2030 ШАЙЛОО УЧАСТКАСЫ ТҮЗҮЛДҮ...

№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж

  • БШК Кыргызстанда жергиликтүү Кеңешке депутаттарды шайлоого карата 2030 ШАЙЛОО УЧАСТКАСЫ түзүлгөнүн билдирди. 
  •  “Пара алды” деген шек менен кармалган Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык камсыздоо департаментинин мурунку жетекчиси ГҮЛНАРА ДЕРБИШЕВА үй камагына чыгарылды.
  •  “Ар-намыс” фракциясынын депутаты ТАЛАНТБЕК УЗАКБАЕВ ЖКдагы комитет төрагалыгынан өз эрки менен кетти. Эл өкүлү муну агасынын министр болуп дайындалганы менен байланыштырды.
  •  “Кумтөр” компаниясы өткөн жылы 462 МИЛЛИОН ДОЛЛАР таза киреше тапкандыгын Экономика министри Темир Сариев маалымдады.
  •  КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы РЫСКЕЛДИ МОМБЕКОВ кызматынан бошотулуп, "Учкун" ААКсынын жетекчиси болуп бекитилди.
  •  ШЕРАЛЫ АБДЫЛДАЕВ КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды.
  • УРМАТ КОЖОМБЕРДИЕВ Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
  • Социалдык тармакта иштеген КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН МАЯНАСЫН КӨТӨРҮҮ маселесин 2013-жылдын бюджетине киргизүү каралып жатканын вице-премьер Камила Талиева билдирди.
  •  ТОГУЗ-ТОРО–ЖАЛАЛ-АБАД унаа жолу 9-октябрдан баштап 2013-жылдын май айына чейин жабылды. Сары-Кыр ашуусуна кардын көп жааганы жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн бул жол жыл сайын суук түшкөндө жабылат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо