№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж
1990-жылы Ошто улуттар аралык кагылышуу чыгып, элдин ынтымагы, ыркы кетип турган маалда ошол кездеги ырчы, обончу, учурдагы Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов уулдуу болгон. Элдин амандыгын тилеп, наристесине Эламан деген ысым ыйгарып, ага арнап ыр да жазган. Ошол Эламан эр жетип, 22 жашка чыгып, бүгүн атасы тууралуу маек куруп отурат.
– Кандайсың, Эламан? Маегибизди «Ибрагим Жунусов кандай ата?» деген суроодон баштасак...
– Жакшы, рахмат. Менин атамдай ата дүйнөдө жок. Сыртта кандай болсо, үйдө деле ошондой. Оор басырыктуу, чектен ашып кетсең гана катуураак айтышы мүмкүн, болбосо өз калыбынан жазбайт.
– Атактуунун уулу болуунун пайдасы көппү же зыяныбы?
– Пайдасы жөнүндө айта албайм. Балким, тийип жаткандыр, бирок мага байкалбайт деле. Атамдын атын колдонуп, жеке өзүмө тиешелүү ишимди бүтүрбөйм. Бирок атам менен сыймыктанам. Ал эми зыяны туурасында айтсам, пайдасына караганда көбүрөөк го дейм. Экөөнүн тең жоопкерчилиги чоң.
– «Зыяны тийип калат» дегениң кандай?
– Мисалы, жакында эле гезит беттерине «Ибрагим Жунусовдун баласы Эламан Ысык-Көлгө эс алганы барып, ал жакта мас болуп, бир таксистке тапанча кезеп ок атып, милицияга түшүп калыптыр. Министр атасы үч машина менен барып, ошол замат чыгарып кетиптир» деген маалымат чыкты. Жөнөкөй адамдардын балдарын мындай жалган ушак кептер ээрчибейт да. Көлгө барганым чын, калганынын баары – калп.
– Мындай учурларда атаң эмне дейт?
– Атамдын катуу урушканы – мен үчүн эң чоң жаза. Ошондо мени катуу эле урушкан. Бирок түшүндүрүп, сүйлөшкөндөн кийин кайра «ооба, сага ишенем» деп калды. Атама эң чоң далилим эле өзүнүн Ысык-Көлгө барып мени милициядан чыгарып кетпегени да.
– Кичине кезиңде сени кантип жазалачу эле?
– Мени аябай эркелетип өстүрдү. Эмне гана кылбайын, урушчу эмес. Ар дайым сөз менен гана түшүндүрүп коймою бар. Андайда, албетте, өзүңдү ошондой мамилеге татыктуу алып жүрүүгө аракеттенесиң.
– Атаңдын сен үчүн ыйлаган күнү болду беле?
– Ооба, мен анда 3 жашта болчумун. Ойноп жүрүп астынан түтүктөр өтчү люкка кулап кеткем. Менин кыйкырганымды уккан атам чуркап келип чыгарып алган. Чыккандан кийин карасам, коркконунан жашып алыптыр. Ошондо «ата, эмне ыйлап жатасыз? Мен ыйлабай эле турамын го...» дептирмин. Ал күн менин эсимде, анан да үйдө ушул окуя көп айтылчу.
– Атаң экөөңөрдүн ортоңордо пикир келишпестиктер болобу?
– Жок, андайдан Кудай сактасын. Атам эмне десе, ойлонбостон туруп макул болууга дайым даярмын.
– Сырдашасыңарбы?
– Сыр айтышууга достор бар дегендей, сырдашпайм деле. Бирок күн сайын эмне жумуш кылбайын, кеңешем.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 | 2 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |