БАЛАНЫ КАЙСЫ СПОРТ ТҮРҮНӨ БЕРҮҮ КЕРЕК?

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж

Баланы кайсы спорт түрүнө берүү керек? Уулун же кызын компьютердик оюндардан оолактатуу үчүн, же анын саламаттыгы үчүн ушул суроого токтолбогон ата-эне аз болсо керек. А балким, анын арты менен баланы тыкандыкка, өз алдынчалыкка үйрөтүүнүн жолун издеп, ушул суроону өзүңүзгө бергендирсиз... Анда, бул чакан кеңеш сиз үчүн.

СПОРТ ИШМЕРИНЕН КЕҢЕШТЕР...
Cовет доорунан кийин «секционная работа» ишин токтотуп, мамлекет жаш балдарды эл ичинен издеп спортко тартпай калганы маалым. Азыр баланы спортко ата-эне өзү алып барчу заман.
Өлкөдө мамлекетке караштуу спорттук окутуу борборлору, федерациялар жана Билим берүү министрлигине караштуу спорттук жайлар балдарды бекер окутат. Мындай борборлор Бишкектен тышкары райондук борборлордо, шаарларда жана айрым айылдарда да бар. Ошондой эле көз карандысыз спорттук клубдарды да тапсаңыз болот.
Баланы спортко эрте берүү анын кызыгуусун, каалоосун өлтүрүп коюшу мүмкүн. Балдардын басымдуу бөлүгү 6-7 жашында даяр болуп, көңүл бөлүүгө жана оюн эрежелерин үйрөнүүгө жарап калышат.
Бала эмоционалдык жана физикалык жактан спорт менен машыгууга даяр болгондо гана бериңиз. Анын алдында балаңыздын кызыкчылыгын талдап чыгышыңыз керек болот. Ал кайсы бир спорттун түрү боюнча профессионал спортчу болобу же ден соолук үчүн гана машыгабы?
Көп тармактарды карап, талдап, тандап көрүңүз. 2-3 ирет машыгууга барганда эле улантууга болобу, жокпу, аңдоого болот. Анан да бул нерсе көп убакытты талап кыларын эске алыңыз.
Айрым балдар командалык спорт түрлөрүнө шыктуу келип, бирок жеке спорт түрүнө кызыгуусу жок болушу мүмкүн (же тескерисинче). Бул учурда машыктыруучунун кеңешин угуңуз. Тажрыйбага таянып, ал сиздин балаңыздын кайсы спортко шыктуу экенин айта алат.

Саралаев Марат Кадыкеевич,
педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясынын окутуучусу:
– Эрте жаштан баланы экстремалдык жана чыгыш күрөшүнө жолотпой эле койгон оң. Анткени бул спорттун түрлөрү жаракат алуудан тышкары баланы психологиялык жактан бузуп коёт. Эң негизгиси, ата-эне алдын ала баланы кайсы спортко эмне максатта берип жатканын аңдап алууга тийиш. Бул жерде болочок спортчунун же спорт күйөрманынын кызыгуусу өтө маанилүү. Эгер баланын кызыкчылыгын эске албай туруп атасы же апасы кызыккан спортко барса, андан пайда чыкпайт.




ФУТБОЛ
Бишкекте ири спорттук клубдарда, атайын футболдук клубдардын алдындагы окутуу борборлорунда жана бардык региондордо жайгашкан футбол федерацияларында кабыл алынат.
Футболго сөөгү ката баштаган 6-7 жашында алынат. Клубдар жана жеке залдар айына 500-700 сомдон. Буттун жаракатын эске албаганда коркунуч жокко эсе.
Балаңыз чапчаң, физикалык жактан күчтүү жана ылдамдыгы жогору болууга тийиш. Көбүрөөк күч сарпталгандыктан, жүрөгү ооругандар үчүн жана кан басымы
төмөндөргө сунушталбайт.

БАСКЕТБОЛ
Бишкекте ири спорттук клубдарга, КРнын Баскетбол федерациясына кайрылсаңыз болот.
Сөөгү ката баштаган 6-7 жаштан алынат. Айына 400 сомдон өйдө.
Баланын бою, колдорунун узундугу жана булчуңдарынын кубаттуулугу каралат.




СУУДА СҮЗҮҮ
Көбүнчө Бишкекте актуалдуу. Машыгууга шартты КРнын Сууда сүзүү федерациясынан жана атайын бассейндерден табууга болот.
6-7 жаштан өйдө кабыл алынат.
Айына 600 сомдон жогору.
Колдордун кубаттуулугу, ыкчамдык мааниге ээ.


СПОРТТУК ГИМНАСТИКА
КРнын Спорттук гимнастика федерациясы, залдар.
4-6 жаштан өйдө алат.
Айына 700 сомдон жогору.
Буту-колдун чоюлчаактыгы эске алынат.



МУЗ ҮСТҮНДӨ БИЙЛӨӨ
КРнын Спорттук гимнастика федерациясы, залдар.
4-6 жаштан өйдө алат.
Айына 700 сомдон жогору.
Эң кооптуу спорт түрүнө кирет. Бир эле ашыкча кыймыл менен бутту чоюп, жамбаш сөөктөрдү, колду сындырып алуу мүмкүн.
Буту-колу ийкемдүү, чоюлчаак болушу шарт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(18)
22.10.2012. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макаланарга чон рахмат. Абдан актуалдуу тема. Мен да ушул суроого жооп таппай журдум эле. Супер инфонун жамаатына чон рахмат. Ишинерге ийгилик!
28.10.2012. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stafs, баланы азыр заманга жооп бере турган спорттун туру боевое самбого бергиле.7жаштан баштап ойносо болот.ошондо бизде спортсмен азамат балдар кобоет.балдарды бийге ырга берген мн толк жок.биздин ырчыларды эч ким колдобой.спорттуда колдобойт бирок озуно тын бала болот
22.10.2012. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтуусу айыл жергесинде мындай шарттардын болбогонунда.Мен дагы баламды берейин дейм бирок жок.
22.10.2012. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда азыр балдарды тока бокс карате.Ережесиз уруштарг бериш керек болбосо адам болбойт!Адамдар тепсеп кетет типа рекеттер.Азыр кg 90жылдардай как орусия!
27.10.2012. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kurguz., Эрежесиз уруштан рекет болуп жатпайбы(тартылып кетет, озун кыйын сезип, мактап койсо), психикасын бузат,...
28.10.2012. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kurguz., туура айтасын мен кошулам
23.10.2012. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ага жетпей мээси чайкалып псих болот же кийин бир чинвник техран. кылып биринчи окко учат.
23.10.2012. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ансыз деле балдар бокс, борьба жана башка ушу сыяктуу спорттун туруно катышат го,митинг десе эле койлордой чуркаган макулуктарга мына дал ушулар айланып жатат. озгочо айыл жергелеринде мындан башка эчтеке жок. Андыктан ушул макалада жазылган спорт турлоруно катыштырса чынында коп пайда алып келет.
23.10.2012. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин Кыргыз калкыбызга 1гана эрежесиз эр мушташ керек
23.10.2012. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечке эле урушсак келечегибиз ачылбайат элибизге не только эрежесиз эр мушташ
24.10.2012. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спорт турунон эркин курош жакшы деп ойлойм. Зыяны жок жана да шариатта уруксат берилип суннот болуп эсептелет. Бирок спорт менен машыккан баладан контрольду узбоо керек. Анткени хулиган болуп кетиши толук ыктымал.
24.10.2012. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге сразу эле мушташыш учун уйронот деп тушунуп жатасынар мисалы эркек бала болгондон кийин баары жокту уйронуш керек албетте бироону жыга чаап же олтургонго чейин эмес ар бир спорттун озунун эрежелери бар а силер айткан ал тарбия жагын алмаштырып жатасыздар
25.10.2012. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Футбол бул эң туура чечим баланын психологиясына дагы терс таасир этпейт!
25.10.2012. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
футбол коооп нерсеге уйротот баланы!!!
25.10.2012. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул тармакты онуктуруу кыргызстанга айабай жакшы нерсе бут еле спорт турун онуктуруш керек. Эмнеге биздин окмот карабайт мен ошого тушунбойм
27.10.2012. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chon tennis je golfko uyrotush kerek sebebi jeke oynolgon sport turu jana kiresheluu sport turu. KOmandalik oyundarda kyrgyzstan en birinchi ekonomikasin kotorush kerek bolboso komanda onukpoyt(futbol, basketbol)
28.10.2012. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
topi, бизде бул спортко конул бурулбайт
02.11.2012. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен футболго кызыгам бирок атам апам макул болушбайт.((Бирок макаланарга чон рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо