Бек Борбиевдин уулу Хан-Бото Берадор:«БЕК БОРБИЕВДИН БАЛАСЫ ДЕП КЫЗДАР ЖАБЫША БЕРИШЕТ»

№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж

КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевди ырчы, мамлекеттик кызматкер катары жакшы тааныйбыз. Бирок ал үйдө кандай ата? Бул суроого уулу Хан-Бото жооп берсин. Бек мырзанын улуу баласы Хан-Бото менен маектешкенибизде сүйлөгөн сөзүнөн тарта мүнөзүнө чейин атасына окшош экенин баамдадым.

– Кандайсың, Хан-Бото? Мүнөзүң атаңа окшош го, ээ?
– Ооба, мүнөзүмдү да, келбетимди да окшоштурушат.

– Атаң сени эркелетеби?
– Жок. Мен улуу баласы болгондуктанбы, мага караганда иним менен карындашымды көп эркелетет. Кичине кезимде эркелеткенин деле эстей албайм. Анын үстүнө атам андайды жаман көрөт. Мага кээде «кийин балаңды көп эркелетпе» деген кеңешин айтып калат.

– Көп кеңешип, сырдашасыңарбы?
– Керектүү учурда акылын айтат. Кыздар жөнүндө гана кеңеш сурабайм, калган учурларда кайрыла берем. Экөөбүз көбүнчө чогуу шоппингге барабыз. Чындыгында, кийим тандоо жактан атамдын «вкусу реальный».

– Бек Борбиев деген ысым сенин жашооңо кандай таасир берет?
– Көбүнчө терс таасир берет. Мисалы, көпчүлүк кыздар мага Бектин баласы болгонум үчүн тийишип, жабыша беришет. Мен андай кыздар менен сүйлөшкүм келбейт. Өзүмдүн сүйлөшүп жүргөн кызым бар. Кээде МАИ кызматкерлери токтотуп калышса, «сен Бектин баласы турбайсыңбы, ырдап берчи...» дешет. Андай абалда да өзүмдү ыңгайсыз сезем. Кыскасы, атамдын атын пайдалануудан алысмын.

– Келбет, мүнөз жактан атаңды тартыптырсың, ырчылык жактанчы?
– Ырчылык талант менде жок. Көпчүлүктүн көзүнчө ырдабайм дагы. Кээде гана машинада баратканда музыка коюп алып кошулуп ырдап калганым болбосо.

– Атаңдын чыгармачылыгын баалаарыңда шек жок. Бирок «Уулуң мага окшогон» деген сыяктуу ырларына кандай карайсың?
– Ал чыгармачылык да, үйдө атамдын ырлары жөнүндө сөз деле кылбайбыз.

– Бек Борбиевди таланттуу ырчы, обончу катары билебиз. Үйдө кандай ата?
– Атамды тартипке катуу дегендерге кошулам, бирок дайыма эле эмес. Кээде үйдө биз менен ойноп, тамашалашып калат. Мени эркек катары жакшы түшүнөт. Апам урушуп жатса, мага болушуп, калыс сөзүн айтат. Ачуусуна тийсең, анда, албетте... Бир жолу 4-класста болсо керек эле, бир жумада күндөлүгүмө 3 жолу «2» алып келип аябай катуу уруш жегем, 2-3 жолу чаап да калган. Бул нерсе кийин мага оң таасирин берип, жакшы окуп калдым. Атам мага чын дилинен көп нерселерди үйрөтөт. Айылга барганда дайыма чогуу аң уулоого чыгабыз. Жайкысын балык кармаганга барабыз. Биринчи жолу 5-классымда мылтык атканды үйрөткөн.

– Өзүң жөнүндө да кыскача айта кетсең...
– 1992-жылы 25-майда төрөлгөм. Учурда Бишкектеги Юридикалык академиянын сот-прокурордук факультетинде 3-курста окуйм. Келечекте, буюрса, элге кызмат кылгым келет.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(60)
16.10.2012. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
RIO podderjivayu!!!! jatyr batyr,kelin ketin debei tuura suilow kerek da kyrgyz bolgondon kiyin. kaidagy ozbek-kazaktardyn sozun kowup albai
20.10.2012. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cunade, сабаттуу боло бербечи? Эгер сабаттуу болсон баарын билет болчусун, ким кантип суйлоорун, эмнеге андай деп суйлоорун.
16.10.2012. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ал эми оозеки кепте ар ким каалагандай сүйлөй берет да, ким аларды көзөмөлдөй алат... Орусча ж.б. кошуп, аралаш... Балким, сиз "Супер-Инфодон" эмес, башка жактан, жазуу турундо эмес, оозеки суйлошуулордон кездештирсениз керек. Андыктан бул сыныңыз бул жерге туура келбейт деп ойлойм.
16.10.2012. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
А Бек байке төгөрөгү төп келген мырза, уулу да мыкты жигиттерден болоруна ишенем.
16.10.2012. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RIO, туура, коомду адабий тилде сүйлөөгө үндөөбүз керек. Бирок диалект сөздөрдү такыр колдонбош керек дегенге кошулбайм. Башка тилдердеги сөздөр менен сөз байлыгыбызды кеңейткенче диалект болсо да ал биздин сөзүбүз. Орундуу учурда колдонсо боло берет.
16.10.2012. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бээ десе тоо дейсинер, туугандар! Бек Борбиевдин баласы тууралуу кеп болуп жатат го макалада, анан эмне эле кайдагы бир создорду мисал кылып (не в тему), тундук-туштук деп козутуп жатасынар элди?! Тема боюнча эле талкуу жургузсок?! Мен коргон жокмун текстте андай создордун (диалект) колдонулганын. Байкашымча, "Супер-Инфодо" макалалар адабий тилдин нормасында эле жазылат.
16.10.2012. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
РИО, бир жагынан сизге кошулбайм, анткени бул текстте сиз айткан "болуң", "келиң", "барың" деген создор колдонулган эмес. Байкашымча, "Супер-Инфо" дайыма адабий тилдин нормасын сактоого аракет кылат. Кээ бир корком чыгармаларда сиз айткандай создор (диалект) атайын колдонулат, кайсы бир аймактын, элдин, доордун озгочолугун таамай чагылдыруу максатында.
16.10.2012. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул коммент-ди 6-жолу жоноттум окшойт, эмне болуп жатканын тушунбодум!
16.10.2012. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
РИО бир чети туура айтат.Ал жон жеринен айтпай эле да.Куйгонунон айтып жатат да. Айрыкча мениям, сениям, кудду, даддыл, ака ука деген создор жинди келтирет да..Улут болсом тилим менен улутмун,-деген соз бекеринен айтылбаса керек.
18.10.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Karakolskiy, Омурундо газета китеп окуган белен, Озбекстанда 12 диалектика, Казахстанда 16сы катталган, а бизде болгону 2 диалектика болуп жатат. Адабий тил деген эмне тушуносунбу деги, Т.Касымбековдун мурдагы чыгармалары башка, кийинки "Кыргын " чыгармасы башкача диалектиде жазылган, анын эмнеси бар
16.10.2012. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бек аке зор ырчыда, магаям ырлары абдан жагат :-)
17.10.2012. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бек ака катта ырчы да,ырлары ото сонун угумдуу.Анан да RIO сага айтаарым,кулагына катуу,козуно жаман корунсо окуп,укпай кой супер инфону.Бектин баласы ийгилик сага.
17.10.2012. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
baibolot71, мен Супер-Инфону окубаган кундо да сендейлерден кутула албас болдум го! Ар ким озунон баштаса.
20.10.2012. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RIO, кутулбасан кирбе, кирсе тушунуп, ойлонуп жаз. Диалектика, болуп келген, боло берет, жок болбойт.
17.10.2012. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Karakolskiy, бөлүнүп-жарынып, башка колдонуучуларды кемсинтип, асылып отурбай, жогорудагы маек жөнүндө пикирлерди гана жазабыз! Сизге чоң эскертүү. Мындай көрүнүштү кайталасаңыз, узак убакытка коштошобуз!
17.10.2012. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул нерсе баарыңарга тиешелүү! Ар кимдин сүйлөө өзгөчөлүктөрүнө асылмай жок!
17.10.2012. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аты айбан го, ХАН_БОТО_БЕРАДОР - деп. МАТАДОР деп койсо болмок го...оооо БЕКтин да опкосу казандай. Ушул жигиттин тубу Талас болуш керек.
19.10.2012. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ingos_kg,Эн сонун коммент,молодец
17.10.2012. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
janet RIOго тийип албайсынбы кошооматык кылбай
19.10.2012. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shkiper, баарынар Rio менен janetке асылыпсынар го туура айтат ар бирибиз озубуздун диалектибизди кошпой таза адабий тилде суйлошубуз керек сындап эле жата бербей оз башыбыздагы ТООну корсок
17.10.2012. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ingos_kg ха ха ха боорум ай укмуш коментарий бирок бек байкенин талантына соз жок кээде гана озун евро сезип алат бирок уулу озундой салмактуу оор басырык токтоо адам экен
18.10.2012. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ха ха ха
18.10.2012. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бек братта бирок талант бар, жок эмес. Жакшы ырлары коп.
18.10.2012. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Баарыбыз эле кыргызбыз да! Бирок ар ким кандай кааласа ошондой суйлойт! эми Туштук туугандарыбыз таарынбыгыла!анан Таласстыктардын ешигинин алдына да таш ыргытпагыла!революцияда абдан патриоттугун коргозушкон!а эми Бек байке каятык болсо да биздин ага тиешебиз жок абдан жакшы ырдайт жана ушундай ырчылар кыргызда коп боло берсин!
18.10.2012. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маектен да коментарийлер кучтууго ичим ооруп калды куло берип качан онолобуз?
18.10.2012. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Диалектика башка, ал философияга тиешелүү, ал эми диалект десе туура болот.
Кыргыз тилинин тазалыгын сактап, эне тилибизде көркөм, куюлуштура сүйлөгөнгө жетишсек, ал биздин жеңишибиз болмок.
18.10.2012. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыскасы мен дагы РИОну колдойм ар дайым туура сүйлөгөндү үйрөнүш керек!!!
19.10.2012. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
sultan.kg,
Мен дагы РИОну колдойм.
19.10.2012. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
TalanT91, башка колдонуучулардын оюн сыйлаганды үйрөнүңүз! Сизге эскертүү!
19.10.2012. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
обожаю Бектин ырларын
19.10.2012. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
men bombanyn sozuno tolugu mn koshulam misaly ANglis tilin alsak kandai gana dialekt jok osholor tartyshsa bolot ko? ar bir regiondo dialekt bar anan ar bir adamdyn ozunun erki kaisy dialekti koldonom dese mynday tunduk dushtuk tuura emes tem bolee siler bashka olkodo jursongor uiat emespi?
19.10.2012. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биримдуу улут кучтуу мамлекет.бек ака рахмат сизге ырларыныз расса жагат
19.10.2012. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар качан бири-бирибизди сыйлаганды колдогонду уйронобуз деги
20.10.2012. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бек байкенин ырлары канчалаган жыл отсо да угулуп келет. Биздин поп-король! Ал эми анын уй-булоосу жонундо айтылган жаман создор, бул жон гана коро албастык. Бироо алдыга кетип жатса буттан тартып, же болбосо ушактап соз кылышат.
21.10.2012. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баласы аябай жакшынакай экен
23.10.2012. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tatakozy atyn ukmu6 eken gooooo.....tata ulandyn sarayinan kelgensin go.
01.11.2012. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
РИО албетте туура нерсени айтып жатат,болунгон эч Ким жок,тундук-туштук деп,болгону кыргызча суйлойлучу,мениам сениам,ака ука дебей,сарттардын тилин суйлойбойлучу Кыргыз туугандар!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо