№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж
Кыргыз эстрадасында аты эл арасына тараган бир ырчы кыз тууралуу жазгым келди. Али ак жоолук салынып, бирөөнүн бактылуу колуктусу боло элек кыз азыркы тапта анча-мынча эркектер иче албаган ичимдиктер менен дос экени мени таң калтырды. Бул ырчыда келбет десең келбет, үн десең үн бар, келишимдүү, жылдыздуу. Эл ырчыларды сахнадан гана көрүп аруу, таза, уялыңкы жылмайганына ишенет, бирок көшөгө артында кандай экенин билишпейт... Ушул макаланы окуп, өзүн таанып, бир аз да болсо ойлонор деген ниеттемин.
Менин шоу-бизнес чөйрөсүнө аралашканыма көп болду. Кимдин кандай экенин беш колумдай билип бүткөм. Бирок бүгүнкү тема татына кыз жөнүндө болсун. Билгениме караганда, канча үй-бүлөнүн ортосуна түшүп, "ойнош" атка конду. Сөз башында айтканымдай, жаш болуп туруп ушунчалык көп ичет. “Эмнеге мынча ичет?” деген суроо туулат. Балким, жашоо кыйынбы, бул татына кыз үчүн?
Жакында эле шаардагы түнкү клубдардын бирине барып калсам, дал ошол ырчы кыз жалаң эркектер менен тең тайлаша ичип отуруптур. Оозунан чыккан уят сөздөрү, аңды-дөңдү аңдабай сөгүнгөнү мени гана эмес, ошол клубдагылардын да оозун Ошту каратты бейм. Татына кыз түнкү клубдагы эс алуучуларды көзгө илген да жок. Музыка ыргагы менен бардык эркектерге "туруңуздар, братандар, бийлейличи" деп айтканын уктум. Эркектердин ортосуна түшүп алып, азыркы тил менен айтканда, стриптиз көрсөттү, чиркин! Бийлегенден тажаштыбы, айтор, кайра келип столуна отурушту. Дагы таң калганым, кыргыз элинде аялзаты чай куюп көнгөндүктөнбү, айтор, биздин татына кызыбыз арак куюп эле тим болбостон, ичкиси келбей калган мырзаларды кыстап да жатты. Бир убакта бир эркектин тизесине отура калып өбүшүп кирди. Бул башталышы гана экен. Экөө ээрчишип дааратканага, болгондо да мырзалардыкына кирип кетишти. Чынында, бүгүнкү шоу-бизнес деп аталган чөйрөнү ушундай адамдар байырлаганына ачууландым. Бир кумалак бир карын майды чириткендей эле болду.
Ага ачуум келип, “бул ырчынын энеси кай жакты карап отурат?” деп коём. Бир туруп кайра “алар кызынын клубда “концерт” коюп жүргөнүнөн кабардар эмес да” деп жооткоттум өзүмдү. Ошентип, бир топ убакыттан кийин жигит жалгыз чыкты, ырчы кызыбыз көрүнбөйт. Бир убакта кийимдеринин жарымы суу болуп чыга келди. Өкүнгөнүм, түнкү саат 4төр чамасында жанындагы эркектердин баары кетип, ырчы кыз диванды кучактап уктаган боюнча кала берди...
Кечээ маегин окудум ошол кыздын. Баягы түнкү клубда чардаган татына кыз жок, эң эле карапайым, түшүнүктүү жандай сүйлөптүр.
Мен артистмин дегендин баары ушундай деп айтуудан караманча алысмын. Болгону, сахналаш карындаш, сени кумир туткандар, сенин ырларыңды угуп, өзүңдү сүйгөн жигиттер бар. Ошолордун үмүтүнө суу сеппечи, сураныч!
Сахналашың
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
6
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы!
Эмне жөнүндөгү макаланы издеп жатасыз?