КЫЛЫМ КАРЫТКАН НИШАНБҮБҮ ЭНЕ

№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж

Баткен районунун Ак-Татыр айылында 112 жылды багынткан Нишанбүбү деген чоң апа бар. Чоң апабыздын ден соолугун сурап келдик. Ал жакшы укпай, көзү жакшы көрбөсө да, колунан келишинче маек куруп берди.

– Амансызбы, ден соолугуңуз жакшыбы? Алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз...
– Жакшы, айланайын, рахмат. Мен Раватта туулуп-өскөнмүн. Атым – Нишанбүбү, фамилиям – Юлдашева. 11 бир туугандын ичинен жалгыз калдым. Ата-энем жана бир туугандарымдан жаш кезимде ажырап калгам. Кичинемден баштап эшек айдап күн кечирчү элем. 20-30 чакты эшекти айдап Исфарага барчубуз. Ошондо эмгек акыбызга 8 жанга бир кесимден нан берет. Ошол нанды 2 суткага жеткирип жечүбүз. Ушундай күндөрдү көрүп чоңойдум.

– Сизди 100 жаштан ашкан деп уктук, аны кантип далилдеп бересиз?
– Мен 1900-жылы туулганмын. Азыр 2012-жыл. Ошондо эсептесеңер (күлүп).

– Жакшы, ишендик. Дүйнөдө же Кыргызстанда болуп өткөн чоң окуяларды, дүйнөлүк согуштарды, Октябрь революциясын, Үркүн жана башкаларды башыңыздан өткөргөн экенсиз. Ошолордон кеп салбайсызбы?
– Согуш жөнүндө айткым келбейт. Согуш болбосун. Согушта бир туугандарымды жоготтум. Күн-түн дебей оорукта иштедик. Түнү айдын жарыгында буудай орчубуз. Ачарчылыкты башыбыздан өткөрдүк. Ачарчылыктан көп эл кырылган. Үркүндө ар ким ар жакка качып тараган. Биз Тажикстанга качканбыз.

– Өмүрлүк жолдошуңуз менен кантип таанышкансыз?
– Чалымды тааныбайт элем. Ата-энелерибиз баш коштурган. Ал айыл башчы эле. Мен 11 жашымда ага турмушка чыккам.

– Канча балаңыз бар? Небере-чөбөрөлөрүңүздүн саны канча?
– 3 балалуу болгонбуз. 2 балабыз бөбөк кезинде жыйылган буудайдын астында калып каза болуп калган. Азыр 63 жаштагы Турганбүбү деген кызымдын колундамын. 7 неберенин, 12 чөбөрөнүн таенесимин.

– Азыркы жаштардын сүйүүсүнө көз карашыңыз?
– Жаштардын сүйүүсүнө жакшы көз караштамын, себеби өзү тандап, өзү сүйүп алса, ошол жакшы.

– Жаш кезде баштан өткөн кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз...
– Раваттан Исфарага эшек менен колхоздун буудайын ташычубуз. Эшектер Ак-Татыр жакта бир дөңдөн өтүп жатканда каптар ооп калар эле. Анан ал каптарды чогултуп, “Чорку” тажик базарына алып түшүп соодалап, өзүбүз материал алчубуз. Аны айыл башчыга билдирбейт элек.

– Союз убагында жашоо жакшы эле дешет. Ошол чынбы?
– Союз убагында акчанын баркы бар болчу. Мисалы, 1 рублга каалаган нерсени алып, каалаган жакка барчубуз. Азыр 1 сомго ширеңке да ала албайсың. Бирок мага азыркы жашоо жагат, себеби Союз убагында башымдан көп кыйынчылыктарды өткөргөм. Азыркы силердин заманыңар эле жакшы. Бардык нерсе бар. Каалаганыңды аласың, жейсиң.

– Көп жашаганыныздын сыры эмнеде? 100 жашка чыгам дегендерге кандай кеңеш бере аласыз?
– Сыры деле жок, балам. Эмгек кылуу керек. Бүт денең кыймылдап иштесе, 100 эле эмес, 200гө да чыгасың. Ошондуктан көп иштегиле, аракет кылгыла.

– Жогору жактан келип ал-абалыңызды сурап турушабы?
– Ооба, өкмөттөн адамдар, окуучулар келип турушат. 1-октябрда губернатор өзү келип учурашып, акча берип кетти. Чоңдорго бир суранычым бар, үйүбүздү оңдоп беришсе жакшы болот эле. Жаан жааганда чатырынан суу өтөт.

– Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
– Бош убакта мал карачу элем. Азыр эки-үч жылдан бери ден соолугума байланыштуу чөбөрөлөрүмдү карап күн өткөрөм. Мага көңүл бөлүп келгениңерге рахмат, айланайындар! Ишиңерге ийгилик!

Маегибиздин аягында Нишанбүбү чоң апа жер жүзүндө согуш болбосун, Кыргызстан гүлдөп-өссүн деп батасын берип узатты. Биз да чоң апабызга дөөлөттүү карылык каалайбыз. Небере-чөбөрөлөрүңүздүн арасында бактылуу карылыкта, оорудан алыс болуп жүрө бериңиз!

Тажигүл Эшбаева
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(33)
15.10.2012. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
карысы бардын ырысы бар аман болунуз апаке
15.10.2012. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Нишанбубу эненин ден соолугу чын болсун!
15.10.2012. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
алла омур берсин
15.10.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2баласы буудайдын алдында калып каза болду дегенин окуп ыйлагым келди, дагы коп жашаныз ден соолук берсин сизге.
15.10.2012. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ден соолугу чың болсун энебиздин.
20.10.2012. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон эне аман болунуз.
20.10.2012. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон эне бактылуу болунуз, небере, чоборолорунуздун урмат сыйын корунуз, 200го чыгыныз.
15.10.2012. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2012-1900=112
112-63=49
16.10.2012. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
d18b1az, 49 жашында кыз торогонуно тан калып жатасынбы?!.а азыр 40 жаштан откондон кийин торошпойтко
18.10.2012. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura_perm, менин мамам 42 жашында чырактай болгон сестрёнкамы торогон. Здесь нет ничего удивительного! Чон энебиздин д.с бекем болсун дагы-дагы)
18.10.2012. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura_perm, Менин таженем быйыл 45 жашында тороду . чон энебизге денсоолук коп жашасын.
20.10.2012. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Совет союз убагында жашоо аябай эле татаал болчу, азыркы заман деле жаман эмес
15.10.2012. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашында берсин мээнетти, карында берсин доолотту деп калышат. эч оорубаныз эне.
15.10.2012. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу экенсиз дагы коп жашан
15.10.2012. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai sizge den sooluk bersin
16.10.2012. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бабуля рулит!
16.10.2012. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Октябрь революциясын ушул жерде да айтып олуп кеттинерби,
16.10.2012. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kop jashanyz apake. Baldarynyz neberelerniz menen baktyluu bolunuz. 112jashtyn 4aiyn i4ip jatypsyz myndan arry da kop jashanyz.apalardyn baary sizdei bolup kop jashasyn demek4imin.
17.10.2012. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
11 жашымда турмушка чыккам дейби?
17.10.2012. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shumkarbek, илгерииии кыздарды эрте эле берип салышчу экен да..
17.10.2012. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх кызыныздын,небере-чөбөрүңүздүн жакшылыгын көрүңүз өмүрүңүздүн акырына чейин...Кудайым биздин жакындарыбызга да ушундай жаш берсин
17.10.2012. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omuru uzun bolsun
17.10.2012. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым энебизге ден соолук берсин а бизге болсо эненин жашындай жаш берсин!
17.10.2012. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллах ден соолугунузду чын кылсын небере чеберлердин сый урматын корун
18.10.2012. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
den soolugunuz chyn bolsun ene. Ar biribizdin apabyzga ushundai omur bersinchi Alla Taalam.
20.10.2012. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
seed, даа менда кошулам сага
18.10.2012. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурунуз узун болсун! Бир кызы жети небереси он эки чоборосу бар экен бул абдан чон бакыт. Бирок апа айтты кызымдыкында жашайм деп анан уйубузду ондоп беришсе деп сурана кетти, апаныкы туура, бирок неге жети небереси тайэнесинин болбосода ошожерде озунун апасы деле жашап жатпайбы ошо уйду чогулуп ондоп беришсе болмок ушу даражага жеткирип остургон апасыго акыр.
18.10.2012. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурунуз узун болсун, дагы коп жашты корунуз.
19.10.2012. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
11 жашында турмушка чыкканына тан калып жатам
20.10.2012. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
112 жашыңыз кут болсун!Арыбаңыз!Сиздей карысы бар биздин ырысыбыз бар!
20.10.2012. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп баштаганда эле ыйлагым келип кетти. Алла, ден-соолук берсин сизге!
21.10.2012. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омурунуз узун болсун эне
21.10.2012. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах сизге омур берсин.! Нишанбубу апа Туура айтат СССР жашоо кыйыныраак болчу( тушунгондорго). Азыр биз Аллаха шугур дейличи, бут баары мол заманда жашап, тынчтык, демократия. Биз Аллаха шугур кылбаган учун кыйналып атабыз. Кааларым сиздей апалар коп болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо