Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ТАКАМ МЫККА ИЛИНИП, ТИЗЕЛЕП ОТУРУП КАЛГАМ»

№200 1-7-сентябрь, 2006-ж.

Асел Турдалиева:
– Эсимде, Бектин туулган күнүнө карата уюштурулган концерти болчу. Кудай жалгап дал ошол күнү бир нерсени сезгендей фонограммасыз ырдагым келди. Кээде аппаратура жакшы болсо фонограммасыз ырдап коймой адатым бар болчу. «Мен фонограммасыз ырдайм» десем кесиптештерим таң калып коюшту. Анан эле мага кезек келип, сахнага чыгып алып аябай бийлеп ырдап жаткам. Мен ырдап жатканда залга түшүп, элге жакын келгенди жакшы көрөт эмесминби. Адатымча залга түшүп келе жатып эле бир маалда күтүлбөгөн жерден мүдүрүлүп кетсем болобу?! Такасы аябай бийик туфли кийип алган элем. Көрсө, ошол такам полдон чыгып турган мыкка илинип калыптыр. Ошентип, жерге тизелеп отуруп калдым да, микрофонум колумдан бир топ жерге ыргып кетти. Элдер фонограммасы билинип калып эки эсе уят болот деп ойлоштубу, ызы-чуу түшүп эле ышкырышып, күлүп калышты. Мен ордумдан туруп, микрофонду алдым да, каткырып күлүп коюп ырымды келген жеринен баштап улантып кете бердим. Ыр бүткөн соң элдер ыраазы болушуп аябай кол чаап калышты.
Менден кийин Бек чыгыш керек болчу, ал сахнага чыгып, элдерге кайрылып: «Аселди мас экен деп ойлоп калдыңыздар го, ээ? Бул ичпейт, мунун болгону ушул, чалынып-чулунуп жүрө берет...» деп койду. А мен болсо сахнанын артына өтүп алып өзүмчө уялып, аябай жаман болгом. Андан бери эки жыл өтсө да ушул окуяны эстегенде азыр деле бетим кызарып кетет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо