Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КЫРГЫЗДЫ КОРЕЙ, ТҮРК СЕРИАЛДАРЫНАН АЛЫСТАТАБЫЗ»

№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж

Ырчыларга жан дили менен берилген чыныгы күйөрмандардын бар экени талашсыз. Ильяз үчүн ыйлап, күн сайын сүрөтүн карап келечегине үмүт арткан кыздар көп эле болгон. Ырчынын ырынан идея жаралып, тасма болуп тартылып калган «Азап» 1-октябрдан баштап Кыргызстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлүп жаткан чагы.

ИЛЬЯЗДЫН АЗАПТУУ СҮЙҮҮСҮ ЧАГЫЛДЫРЫЛАТ
Малика – кыялкеч, шайыр мүнөз, бир үйдүн жалгыз кызы. Тасма Маликанын өз башынан өткөн окуясын жазып, радиолордун бирине таштаганынан башталат. Катта анын ырчы Ильяз Абдыразаков менен болгон сүйүүсү баяндалат. Ильяз
www.super.kg сайтына түз байланышка келгенде Малика учурдан пайдаланып ага кызыктуу кат жөнөтөт да, ырчы менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алат. Ошол күндөн баштап экөө бири-бирине жакындап, мамилелери сүйүүгө айланат. Бирок бул таттуу учурлар көпкө созулбайт. Сүйүүлөрү азап менен аяктайт. Эки жаш махабаттын кандай кыйынчылыктарына малынарын чындыгында өз көзүң менен көргөн кызыктуураак.
Тасманын идеясынын автору Самаган Акматов төмөндөгүлөрдү баяндап берди:
– Ильяздын «Азап» аттуу ыры менин көңүлүмө жагат. Аны уккан сайын өзүмө жаңы идеяларды алам. Ырдан эргүү алып, 5-6 клип жараттым. Бир ирет
«Супер-Инфонун» сайтына кирип калып, ал жактан да бул ырдын дарегине жалаң жакшы комментарийлердин жазылганын көрдүм. Ыр менен байланыштырып тасма жаратса болчудай деп ойлоп койгом. Ошентип, достор менен тасма жаатында иштеп көрүүнү чечтик. Жыйынтыгы жаман эмес. Көргөн элдин купулуна толуп, көзүнөн жаш айланткан тасмага айланды. Азаптуу сүйүүнү баяндаган биздин бул чыгарма кыргыздарды корей, түрк тасмаларынан алаксытып, кыргыз тасмаларына көңүл бурдуруу максатын да камтыйт.

КАЙРАТ НУРТАС ДА РОЛЬ ЖАРАТКАН
«Азаптын» коммерциялык максаты бар экенин анын жаратуучулары жашырышпайт. Коммерциялык болгон күндө да, чыгармачыл топ карапайым калктын жан дүйнөсүнө жакын, жөнөкөй тасма тартуу үчүн көп эмгек жумшап, толук 5 ай ушул иш менен алек болушкан. Алар «Азаптын» көп тасмалардын арасынан суурулуп чыга аларына ишенишет. Ал эми Кайрат Нуртастын роль жаратышы – бир четинен казак-кыргыз достугунун чагылдырылышы. Кайраттан тышкары Ильяздын «Лейли», «Апакем, ай» аттуу ырларын казакчага которуп ырдап жүргөн казактардын «Каспий» тобу, алпаруучу Бактыбек Мамытов, ырчы Өктөм Сапар уулу, актёр Аскат Эрбаев, актриса Рахат Аксултанова жана башкалар тасмада роль жаратышкан. Кыскасы, «Азапты» көргөн жан арманда калбасына көрүүчү, аткаруучу, жаратуучулар ишендиришет.

«Азап» тасмасы
Жанры – Драма
Идеянын автору – Самаган Акматов
Режиссёру – Нургазы Калдаров
Продюсери – Ааламбек Сарыбаев
Оператор – Канат Алыбаев
Башкы ролдордо – Ильяз Абдыразаков, Гүлназ Нуралиева

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Башкы ролдогу Гүлназ Нуралиева кыргызча жакшы сүйлөй албайт. Гүлназдын үнүн корей кызы коштогон.
  • Тасма бет ачарына 4 саат калганда гана толугу менен бүткөн.
  • Тасмада Ильяз менен Гүлназдын бийик имараттын үстүнө чыккан жери бар. Эки каарман тең бийиктиктен корккондуктан, аларды имаратка чыгаруу кыйынга турган. Гүлназ «чыкпайм» деп ыйлап да жиберген.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(22)
15.10.2012. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshu bolmok oshondoi kulsanar eiiigilik silerge
15.10.2012. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз тилин уйронуп алчы чон кыз.Гезитке «кыргыз тилин билбейм»деп сыймыктануу менен айткан окшойсун.Ох тилин билбоо азыр модага айланып бараткансыйт.Бирок Ильяз молодец!
15.10.2012. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильязга D'анк! "aZaп" ырын уккандан такыр тажабайт элем, жаны чыга баштаганда эртеден кечке угуп жургон кундорум да болгон... Кинону коруп жатып "пауза" менен эки жолу козумо жаш алдым:) себеби, себептери аябай эле коп...
15.10.2012. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азапты уккандан тажабайм.Анткени жаныы чыкканда менда азапка батып жургом.
15.10.2012. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз тилин билбесе,киного тартуунун кажети жок.
15.10.2012. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
уят эле Гульназ кыргыз болуп кыргызча суйлобосон,корей кызы кыргызча билет экен.
15.10.2012. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Иляз браттын бут ыры эле укканга сонунго.! Азаматсын братан!
16.10.2012. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Азапты" уккандан тажабайм! ыры абдан сонун,киносу мындан да сонун болот деп ишенем! Ийгилик каалайм!
16.10.2012. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыз кызы КЫРГЫЗ тилинде суйлой албагандыгына байланыштуу КОРЕЙ кызы ун кошотогон---шерменде....
18.10.2012. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emilkyrshab, Гульназ чыныгы кыргыз кызы болсо оз тилинде суйлой алмак да , она Казашка !!
16.10.2012. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тилинди билбесен,ким экенинди билесинби деги,сенин КЫРГЫЗ экенине ида кумонум бар Гульназ бийкеч
16.10.2012. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"АЗАП" киносун жаратуучулардын иштерине ийгиликтер болсун! Кинонун идеясы мыкты, бирок оз нугуна чыгара аткара албай коюшкан. Ильяздын кийинуу стили эч туура келбейт. Стилисттер менен иштешсе болмок!Мындайча айтканда Ильяз жупуну кийинип калгандай эмнеге К.Нуртастай болуп кийинип албады экен?
16.10.2012. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кинону аябай коргум келип атат бирок...
16.10.2012. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан интернетке чыгат экен .
17.10.2012. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Азап"ты азыр дагы башкача сезим, ностальгия менен угам. Анткени бул ыр жаны чыкканда менин жан дуйном да азапка малынып журду эле эх-х..
куну-туну дебей мун менен, коз жаш менен укчу элем...
17.10.2012. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
силердин ишинер канча кыргызча же орусча суйлойбу главное адамбы и все. силер озунор билип журо бергилечи кыжырды кайнатпай.
18.10.2012. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Киного деген талап болуш керек, ошондой эле актриса актерлорго да талап болот, ошол талапка кино кыргызча тартылган сон мамлекеттик тилди созсуз билиш керек деген талапты киргизиш керек, орусча суйлосо башка мумкунчулуктору деле толтура
18.10.2012. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинону эптеп эле тартып койгон экен мынча мактанып жазыптыр мактай турган кино эмес.
19.10.2012. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулназ кыргыз эле кыз,просто ары жагынан русско-язычная,ильязга америкадан кийим алып келип берсен деле жараша бербейт,он келбетине,дене тузулушуно туура келбейт,ошол учун ал простой гана кийимдерди кийип журот да,но аны деле жасасан майкыл акам жексондон кем калышпайт.
19.10.2012. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильяз супер сенин ырларындын баары жагат. Гулназ кыргыз тилин билбесе катышпай эле койсо болмок экен. Уят болбой
21.10.2012. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильязга данк, Гульназга дунк
13.11.2012. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз мага аябай жагат, талантуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо