Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

УЕФАнын президенти МИШЕЛЬ ПЛАТИНИ:«КЫРГЫЗСТАН ФУТБОЛДУ СҮЙГӨН ӨЛКӨ ЭКЕН»

№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж

9-10-октябрь күндөрүн УЕФАнын президенти Мишель Платини Кыргызстанга келген күн деп тарыхка жаза берсек болот. Анткени «чала жан» футболу бар өлкөбүзгө андай кишилер чанда келерин билебиз. Анда ишке өттүк. Мишель Платини ким? Кыргызстанга келгендеги максаты эмне?

МИШЕЛЬ ПЛАТИНИ КИМ?
Даңазалуу француз футболчусу. 3 ирет (1983, 1984, 1985) «Дүйнөнүн мыкты футболчусу» аталган. Кезинде франциялык «Нанси» (1972-1979-жылдары), «Сент-Этьенн» (1979-1982) жана италиялык «Ювентус» клубдарында ойногон. Футболчулуктан кийин, 1988-1992-жылдары Франция курама командасын машыктырган. 2007-жылы январда УЕФАнын президенти болуп шайланып, 4 жылдан соң кайрадан экинчи мөөнөткө бекитилген. 57 жашта.

КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛИШИНИН 3 СЕБЕБИ
Кыргыз футболунун абалы. Барган сайын футбол боюнча Кыргызстан курама командасы ФИФАнын рейтингинде артка жылып барат. Сентябрга карата чыгарылган рейтингде биздикилер 198-орунга жылып, антирекорддук көрсөткүч жаратышты. Платини 9-октябрда президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, ушул маселе боюнча талкуу өткөрүштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Платини Кыргызстанда футбол жаатындагы окутуулар менен техникалык камсыздандыруу боюнча маселелерин чечүүгө көмөктөшөрүн айтты.

– Бизде футбол эмнеге өнүкпөйт?
– Бул суроого жооп берүү үчүн ичтен изилдеп чыгуу керек. Кыргызстандагы футболдук клубдарда акча жетиштүү эмес. Футболчулар эл аралык аренада ойной алышпайт. Азыр ага карабастан, жаштарга катуу көңүл бурулчу заман.
«Легенда Кубогу». Платини быйылтан баштап өлкөдө уюшула баштаган «Легенда Кубогунун» кадырлуу коногу болду. 9-октябрда Бишкекте «Алай» (Ош) жана «Алга» (Бишкек) командаларынын беттеши 2:2 эсебинде аяктап, пенальтилер сериясында алайлыктар 5:4 эсебинде жеңишти. Мындан ары жыл сайын дүйнөлүк футболдун легендалары чакырыла турган мелдештин алгачкы коногу Платини болуп калды. Кубок менен медалды да оюнчуларга тапшырган дал ушул киши болду.

– Кыргызстан тууралуу алгач качан уктуңуз эле?
– Кийин эле АФКнын конгрессинде уккам. Менден кол тамга алган кишилердин санын көрүп, Кыргызстан футболду сүйгөн өлкө экенин түшүндүм. Беттеш мага аябай жакты.
Үгүт. Чынында, Европалык футбол союзунун (УЕФА) Кыргызстанга тиешеси дээрлик жок. Анын сапары, эң башкысы, үгүт болду окшойт. Анткени 2014-жылы шайлануучу ФИФАнын президенттигине талапкерлердин ичинде бул инсандын да ысымы бар. Президент ФИФАга кирген Футбол федерацияларынын добушу аркылуу шайланат. Кыстырып кетсек, анын «үгүт иштери» Түркмөнстанда да уюшулат.

– Кыргызстан УЕФАда болбосо да, бул уюмдан жардам болобу? Негизи, СССР ыдырагандан кийин Кыргызстан
УЕФАга кире алат беле?

– Чынын айтсам, Кыргызстанда мындай мүмкүнчүлүк болгон. Азыр жок. Анткени азыр бул маселени АФК (Азия футболдук кеңеши), УЕФА (Европа футболдук союзу) жана ФИФА (Дүйнөлүк футбол федерацияларынын ассоциациясы) карап чыгыш керек.


Максат Кудайбердиев
Ташболот Досалиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(24)
15.10.2012. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чемпииииооон , Чемпиииоооон, Чемпииион Алай ардайым Чемпииион боло бер.
15.10.2012. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин олко онукмойунчо кыргыз спорту эч качан онукпойтко Бийлике спортту суйгон адам келсе ошондо онолушу мумкун
16.10.2012. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muslimkg, туптуура айттын. Брежнев хоккейди суйгон. Ошол маалда Ссср дуйнонун бир нече жолку чемпиону болгон хоккей боюнча. Бизде спорт суйгон адам тактыга келсе. Ошондо гана спортубуз алга жылат
15.10.2012. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх бизде деле дуйнолук чемпионатка чыга турган командаларыбыз болгондо :(
17.10.2012. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aziz91, Командабыз бар го, Кыргызстан курама командасы, бирок ошол финалдык раунддарга чыгалбайтабыз.

15.10.2012. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ииии каяктагы спорт, депуттатар элдин койгойун чечпей оздору менен оздору кырылып жатат. Башкасы башкасы менен. Негизнен караганда Кыргыз эли озу менен озу эле жашап жатат. Ким качан мындай корунуктуу мамлекет тарабынан жардам болду. Закон, токтомдор эле чыгып жатат, алары дээги иштеп кыйратсачы. Эмне деген олко болуп калдык. Умутум узулуп барат, кээде ушунун баарын коруп, акылы аз биздин саясатчыларды коруп куйбогон жерин куйуп кетет. Жогоруда айтылгандар онолбоюнча Спорт онукпойт.
15.10.2012. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми мындай карап көрсөм биздин ажонун футболго кандай тиешеси бар дейм да!же ажону мактап көрсөтүшпү, кайра кайра жолукту деп!же платини мамлекеттик ишкерби? Футбол федар.призенти мн жолукту жана суйлөшүлөр болгонун кабар болсо
15.10.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыргызстанда футбол онуккучо 15 прездент алмашат го чиркин
15.10.2012. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деп коммент жазышты билбейсин, бизде футбол онукпойт го, ушинтип бир бири менен урушуп бийлик талашып журо беришсе. Анан биз Платини келди деп суйунобуз, а башка конушу мамлекеттерге Мессиден тартып Блаттерине чейин келип атат, стадиондор курулуп, ортоктук оюндар да ойношот курама командалары. Ал да мейли, даже спортубузга коррупция аралашып кеткен :((
15.10.2012. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
спортко конул болушсо мамлекеттен эмнеге онукпосун кыргыздын мыкты жигиттери аябай коп спортту суйгон колдоо каржы каражаты майана жетиштуу болсо,азыр да болсо чемпион болот!
15.10.2012. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uuuv, Alay komandasi kuttuktaym,ar dayim olkonordu taanitkan iygilikterge jetiship juro bergile
16.10.2012. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх качан бизде футбол онугот?
16.10.2012. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз ото эле артта калып бараткандайбыз ошол себебтердин спорт биздин бийлик эч качан спортко конул коюшкан эмес колдоо дагы жетишпейт
16.10.2012. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо Узбекстандын жаштар кура камандасы Азия чемпиону болушту жана Дуйнолук чемпионатка жолдомо алышты бир кара жаман ичин атышатта ушулардын ордуна Кыргызстан болгондо деп каласын
16.10.2012. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми тууган жогор жакта жазылып туратко Платини Кыргызстанга эмнеге келгени 2014 жылы Фифанын президентигине шайлоо болот экен эми тушундунорда мени шайлап койгула деп
16.10.2012. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир корунукту стадионубуз барбы дебейсинби
16.10.2012. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
стадион эмес спортсмендерди даярдаган бир корунуктуу клуб жок, баары эле чиновниктерге кызмат кылган спортчулар
16.10.2012. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде да онугот сабыр кылып умут узбогуло.
16.10.2012. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Жакшы тилек - жарым ырыс"-деп койот КЫРГЫЗда умутубузду очурбой мээримдуулордун мээримдуусу АЛЛАХтан тиленели!
16.10.2012. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атаганат арман ээээ.....Кыргызстан дуйно чемпиону болгон кун эртереек келсе экен.А биз болобуз Алла буйруса иншаллах....
18.10.2012. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алай алга !!!!!!!!!!!
18.10.2012. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алай азаматсынар, так держать!
18.10.2012. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээх убугында UEFA га кирип койгондо биздин малекетибизге да Иньеста Хавилер келип калат беле
19.10.2012. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коншу мамилекеттер бизден 50-60 места жогору турушат озбекстан 68 места бизде деле ойной турган талаттар коп тааныштар жок болуп жатпайбы ай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо