Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АРБАКТАРДЫ СЫЙЛАЙЛЫ!

№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж

Айыл четиндеги адыр боорундагы мүрзөдө тээ бабалардан тартып бул жашоонун жыргалчылыгын көрбөй, ата-энесин зарлантып о дүйнөгө аттанган наристелер түбөлүк уйкуда жатышат. Мүрзөнүн үстүнө тоо текенин мүйүзү, бирине жаңырган айдын белгиси, дагы бирөөсүнө мрамор эстелик тургузулган. Аларды кайтарган – жартылай куураган жалгыз тал. Адам кучагы жетпеген бул бак ушул жерге кимдин сөөгү коюлган болсо, баарына күбө.
Мүрзө шайыгы менен эки-үч киши бүгүн да бир маркумга жай даярдап жатышты. Кошок коштолгон ый айылдан угулуп турду...

xxx

Асманда калкыган ай булуттарды аралап өз жолу менен баратты. Кээде гана иттер үрүп, көлмөдөгү бакалар чардабаса, айыл жымжырт. Ай жарыгында бир караан уурдана бейит тарапка жөнөдү. Жеткенче шектене токтой калып, айланасына көз чаптырат, кулак төшөйт. Асманды караса, батыш тарапта булуттар түрмөктөлүп калыптыр. Шашылуу керек, айдын жарыгында ишти бүтүрбөсө болбойт...
Көздөгөн жерине жетип, дубалды ашып түшүп, кайра артына көз салды. Айыл жак тынч. Демин басып алайын деп отура кетти. Бир убакта ай булуттардын арасына кирип жоголуп, көзгө сайса көрүнгүс караңгы каптап калды. Тиги адам ордунан тура калып, кайсы жерде экенин издей баштады. Калкып бараткан ай биротоло булутка жашынды. Ошондо чөнтөгүнөн от тутандыргычын алып, анын жарыгы менен издөөсүн уланта берди. Жарк-журк эткен чагылгандан мүрзөлөр даана көрүнөт. Андагы сүрөттөр, тоо текенин мүйүздөрү аны карап турушкандай...
Ала келген күрөгү менен көрлөрдүн бирин каза баштады. Көп убара болбоюн дедиби, мүрзөнүн баш жагын казганга өттү. Бир аз дем алып отурганда тарс-турс этип чагылган чартылдап, шамал менен кошо жамгыр жаай баштады. Ордунан тура калып, кайра казып кирди. Бир убакта күрөгү коюлган мамыга тийди. Жаан да, чагылган да күчөй берди. Мамыны бери тартып чыгарып алды да, колун мүрзөнүн ичине салып, көк чөптү ары-бери сууруп, маркумдун бетин ачты. Жамгыр бүт денесин суу кылып, ичиркенте баштады. Куруна байлап алган бычагы менен маркумдун кепинин ээк жагынан кести да, анын оозун ачып, аттиш менен алтын тиштерин сууруй баштады.
Күн ого бетер күркүрөп, тарс-турс эткен чагылган менен жамгыр нөшөрлөй берди. Ишин бүткөндө көрдү кайра жаап койбой тура калса, алдында ак кепин кийген бирөө турат...

xxx

– Ай, келин... Ой, келин... Бүгүн түнү менен уктай алган жокмун, уулум түшүмө кириптир. Уф, чай куйчу...
– Чай ичиңиз, апа.
– Түшүмдө уулум мага колун сунуп, «апа, апа» деп туруптур. Колумду сунуп, жетпей койдум да такыр...
– Кыжалат боло бербеңиз, апа. Кудайдын буюрганы экен. Сабыр кылалы.
– Ээ, балам, бүгүн бейитине барып коёлучу. Көңүлүм тынч эмес. Молдону да алып алалы,- деди кайненеси. Анан келини менен молдону ээрчитип алып айыл четиндеги мүрзөгө жөнөштү. Бейитти көрүп кайнене менен келин жер тытмалап ыйлап жатышты. Молдо шайыкты чакыртып, мүрзөнү кайра жаап коюшту. Байкуш кайнене менен келиндин кайгысын айтпа. «Ким? Эмне үчүн?» деп кан жута боздоп-сыздашат...

xxx

Айыл ортосундагы чоң көчө боюндагы мажүрүм тал астында айыл бекерчилери шахмат ойноп, дейди сөздөрдөн сүйлөп, өткөн-кеткенге кычык сөз айтып отурушат. Чаңкаганда агынан уруп да коюшат.
– Эй, Чалдыбар! Эй, Чалдыбар! Ал эмне, бизди тоготпой калганбы? Же?..
– Кой, ага жин тийген окшойт. Оозун көрдүңөрбү? Кыйшайып калган, ха-ха-ха...
– Ага кайдан жин тийсин же бизге окшоп ичпесе?
– Ошону айтсаң.
– Бу Чалдыбар кайда баратат өзү?
– Молдого да. Оозун окутканы.
– Аа. Көрсө, молдого каттап жүргөн турбайбы, кечээтен бери.
– Ээ, макул, келгиле, алып жиберели, жакшылык болсунчу,- деп бекерчилер агынан бөлүшүп киришти... А Чалдыбар болсо топурак алдында жаткан жигиттин алтын тишин ала коём деп...

Туратбек Сами уулу
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
15.10.2012. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мэ сага... Соз жок...
15.10.2012. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушундайда болот бекен?
15.10.2012. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аягы эмне болот,оозу кыйшайган боюнча калабы?
15.10.2012. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жыландар ханышасын окуган бироо коркомдоп жазыптыр.
15.10.2012. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
астафируллах пенде да оной акча тапкан....
15.10.2012. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо кантип ушуга колу барды мен мурзоого барыштан корком кантип кудайдан коркбой ушул ишти жасады.
16.10.2012. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондуктан айтышат да ""Өлгөндөрдөн эмес тирүүлөрдөн корк"" деп мына сага окуя...
16.10.2012. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
film ujasov biyakta kaldy go
16.10.2012. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aa Kudai jazalasa kerek da, bizdi korboit degen menen Alla baaryn tarazalap turat
16.10.2012. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообооо,ушундай да болот бекен? жок дегенде Кудайдан корксо болмок! эми оозу ошол бойдон калабы?
16.10.2012. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай тобоо ушундайда болобу кантип ошол мурзоого коркпойт барыптыр
17.10.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коркунучтуу экен.озум жалгыз уйдо окуп алып,корктум аябай.
17.10.2012. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
и эми ошо тиштерди эмне кылды экен
18.10.2012. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men iwenbeim
18.10.2012. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал тиштерди алып(алтын болсо керек алар)өзүнө салдырып же сатып ийсе керек
18.10.2012. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын баарыбызга кудайым ыйман ынсап берсин.
20.10.2012. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдан коркпогон неме турбайбы...
21.10.2012. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уландысын жаз тезиреек сууп калбасын
22.10.2012. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу экен,бул болгон окуябы же бироонун корком китебинен узунду чыгармабы?!..телевизорду жаксам да кладбищелерди,моргдордогу маркум адамдарды корсотуп жатат,суперге кирсем да денени дуркуроткон темалар,озу бугун кандай кун мага билбейм..
02.12.2012. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле болгон окуЯ бекен Буш?
09.04.2013. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайлар учурайт кандай коркбоду экен.Суппер инфо бардыкты камтыган гезит
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо