ТАГДЫР ОЮНУ-2

№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж

(Башы өткөн сандарда)  

Жашыруун сыр ачыкка чыкты. Бирок ал Бегимай менен Аскарды жеңилдете албады. Ал эми Азирет дагы деле Бегимайды бир көргөнгө зар. Бегимай «чалам» дегени менен чалбады. Азирет эми андан да кооптуу оюнду баштады. Коридордо жолугуп калган Мурат менен атайын токтоп учурашып, «күйөө бала, силерди конокко чакырайын дегем. Дем алыш күнү келип кеткиле. Бирок Бегимайга менин чакырып жатканымды айтпай эле кой. Мен да аялыма айтпай сюрприз жасайын деп ойлодум» деди. Жетекчисинин бул сөзүнө таң калганы менен, Мурат аргасыз башын ийкеди.
Ойго тунуп турган күйөөсүнүн ийинине башын койгон Бегимай анын бир нерсеге тынчсызданып турганын байкады.
– Сага эмне болду, Мурат?
– Эч нерсе, чарчасам керек.
– Бир нерсе сени кыйнап тургандай...
– Бема, бир суроо берейинби?
– Ии...
– Сенин мурунку жашооңдо Азирет Аскарович кандай роль ойногон?
Бегимайдын жүрөгү солк эте  түштү. Башын көтөрө аны тиктеп калды.
– Эмне болду?
– Билбейм, Азирет негедир сага жолуккусу келгендей, а сен андан качып жүргөндөй таасир калтырдыңар мага... Ал мага бүгүн жолугуп, экөөбүздү мейманга чакырды. Бирок сага айтпашымды суранды. «Аялыма сюрприз жасайт элем» дегендей мааниде айтты. Бирок...
– Мурат, анын аялы Алина экөөбүз бир кезде жакшы курбулардан элек. Балким, алыстап баратканыбызда жакындаткысы келгендир. Ошон үчүн эле ушундай ойго кабылдыңбы?
Мурат өзүнө тигилип турган көздөрдү аяр өөп алды.
– Мен сени жоготкум келбейт. Билесиңби, кээде арман кылам. Сени менен эч нерсе боло электе жолуксам, ошол кездеги ак, таза жүрөгүңө ээ болсом кандай жакшы болмок. Мен сенден эч нерсе сурагым келбейт. Мурунку жашооң экөөбүздү алыстатат деп ойлоп, ошондон сени сактагым келген. Мен сени жакшы көрөм, Бегимай!Мындай сөздөрдү уккан ар бир аял өзүн бакыттын жетинчи кабатында сезмек. Бирок бул сөздөр Бегимайдын дилин өрттөп, муунтуп жатты. Эх, бүт баарын айтып бере алса кана?! Эмне болгон кыйноодо жүргөнүн, кандай дил азабынан кыйналып жатканын айтса, балким, ошондо көкүрөгүн өйүткөн оордуктан кутулат беле... Азыр эч нерсе кыла албайт, тек күчү көз жашынан чыкты.– Эмнеге ыйладың?
– Кубанып, жаным. Мен сендей жакшы адамга, ушундай сүйүүгө туш болгонума бактылуу болуп ыйладым. Эч нерсеге карабай мага жылуулук бересиң. Сенсиз мага алда канча оор болмок. Мени эч качан таштаба, билбейм кийин кандай жагдай болот, ким сага мен тууралуу эмне айтса да мени таштаба. Мен сенсиз алсызмын...
Мураттын кучагында Бегимай ысык жашка бетин жууп ушуну айтты.
Азирет терезеден алысты тиктеп ойлуу отурган. Телефону шыңгыр эте көңүлүн бөлдү. Тааныш номерди көрүп жүзүнө күлкү аралады.
– Алло...
– Менин үй-бүлөмдү тынч кой. Жанымды кыйнабачы, Азирет. Эмнеге бизди конокко чакырдың? Кандай кооптуу оюнду баштадың билесиңби?- деди Бегимайдын кысылыңкы чыккан үнү.
– Андан башка эч нерсе оюма келбей койду. Эмне кылайын менден качып жатсаң?..
– Унут мени!
– Анте албайм. Жок дегенде бир жолу кездешүүбүз керек.
– Жок!
– Мен сага андан кийин жолобойм... Бир жолу ээн жолугалы. Мен сага баарын айтып берем. Ансыз тынчый албайм. 
– Жок! Барбайм, суранба менден. Азирет, мага кандай гана оор экенин билген болсоң...
Азирет бир топко үн катпай турду да, акырын шыбырады.
– Сен өзүң деле келгиң келип жатат, билип турам... Мен сени кандай сагынсам, сен да сагындың мени. Сен менсиз жашай албай баратасың. Көчөдөн карааным көрүнүп калабы деп сен да мени издейсиң. Баш чайкаба, баары ошондой. Сен менден кеткенден кийин катуу өкүндүң, ыйладың, сагындың. Мен да ошенттим. Ачуум менен Алинага үйлөнүп алганыма катуу өкүндүм. Уфф, ушунун баарын сага айтып беришим керек. Мобул жерим ооруйт да турат. Кел, суранам... Сен коркуп жаткан нерсе экөөбүздүн ортобузда болбойт.
Бегимай оор улутунду.
– Күтөм! Мен айткан дарекке эртең саат 7де кел.
Ушуларды айткан Азирет шашыла трубканы коё салды. Бул жолу ашыгынын келерин жүрөгү сезип турду.

ххх

Саатын улам-улам карайт. Ар бир мүнөт сайын өлүп, кайра тирилип жаткандай болду жигит. 7:30 болгондо эшик аяр тыкылдады. «Бема!» деди өзүнөн мурун жүрөгү. Эшикти ачып күлүмсүрөй берди.
– Салам!
– Кандай?!
Бөлмөгө кирген Бегимай айланасын чочуй карады. Экөө тең бир топко үнсүз туруп калышты.
– Убактым аз эле. Мурат жумуштан келип калат.
– Оюмда көп эле нерсени айтам деп ойлогом. Азыр сөз табылбай жатат...
– Азирет!
– Ов!
Бегимайдын капкара каректери жалтана түштү.
– Мени коё бер. Оюңдан да, жүрөгүңдөн да чыгар мени...
Азирет Бегимайды так көтөрө кучагына кысты. Канчадан бери күч менен кармап жүргөн сезимдерине эми ээ боло албай калды. Кандайдыр бир албуут күч алып учуруп, дүйнө чимирилип бараткандай сезилди.
– Коё бере албайм! Сен меникисиң!
– Азирет, Ази... Суранам, менин алсыздыгымдан пайдаланба. Мен сени... мен сени... Сүйөм!
 Ушул сөз Азиреттин чарк айланган дүйнөсүн токтотту. Өзүн күч менен токтотуп, Бегимайдын чачтарынан аяр сылап, көзүнүн жашын акырын сүрттү.
– Мен эч качан сени эркиңден тыш мажбурлабайм. Сени сагындым. Жытыңды сагындым! Көзүңдү сагындым!
– Мен кыйналдым. Мурат экөөбүз үчүн, биздин тагдырыбыз үчүн күнөөлүү эмес. Анын жапа тартышын каалабайм. Уулум, сенин үй-бүлөң... Ушунун баары экөөбүздүн айыбыздан кыйналышат. Ошол адамдарды кыйнап, экөөбүз бактылуу боло албайбыз. Туура, мен адашып калдым. Сени, жалгыз сени сүйөрүмдү кечигип түшүндүм. Ал кезде Аскат деген азабым бүтө элек кез болчу. Жараатым али ачыштырып турган. А сен келдиң да, анын ордун ээлеп алмай болдуң. Мен Аскатты али унута албай жүргөнүмдү, мезгил жараатымды дарылай элек экенин түшүнгүң келбей койду. Адатыңча мени шаштырдың. Менин даяр эмес экенимди билбей туруп барып үч күндүн ичинде Алинанын колун сурап, макулдугун алганга жетишипсиң. Ах, Азирет, менден өч алуу үчүн гана ошону кылганыңды түшүнбөдү дейсиңби...
Сени унутуш үчүн, дегеле оор өтмүшүмдү унутуш үчүн кеткем. Бирок Мурат жолукту. Ал менин жаралуу жүрөгүмдү гана айыктырган жок, Мурат мени жашоого кайрып келди. Эгерде сен жолумдан жолукпасаң... Эки ортодо кыйналдым.
Азирет кучагында ыйлап, мөгдөп, бар сырын ортого салып турган перисин жаны ачыша аяды.
– Мени ушунчалык таш боор дейсиңби?! Сенин абалыңды түшүнүп турам. Айрыкча уулуңду көргөндөн бери менде уйку жок. Балакай ушунчалык сүйкүмдүү, адамга жакын экен. Колума алыштан, кучагыма катуу кысып коркутуп аламбы деп корктум. Көздөрү капкара, сенин кичине кезиңди элестеттим. Мени эч нерсени ойлобойт дейсиңби? Ал атасы менен эркелешип отурганда ичимдин өрт болгонун сураба. Ал бала да, анын апасы да меники болушу керек эле.
Азирет менен Бегимай көпкө сырдашышты. Жүрөктүн түпкүрүндө катылып жаткан сырларын айтышты. Туура, Бегимай бир гана сырын айтууга батына албады. Бул жолугуу эки жээкте, эки башка калкып жүргөн эки адамдын дилин бириктирди. Мурункудан да жакын, ысык болуп баратышканын өздөрү да байкашпады.
– Мен сенден эч нерсе суранбайм, Бема! Сенин кыйналганың мага өзүмдүкүнөн да оор тиет. Болгону, менден качпа. Сени көрбөй калсам, мага дем жетпей кетет. Мен каалаганда, сен каалаганда жолугушуп туралы. Башка эч нерсе сурабайм. Атүгүл каалабасаң колумду да тийгизбейм. Суранам, менден качпа, ушул жерде экөөбүз жолугушуп туралы.
Бегимай аргасыз баш ийкеди. Экөө тең бири-бирин алдап жатканын, жөн гана бүтүп кала турган мамиле эмес экенин сезип турушту. Бирок экөө муну менен эле токтоп, чекит коюп басып кетишке эрки жетпей, кыйыла коштошушту. 

(Уландысы кийинки саныбызда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Башка сандарда:
ТАГДЫР ОЮНУ 451-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 452-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 453-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 454-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 455-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 456-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 457-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 458-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 459-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 460-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 461-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 462-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 463-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 464-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 465-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 466-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 467-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 468-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 469-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 470-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 471-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 472-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 473-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 474-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 475-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 476-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 477-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 478-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 479-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 480-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 481-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 482-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 483-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 484-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 485-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 486-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 487-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 488-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 489-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (жаңы сериал) 508-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 509-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 510-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 511-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 512-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 513-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 514-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 515-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 516-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 517-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 518-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 520-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 521-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 522-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 523-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 524-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 525-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 526-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 527-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 528-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 529-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 530-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 (жаңы сериал) 557-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 558-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 559-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 560-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 561-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 562-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 563-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 564-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 565-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 566-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 567-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 568-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 569-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 570-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 571-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 572-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 573-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 574-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 575-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 576-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 577-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 578-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 579-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 580-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 581-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 582-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 583-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 584-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 585-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 586-сан
Комментарийлер(30)
15.10.2012. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуштар десе
15.10.2012. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогум ий журогум ооруп кетти
15.10.2012. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИИИ десен.экоо бирин бири суйушот экен эээ.
15.10.2012. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi ekinchi bolup men okupmun e?. Dagy bir juma kutuw kerek ehhhhhh "tagdyr oiunu"
15.10.2012. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир жума....
15.10.2012. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ооруп кетти.эми кантишет экен?..бири бирин кыйа албай алина менен мураттын убалына калышпаса экен.
15.10.2012. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оой менин да журогум ооруп кетти.
15.10.2012. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуу нени гана кылбайт
15.10.2012. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунчалык таасирдуу чыгарма. Журок журок оорулуу боломго чыгарма буткончо.
15.10.2012. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх суйуу, канча адамдын журогун жаралайт. Дагы бир жума...
15.10.2012. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурат менен Алина экобуна кыйын болду!
Азиреттинда Бегимайдында мээси жок экен!
15.10.2012. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошону айтсан уже окугум келбейт мурат менен алинаны жалко
15.10.2012. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кунду мен да коп куттум, кызыктын кызыгы дагы алдыда.
15.10.2012. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуу таш боор,ошондой кыйын,эки жак тен кыйналып алар менен кошо биз да кыйналдык го ээ?
15.10.2012. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vaaaaaaauuuuuuuuuuuuuu dagy bir apta
men da owondoi suiuu kaalaim
15.10.2012. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх суйуу суйуу...журокту эздиго дагы бир жума.
16.10.2012. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ah demim kisilip,dene boum durkurop! Men da uwundai suiugo kabilsam eken,kudaidan suranam albette 4oguu bolsok eken.
16.10.2012. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suiuu muktaj bolgon adamga emes, tatyktuuga berilet, jurok suluu adamga emes, suiuunu kotoro algan adamga berilet deit. emi dagy bir juma kutobuzbu
16.10.2012. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бул окуяны жакында эле окуп баштагам, аябай тасирлуу экен, ар бир болугун окуган сайын журогум ооруйт, жашоодо да ушундай окуялар болсо керек деп ойлойм,дагы бир жума кутуу,чыдамсыздык менен кутом
16.10.2012. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En kiziktuu chigarma,adamdin bashina bul jashoodo neler kelbeit,tagdir kandai chimirse,adam oshondoi chimirilet da.Ekoo birge bolushun kaalait elem.
16.10.2012. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул боюнча, бутуп калса экен десенер.
Аскатын суйуусу булардын да махабатынан. Окунуч туудурабы деп жатам да.
16.10.2012. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myna sYiYY.
16.10.2012. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир жума...
17.10.2012. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айзирет Бегимди суйбойт просто конуп калган адаты.....
17.10.2012. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koky85, биринчи санынан. Баштап окусан анан. Билет элен да кандай эле суйбойт экенин.
18.10.2012. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бема ар кайсы бала менен учурашып журо берет экенда э? Ээри бар туруп башка бироо менен жоолугушуп журот!
19.10.2012. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanat.kg, Азиретти айтып жатат окшойсуз э, ал ар кайсы бала эмес. Баласынын атасы.
19.10.2012. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Просто мария болдуго булар бутпойтко
21.10.2012. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
беманьн еси жок екен
28.10.2012. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйлап да алдым кандай жакшы болмок еко туболук бир болсо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо