ЧКАЛОВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП 80 ЖАШТА

№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж

Жакында Нарын шаарындагы №2-Чкалов атындагы мектеп-гимназиясы 80 жылдык мааракесин белгилөө алдында турат. Аталган мектеп 1938-жылы курулган, учурда 1400дөн ашык окуучу билим алууда. Учурунда Роза Отунбаева сыяктуу бир катарсаясий коомдук ишмерлер билим алган мектеп 2007-жылы билим берүүдөгү жетишкендиги үчүн КРнын Даңк
медалына ээ болсо, 2010-жылы Нарын шаарынын “Мыкты мектеби” наамына татыган. Мындан сырткары 2010-жылы ошол кездеги Орусиянын президенти Медведевдин буйругу менен Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына карата атайын медаль менен сыйланган.
Жогоруда белгиленгендей, бүтүндөй облустун сыймыгына айланган мектептин салтанатын белгилөөгө да жергиликтүү бийлик көңүл бурууда. Мектептин
80 жылдык мааракесине учурунда бул мектептен окуп кеткен Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрү жана бир катар белгилүү  инсандар чакырылган.
“Иш-чара алкагында алгач мектепке экскурсия жасалып, салтанаттуу жолугушуу М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык академиялык драма театрында өтөт. Андан соң шаардын борбордук аянтында театралдаштырылган оюн-зоок тартууланып, мектептин залында мугалимдер, окуучулар жана мектептин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өтөт”,- дейт Нарын шаардык мэриясынын аппарат башчысы К.Чымылдаков.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо