген ташиевди колдогондорго жол болсун. Кыскасы аман болгулачы жаман болсонор да деп бабаларыбыз айткандай.
11.10.2012. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hstkind - 30 күнгө сайттан четтетилдиңиз.
Курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынат.
12.10.2012. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эмне болот экен? Кыргызда татыкттуу адам барбы озу? Эл учун куйгон эл бшкармасы жок эле. Жашоо кыла бере турган кун да келген го.
12.10.2012. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дуйно жузуно уят кылышкандан башка эмнени ойлошот булар тынчып баратканда кайра башташты озун Чынгызхан ойлогондор озгону(элди)ойлошсо.....
12.10.2012. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тынч эле жаашаса болгойбу кыргызым?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо