Ассоль Молдокматова:«БИЗДИН МЫЙЗАМДУУ НИКЕБИЗ БААРЫНЫН ООЗУН ЖАПТЫ»

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж

Көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси, өзүн чыгармачылык жааттын көп тармагында сынап көргөн Ассоль Молдокматова учурда Лос-Анжелесте жашайт. Ал Кыргызстанга иштери менен келип, бизге маек куруп берди.

«АТА-ЭНЕСИЗ БАЛДАР БОЛБОСО ЭКЕН»
– Атам Абдыкалый Молдокматов белгилүү журналист болгон. Менин төрөлгөнүмө 11 ай болгондо эле бул дүйнө менен кош айтышкан. Жалгыз бой калган ар бир энеге балдарды тарбиялоо кыйынга турат. Ошентсе да апам башын бийик көтөрүп, кайгыга алдырбады. Мени күчтүү кылып тарбиялаган апам “Ассоль, сен кыйынсың. Дайыма алдыда жүр” деп ушул убакытка чейин дем-күч берип келет. Үй-бүлөбүз карапайым калктын катарын толуктачу, көпчүлүк сыяктуу айлыктан айлыкка чейин жашап күн өткөргөнбүз. Ошонун баарына чыдаган апам – азыр менин баа жеткис байлыгым.
Апамдын атасы да эрте каза болуп, балдар үйүндө чоңойгон экен. Кичинекей чагымда “апа, мен бутума турайын. Ошондо бардык балдар үйүнө жардам берем” деп убада берген элем. Соңку 9 жылдан бери балдар үйүнө каттап турам. Ал жердеги балдардын көбү мени “апа” деп аташат. Бала чагымдан бери тилегеним, өлкөбүздө ата-энесиз балдар болбосо дейм.

«ӨЗ БАКТЫМДЫН КУЛУМУН»
– Ар мүнөтүм алдын ала пландалган. Бардыгына жетишкенге аракет кылам. Учурда камкор жубаймын, энемин. Үч апта Лос-Анжелесте жашасам, 1 жумам Кыргызстанда өтөт. Бир жуманын ичинде телеканалдардын биринде таңкы эфирди алып барам, Мода үйүмдө кардарлардын кийимдеринин үстүндө иштейм. Иши кылып таңкы 5те күнүм башталып, түнкү 1де аяктайт. Үстүбүздөгү жылы Нью-Йоркто өткөн дизайнерлердин сынагында баш байгеге ээ болуп, актёр Кери Тагава сыйлык тапшырган. Бул эмгегимди БУУ баалап, дүйнөгө кыргыз маданиятын таанытып жатканым үчүн атайын грамота менен сыйлады. Ошондон кийин мени Американын орус тилдүү радиосуна мода жаатында долбоорду алып барууга чакырып, ошол жакта да иштөөдөмүн.
Баса, 15-18-ноябрда Голливудда өтүүчү “Дүйнө сулуусу” сынагынын калыстар тобуна кошулдум. Жакында эле Голливуддун академиясында бет жасалгалоо курсун аяктап, азыр окуумду менеджмент тармагында, ошондой эле актёрлор академиясында улантып жатам. Америкада окуу кымбат. Анын үстүнө ай сайын Кыргызстанга келип турсам, көп каражат талап кылынат. Адам чыдагыс график менен иштеп, 12 жашымдан бери өз бактымдын кулу болуп келем.

«АЛМАЗБЕК – БАЛАМДЫН МАШЫКТЫРУУЧУСУ»
– Уулдарым Жан менен Шабдандын төрөлүшү, Лас-Вегаста болгон Алмазбек Раимкулов экөөбүздүн тоюбуз жашоомдогу унутулгус мүнөттөрдүн бири. Балдарым да чоң-чоң ийгиликтерди жаратса дейм. Убактымдын тардыгына карабай, аларга туура тарбия берүүгө аракет жасайм. Эрте жашынан баштап эле балдарыма “сен – жеңүүчүсүң!” деп айтып келем. Ошон үчүн алар жаш экенине карабай ийгилик жаратып келишет. Мисалы, Жан 7 жолу бий боюнча Дүйнө чемпиону болду. Шабдан да чет тилдерин үйрөнүп жатат. Жайкы каникулда Алмазбек Шабданды бокс боюнча машыктырды. Эми жакында анын алгачкы мелдеши болот. Буюрса, Жаңы жылды чемпиондорум (ред. балдарым, Алмазбек) менен Америкада тосолу деп жатабыз.

«УШАК СӨЗ ЖӨНӨКӨЙ АДАМДАРДЫ ДЕЛЕ ЭЭРЧИЙТ»
– Белгилүү адам болгондон кийин сени ушактардын жакшысы да, жаманы да ээрчийт. Мени нес кылган абал Алмазбек экөөбүз баш кошконубуздагы маал болду. Биз тууралуу эмне деп гана жазып чыгышпады?! Кыргызстандын жана Американын мыйзамы менен жубай катары каттоодон өткөндөн кийин, ушак чыгарып, жаман сөз айткандардын баары ооздорун жабышты. Эң башкысы, Алмазбектин ата-энеси батасын берип үйлөндүрүшүп, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарындабыз.
Чыңгыз Айтматов бир кезде жакшы кеп айткан эле: “Өзүнүн уятын жашырыш үчүн башка бирөөнү уят кылат”,- деп. Андыктан менин алтын эрежем бар. Адамдар тууралуу эч качан жаман сөз айтпайм. Ушактарга да көңүл бурбайм. Философиялык жактан караганда, атактуу эле эмес, жөнөкөй адамдардын аркасынан деле сөздүн жаманы да, жакшысы да ээрчийт.

«МЕКЕНИМДИН ТАГДЫРЫНА КАЙДИГЕР ЭМЕСМИН»
– Океандын ары жагында жүрсөм да, Ата Мекенимдеги кырдаал мени түйшөлтпөй койбойт. Азыр Кыргызстан бийлик кризисинде турса да, эртең өлкөмдүн гүлдөп өсүшүнө бекем ишенем! Ага салым кошууга даремети жеткен саясий уюмдардын арасынан "Ата Мекенди" белгилейт элем. Өзүм да бул партиянын акыркы жылдардагы ишмердигине аралашып жүрөм. Бул партия өлкөбүздүн саясий түзүлүшүнүн тарыхында жазылып калат, ошого татыктуу салымы, иштери, окуялары бар.

 

Айдай Асанбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(107)
24.10.2012. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирок бетиндеги мимикасы таптакыр эле билинбей калыптыр.
24.10.2012. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Дуйнолук сулуулар конкурсуна жюри болуу деген эмне деген барк!!! Алга Ассоль айым. Жамандын оозунан жаман создор чыга берет,конул бурбаныз.... Алар озу ошондой.
24.10.2012. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бакыт атак данкта,дуйнолук конкурска жюри болуп, жаман соз ээрчитип ийгилик жаратканда эмес!Аялдык чыныгы бакыт ар кимдин уй булосун бузбай,балдарын атасыз калтырбай,мээримдуу эне,суйуктуу жар болуп,уй було очогун бузбай сактап калууда деп ойлойм.Кыжырды кайнатып ата-энесиз балдар болбосо экен деп айтпай эле койсунчу. Биз билгени Алмаздын эки баласы атасыз калды,биз билбеген дагы канча уй було очогун бузуп,канча бала атасыз калды болду экен.
24.10.2012. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эээ эмне болсо дагы өз иши да биз эмнени чечмек элек туурабы?
24.10.2012. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ay juzundo nakta tabigiy orginal organi kaldi beken je baarin 4ukutyp shishitipp tyzdotup bytty beken baykush organdar
24.10.2012. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алмаз байкенерге эмнеге ассоль пара эмес! ушул пара эмес дегендердин бары тиймек эгерде алмаз байкеси алам десе!
24.10.2012. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суротун карабайсынарбы алмаз байкенерге караганда ассоль жакшына болуп турат!
25.10.2012. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ассоль, Алмазбектин аяалын боздотуп кеттинер го. Сизди кудай озу сактасын.
25.10.2012. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негизи коро албатыктын кереги жок,мдаа балдар кыйналбасын иши кылып. Тобоо Ассолду мактагандарга -,жамандагандарга +толтуруп коюптур го,мынча ким тентектик кылды ыя?
25.10.2012. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассоль эмне кыргызча билеби?
Блондинка болуп алса деле болот экен, козу кок.
25.10.2012. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч эле тушунбой койдум элге.булардын баарын окуп отуруп,кээде кулкум келсе,кээде кыжырым келди.Бу КЫргызстанды кууратканды деле шыбайсынар,жыргатканды деле шыбайсынар да капырай...Ассолдун эмгеги ийгилик эмей эмне.Ушунча эмгектерин, чет элдеги жетишкендиктерин окуп отуруп,кандай адам ушунча ийгиликтин ээси боло алат деп оозум ачылды.Сынчыларга тан калганым,силерге эмне дейм да,бааласанар,эмгеги менен ийгилигин айткыла,сындасанар жасалбай калган ишин айткыла.Ал тийген эри менен тошогундо ишинер э
25.10.2012. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куноо кылышса жазасын оздору тартышат,эмне силер тартмак беленер.Алар сезимдери учун куноолу эмес да.
26.10.2012. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алмаз байкенин аялы маек бергенде козумдон жаш аккан болчу Ассоль да ойлонсо жакшы болмок Алмаздын уй булоосун балдарынан да Ассоль артык болгону мени тан калтырган эмнеси болсо да балдары аман болсо болгону....
26.10.2012. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель эжебиз аман эле болсун эмнеси болсо да!
26.10.2012. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
силерге эмне ким кандай болсо,Асоль силердин мышыгарды пыш дедиби или турмушуна аралаштыбы,ар кимдин жашоосу озундо. АА оюна келгенди жазгандарга айтарым сойрундоп ар нерсени жаза бербегилечи
27.10.2012. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялды асылым деп санаасанда, Сырты ботон кыраандан качкан тулку, Сырдашып оз койнунда жаткан менен, Эртеси колу буту бироонуку..Коробуз Алмазбек Байкемди дагы сууга алып барып Суу ичирбей койот бекен Асоль Эжекебиз.Баарын убакыт корсотот...
27.10.2012. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассоль!!! Какая удивительная женщина! Откуда у нее столько сил и энергии? Постепенно покоряет весь мир. Я ею горжусь.
27.10.2012. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Assol ech kimdi ukpai ele koi suiloi berishsin
27.10.2012. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
27.10.2012. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A дейбиз, бу дейбиз чындыгында биз билбеген ньюанстар толтура болуш керек.
28.10.2012. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Алмазбек куноолу чындыгында Ассольдун куйоосу кайтыш болсо керек аял болсо да турмуштун катуусуна чыдап балдарын таштабай багып жатат а Алмазбек дегенинер алмончоктой балдарын таштап бир озунун жыргалы учун жашап жатпайбы болбосо балдарын атасы жок калтырбай эркектик намысы кайда андан коро мындай эле журо бербейт беле экоо тен жаш эмес го
28.10.2012. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асоль Молдокматовага го албетте кыргыздын атын чыгарып ийгиликтеринизге жалпы эле кыргыз эли ыраазы бирок,жаман эркектин аркасынан жаманатты болду жок дегенде аял эне катары Алмазбектин аялын балдарын эске алып башкача ойлонсо болот эле деп ойлойм Акылдуу адам болуп туруп Мыйзамдуу никебиз элдин оозун жапты дегени ото туура эмес жабылган жок жабылбайт эл мыйзамдуу жашаганына эмес Алмазбек дегендин бадарына журогуу ооруп жатат
28.10.2012. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молдокматовна респектую вас так держать удачи вам!
28.10.2012. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыным айтсам Ассольду абдан кучтуу аял, чыгармачылык адам катары баалайм. Уйлонуу тоюбузга Силвестер Сталонне ж.б. Голливуд жылдыздарын чакырабыз деп коюп эле уйлонуп алышты го. Элдин баарын макоо деп ойлоп жатышабы? Же эчтеке айтпай эле коюшпайбы. Алмазга соз жок. Фейсбукта эркектер Ассолго жакшы коментерди жазышса кызганып ошол эле жерге жаза берет. Уят. Эркек болгондон кийин карманбайбы. Же орусча нормально жаза албайт. Ассольго респект!
29.10.2012. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушак,ушак жана ушак!кошунага сын таксан башына келет дейт экен!бул дуйнодо туболук бактылуу жашай албайсын,бактылуу коз ирмемдер мн гана жашайсын!эки эмес беш баласын,баласы мн тен кыз учун тыштап,жардам бермек турсун алимент толобой качып жургон эркектер канча!андан коро бакыт тилесенер боло,дагы бир уй булоо бузулбасын деп!
01.11.2012. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу деле эмес.жасалма ФАЛЬШ.ушуга кор болгон органдар
02.11.2012. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin bilishimche,Almazdyn ayaly Dinara Kyrgyzstanga apasynyn jyldygyna kelip kayra Amerikaga baralbay kalat.Vizasy jok bolup.A Almaz Amerikada ozunun menedjeri menen urushup ketip vizasy (out off status) jok bolup,ne legal bolup kalat.aga cheyin ata-enesin da chakyryp algan bolot.But uy-bulosu menen (ata-enesi) chogu Amerikada bolgonduktan ayalynyn artynan Kyrgyzstanga barbay koyot...andan bashka ortosunda chyr chatak bolgonbu bolgon emespi bilbeym.
02.11.2012. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anan da ,Almaz atagy chykkan elge aty belgiluu bolgonduktan da uyalyp KGge kelalbay koiso kerek dep oiloim.Oilop korsonor bardyk ele intervyularda mashygyp jatat,ar kanday predlojeniyalar bolup jatat,azyryncha oilonushturup jatam dep joop beret...al al jakta kaisyl akchaga jashap jatat???kara jumushta ishtese keret..oshonu uchun emne jumush menen alektenip jatkanyn achyka chygargysy kelbeyt,antkeni uyalat...
07.11.2012. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асольго абдан суктанчы елем ;Мыкты айым; деп корсо бироонун турмушун бузганга да профиль турбайбы.. Алмаз башынды которуп кантип елди карап журосун? Убагы келгенде окуносунда чиркиин
16.11.2012. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец.удачи вам
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо