МИРБЕК АТАБЕКОВ: «МЕНИКИНДЕЙ БАКЫТТЫ АР БИР ЭРКЕККЕ КААЛАЙМ»

№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж

Башка өспүрүмдөр компьютердик оюндан чыкпай алаксып жүргөн кезде Мирбек Атабеков гитараны колунан түшүрбөй, музыка менен алек болчу. Жаштайынан музыкага сугарылган Мирбек эми минтип аты алыска тараган ырчыга айланды.

– Мирбек, алгачкы сахнага аттанган кездеги толкундануу сезимдериң эсиңдеби?
– 2005-жылы "Кардиохитке" чыкканымды билем. Ал кезде Темир Назаров аябай популярдуу болуп турган. "Сени гана" деген ырым шаңдуу ыр болсо да, ордумдан жылбай, "эл эмне деп ойлоп жатат болду экен?" деген ойго чөмүлүп, чекемди тер басып, бутум титиреп кеткен ыр бүткүчө. Ырдап жаткан ырымды, музыканы да унутуп калгам. Бирок сахнага көп чыга берсең, бара-бара такшалып калат окшойсуң, азыр көп сезилбейт.

– "Эрке баламын" дечүсүң, ал сапатыңды таштай алдыңбы?
– Апабыз тирүү кезинде биз эч качан картайбайт экенбиз. Бир байке жакында айтты эле, "апам өлгөнгө чейин өзүмдү жаш баладай сезип жүрчүмүн. Апамдын көзү өткөндө билдим, 50гө чыгып калганымды" деп. Анын сыңары, балалык сезимдер дагы деле бар.

– "Таң сыры" деген ырга жаңы өмүр бердиң. Ошол сыяктуу өмүрү узун болор ырым бар деп ойлойсуңбу?
– Азырынча кесе айта албайм. Анткени азыр заман өзгөрүп жатат, келечекте элдин музыкага болгон мамилеси кандай болот, ким билет? Бирок ырларым өзүбүздүн муунга калат деп ишенем. Кийинки муун деле, балким, ремикс кылып ырдап калат чыгар. Аны убакыт көрсөтөт го. Буюрса, биз да түбөлүккө калчу маани-маңыздуу ырларды жазабыз.

– Убакыт демекчи, 30 жылдан кийин деле өзүңдү сахнадан көрө аласыңбы?
– Эмнеге көрө албайт экенмин, көрө алам. Ден соолук чың, күч-кубаттуу болуп турсам, ырдайм. Ырдабай калсам күйөрмандарым деле таарынышса керек. Менде чоң жоопкерчилик бар, ошону акташым керек.

– Иса Өмүркулов ырдаган "Сүйүү жазына" обон жазып, эмнеге өзүң ырдаган жоксуң?
– Ал ырга башында эле Мирлан Абдраев деген жигит аранжировка жазган. Анан мага келди, "бирөөгө жазыш керек болуп жатат, обон чыгарып бербейсиңби" деп. Мен макул болуп Исага жазып бергем.

– Эң кымбатка түшкөн клибиң кайсы?
– Ушул кезге чейин клиптерди Канат байке моюнуна алып, көп деле кийлигишкен эмесмин. Акыркы "Алдадың" деген клипке өзүм демөөрчү болдум, 3000 долларга жакын акча кетти.

– Жакында концерт берем деп жатасың, өзгөчөлүктөр болобу?
– Жөн эле концерт көргөн башка, ал эми көрүп, эс алып кеткен башка. Өзүм да буулугуп, суусап калыптырмын. "Спорт Ордосунда жандуу концерт койгонго болбойт" дей беришет. Эгер аракет кылсаң, баары болот. Буюрса, өзүмдүн суусунумду кандырып, элдин да купулуна толчу өзгөчө жандуу концерт өткөрөбүз.

– Чет өлкөнү көп кезип калбадыңбы. Мекендештердин абалын кандай мүнөздөйсүң?
– Чет өлкөдө мекендештер жыргаганынан жүргөн жок. Эгер шарт болсо Кыргызстанга эле келип, бактылуу жашашпайт беле. Биз барып калсак, алардын көздөрүнөн кусалык сезилет, бизди көрүп өз тууганын көргөндөй сүйүнүшөт.
Жакында эле Екатеринбургга барып тумоолоп калдым, көзүмдөн тынбай жаш куюлат. Бирок аргасыздан эл алдына чыгып ырдадым. "Таң сырын" созуп, көзүмдөн улам аккан жашты сүртүп койсом элге катуу таасир берди көрүнөт, кыйкырык-сүрөөн кылып сүрөп жатып калышты. Үнүм да жакшы чыкпай жаткан, элдин энергиясынан үнүм ачылып кетти. Негизи, кайда болбосун мекендештерибиздин баарынын эле тилеги бирдей, "эртерээк Кыргызстан оңолуп кетсе экен" дешет.

– Өзүңдү профессионал ырчы катары эсептейсиңби же популярдуубу?
– Вокал жактан өзүмдү профессионал деп эсептейм. Калп айткым келбейт, популярдуумун.

– Мурун Мирбек Атабеков деген атка иштедиң эле. Эми атың сага иштеп жатабы?
– Атактуу болуп кеттим деп эле таштап койгон туура эмес. Кыргызстанда көп көрүнбөй, ырларың чыкпай калса, унутулуп калышың мүмкүн. Андыктан токтоп калбай ырдап, өсө бериш керек.

– Майрамбек Осмонов сенин ырың башталганда радиону өчүрүп саларын айтат. Себебин билдиңби?
– Мүмкүн, көпчүлүктө байкабай учурашпай калсам, ошого таарынычы болгондур. Ал байкеге жолугуп айттым, "кичинекей кезден сиздин ырыңызды угуп келебиз, ажыга барып, ыйман жолунда жүргөн кишисиз. Эгер мага сыныңыз болсо, "иним, бул жериң мындай болуп жатат" деп өзүмө эле айтыңыз" деп. "Болуптур, иним" деп экөөбүз ичибизде болгон нерселерди айтып, ачык сүйлөшүп алдык.

– Мурун ырчылар күйөрман жоготуп албайлы деп жубайларын жашырчу эле. Сен болсо "жүрөгүм бош эмес" деп жарыялап салдың. Күйөрман жоготуудан корккон жоксуңбу?
– Жок, коркпойм. "Тыюу салынган жемиш таттуу" деп коюшат го. Мен, буюрса, үйлөнсөм, тескерисинче, табышмактуу болуп, күйөрмандарымдын саны андан да артат деп ишенем. Анткени мен алардыкы болбойм да эч качан. Анан Бек байкедей (ред. Борбиев) болуп күйөрмандарым көбөйө берет :)

– Сүйүүгө толуп-ташып турган чагың эмеспи. Ашыктык чын эле эргүү берет бекен?
– Албетте, сүйүү күч берет. Менин ар бир жаралып жаткан чыгармам мындан кабар берип турат. Ырларым жөн жерден жаралбайт, анын бардыгы жакшы сезимдер менен жазылат. Жан дүйнөмдө кандай нерселер болуп жатканын күйөрмандарым ырларым аркылуу сезип жатышса керек.

– Кара көзүңдүн сага берген эң кымбат белеги кайсы болду?
– Туулган күнүмдө алыста болуп калдым. Мээрим мага сүрөттөрүн, каалоо-тилегин, эң жагымдуусу, өзүмө айта албаган сүйүү сөздөрүн дискке жаздырып, салып жибериптир. Алыста куса болуп жүргөн жаным, мындай жан эргиткен сүйүү сөздөрүнөн кийин өзүмдүн аябай бактылуу экенимди сездим...

– Мээримге тизе бүгүп бриллиант чөгөрүлгөн шакек тагып, турмушка чыгуусун суранган экенсиң...
– Туура, сүйүктүүмө дайым жага турган нерселерди жасагым келет. Бир жолу Малайзияда окуп жүргөндө да сюрприз кылам деп дарегин алып, өзүм жалгыз барып калгам. Номеримди да роумингге туташтырып алып, Малайзияда экенимди билдирген эмесмин. Анан эле эшигинин коңгуроосун басканда мени көргөн Мээрим ушунчалык сүйүнгөн. Ал эми жазында Америкада чыныгы мырзалардай тизе бүгө бриллиант көздүү шакек тагып, мага турмушка чыгуусун сурандым.

– Анан дароо макул болдубу?
– Ага чейин бир жарым жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Андан мурун "менин сүйлөшкөн кызым бол" деп сунуш кылганда да макул болгон. Экөөбүз бири-бирибизди жактырып, арзышып жүрсөк, сүйүктүүсү менен турмуш куруу ар кимдин тилеги болсо керек. Айтор, меникиндей бакытты ар бир эркекке каалайт элем.

– Эми маекти бул суроо менен жыйынтыктайлы, той качан?
– Кульминациялык сурообу, ха-ха-ха?! Жазында деп жатабыз, буюрса. Бойдок кезимде концертимди берип алсам, анан план боюнча буюрган күнү той жейсиңер.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Мирбек Атабеков: "Буюрса жазында үйлөнөм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(76)
16.10.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бакыт каалаймын .кудайым ар бирибизге мына ушундай бакыт берсин !
16.10.2012. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Maladets.aiabai jakshy joop beriptir. Ishine iigilik onorun orkundoi bersin. Karmashkan kolunar e4 uzulbosun...
16.10.2012. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эгиз козуго булар окшош тугойлор бактылуу болушат дечу беле анда эмесе оргинал бакытка жеткиле мирбектин унуно соз жок
16.10.2012. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула!соонун пара караган сайын суктанып карай берем,ишине ийгилик.
16.10.2012. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол!чын эле Екатеринбургга келгенде ооруп калды,бирок куйормандарына жакшынакай ырдап берип кетти,ийгилик сага.
16.10.2012. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сага! Мээримге жет!
16.10.2012. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне демекчибиз ийгилик суйлошкон кызы никити деген сериалдагы кызга окшош экен
16.10.2012. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек сага ийгилик,онорун оркундой берсин, сенин ырларына баа берем вокалдык жактан сабатын жок болсо да талантына баа берем. омурун узуун болсун. бирок ()
SUPER.KG видео
16.10.2012. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула)
16.10.2012. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок (Меникиндей бакытты баррдык эркекте болсо дейм) бул созун бир аз ашыкчараак болуп калды ар бир эркектин бакытты ар кандай болушу мумкун. балким сеникинен кучтураак бакыт бардыр. ал соз мактанганга жараша болуп калды.
SUPER.KG видео
16.10.2012. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жагат Мирбек, аябай жакшы)))
16.10.2012. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула.
17.10.2012. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Идеальная пара болчудай бири бирине окшоп.Бактылуу болгула! Ал эми берген интервьюнуз мага жакты. Азаматсыз Мирбек! Мен сиздин номер биринчи куйорманынызмын.
17.10.2012. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Мирбек... Сага биринчиден ден-соолук ким менен болсон да бктылуу бол!!! Чыгармачылык ийгилик. Жолун жышыр болсун! Коро албагандардын бир жери куйуп калсын! Молодец!
17.10.2012. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишти да иштей билгенге бер дешет го,ар бир ырды майын чыгара аткарганы учун калын журттун сыйына татып жатат. 5 минутадан кийин эмне болом билбейм деп максат койбой койсо да болбойт го, жакшы тилек жарым ырыс деп,ниет кылсак Жараткан берет. Мирбектей ырчы бар экенине рахмат. Козго басарыбыз ушул го.
18.10.2012. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
18.10.2012. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол! Чыгармачылыгына ийгилик!
18.10.2012. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээрим Мирбекке пара эмес экен...
19.10.2012. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayku,Таластык болсо эле эмне болуптур?таластыкмын деп эле мактана бериш керекпи?ар жерден чыккан таланттар бар.Мирбек коп кыйын суйлоп,мактана бербей башка бироолордун да талантын бааласан боло!!!
19.10.2012. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суротто Бред Питт жана Анджелина Джолиге окшошуп калышыптыр
20.10.2012. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга, Мирбек! Унун очпосун.
21.10.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin suiuktuum Mirbek, kyzym Meerim! Sovpadenie... Baktyluu bolgula deiyn desem, baktyluu ekensiner. Tubolukko bolsun! Biz dagy:))
SUPER.KG видео
23.10.2012. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо биринчи туура жазанды уйронсонор боло.БУЮРСА дебей а может БУЮРУСА.Уят да ушул.
SUPER.KG видео
23.10.2012. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guljamal, туура жазууну үйрөнгүчө, эрежелерди да окуй келиңиз!
3 күн убакыт кенен-кесир жетсе керек сизге?! БАН!
Модератор admin_MiranA түзөттү 23.10.2012 14:12
23.10.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мирбек романтик турбайбы......ооооооо.......озунчо эле......ичим куйотат
29.10.2012. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишинизге ийгилик Мирбек байке, ден соолук, бакыт каалайм!
SUPER.KG видео
10.11.2012. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакытын озуно кут болсун! Ырчылардын арасынан ээээннн жакшы коргон ырчым! Чыгармачылыгына ийгилик, ар дайым жузунон кулку, уйунон кут кетпесин! Алга Мирбек!
SUPER.KG видео
10.12.2012. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oskar_nazarbaev_kz,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөргө жана кимдир бирөөнүн дарегине айтылган негизсиз күнөөлөөлөргө, кадыр - баркына терс таасирин тийгизген (шек келтирген) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! 20 күнгө бан!
Модератор admin_media түзөттү 10.12.2012 09:57
SUPER.KG видео
11.12.2012. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында радиодон жаны ырын уктум... ким билет эмне деген ыр?
06.05.2013. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы ырды ырдабасын хит
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо