Неля: «ЭҢ ЧОҢ ИЙГИЛИГИМ – УРМАТКА ТУРМУШКА ЧЫККАНЫМ»

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж

Эки айымдын башы бириккен жерде сөзсүз чогуу талкуулоочу тема табылат. Ал, албетте, үй-бүлө, бала-чака, мода жана башка. Неля экөөбүз да ушул темаларда жылуу маек курдук.

– Салам, Неля, Нурэл менен Жазэл чоңоюп калыштыбы?
– Салам, Кудайга шүгүр, балдарым чоңоюп жатышат. Нурэл үчкө чыгып, кой-ай дегенди түшүнүп калды. Ал эми Жазэл бир жарым жаштан өттү.

– Акыркы күндөрү балдардын бал тилине бөлөнүп эле үйдө отуруп алдың...
– Мен үчүн чыгармачылыктан да үй-бүлө бийик турат. Балдарым кичине болгондуктан, чыгармачылыктан алыстай түштүм. Анын үстүнө аларды өзүм жалгыз карап жатам, убактым тар. Мурда Нурэлди бала бакчага берчүмүн. Эки күн барса, эки күн ооруп калат. Тарбиячыларга дайыма эле “баламды шымдантып койгула, ичи ачылып калыптыр, күрмөсүн кийгизип койгула” деп айта берсең да жаман көрүшөт экен. Андан көрө өзүм эле багайынчы деп бакчага алпарбай койдум. Ошентсе да мүмкүн болушунча телеберүүлөргө, концерттерге катышканга аракет кылып жүрөм, бирок мурункудай эмес.

– Тарбиячыларга жаман көрүнбөйүн деп калдың. Бир эмес, эки жылдыздын баласына өзгөчө көңүл бурулган жокпу?
– Жо-ок, биз жашаган жерде башка улуттун өкүлдөрү көп. Эки-үч кошунабыз гана кыргыздар. Бир чети мага жакшы болду, мурдатан бери эле “мени эч ким тааныбаса экен” дей берчүмүн. Өзүбүз да ырчы экенибизди эч кимге айтпайбыз. Үйдөн көп чыкпайм, балдарды көбүнчө иним ойнотуп келет. Аларды сейилдөөгө чыгарып коюп, тез-тезден тамак жасай салып, үйдү иреттеп, жумуштарымды бүтүрүп алганга аракет кылам. Эртеден кечке эле балдар менен алышам: экөөнү уктатам, аларга тамак даярдайм, кийим-кечектерин жууп, кантип кеч кирип кеткенин байкабай калам. Кээде бала багуучу алуу тууралуу ойлор жаралат, бирок аларга да ишениш кыйын. Бала багуучулар жөнүндө көп нерселерди угуп-көрүп жатабыз, ошондон улам корко берем. Эгер жакшы бала багуучу табылып калса, аны да көрө жатарбыз.

– Чыгармачыл адамдар үйдө отура алышпайт го. Сен да аябай бук болуп кеткен чыгарсың?
– Нурэлди төрөгөндөн кийин депрессияга кабылып, аябай кыйналгам. Бук болуп, үйгө батпай сыгыла берчүмүн. Жазэл жарык дүйнөгө келгенден кийин бук болгонго да убактым болгон жок. Экөөнү тең көз жаздымда калтырбай карап туруш керек. Мындай карадым дегиче эле токту кармап же бир нерсени оозуна салып жиберишет. Кечинде гана 40 мүнөттү өзүмө арнайм. Түрктөрдүн “Даңазалуу кылым” деген сериалын көрөм. Ал башталганга чейин тез-тезден тамакты даярдап, курсактарын тойгузуп, бардык иштеримди бүтүрүп салууга аракет кылам.

– Урмат бала карашабы?
– Жардам берет. Эң көп дегенде бир саат. “Биз урушуп кеттик, ыйлап жатышат” деп балдарды жетелеп келип калат. Баарына аялзаты эле чыдайт экен. Башында Урматка “эки бала менен кыйналып жатам” деп айта берчүмүн, азыр көнүп калдым.

– Балдарыңды торолтуп алгандан кийин чыгармачылыкка кандай өңүттө киришейин деп турасың?
– Азырынча ырдоо стилимди өзгөртүп жиберейин деген пландарым жок. Мен түш көргөндөй болуп рок стилинде ырдап чыксам, угармандар деле жактырышпайт го. Бир жума болуп калды, эки ыр жаздырдык. Бири сөзү-обону Мухтар Атаналиевге таандык “Чын эле” деген ыр. Экинчиси сөзү-обону Урматка таандык “Диско” деп аталат.

– Ар бир чыгармачыл адамдын өз көз карашы бар. Урмат экөөңөрдүн ортоңордо ыр-клип үчүн талаш-тартыштар болобу?
– Пикир келишпестикке чейин деле жетпейт. Болгону, бири-бирибизди оңдоп-түзөйбүз. Менин табитимди Урмат билет, мен аныкын билем. Клип тарттырарда сөзсүз менин кеңешимди сурайт, анткени ар кандай клиптерди, концерттерди көп көрөм.

– Ошентсе да акыркы чечүүчү сөз Урматта болсо керек?
– Албетте. “Хозяин – барин” дегендей.

– Өнөр адамдарынын да кумир туткан күйөрманы болот. Кумириңди туураган учурларың болду беле?
– Мен Бритни Спирс менен Женнифер Лопести аябай жакшы көрөм. Айрыкча Женниферге суктана берем, бардык жагы төп келишкен айым. Турмуш кура электе бул ырчылардын плакаттарын бөлмөмдүн дубалына жылчык калтырбай илип алчу элем.

– Урмат Үсөновдукунчу?
– Оо, ал кишинин биринчи фанатымын да :)

– Жетишкен ийгилигиң катары эмнени айта аласың?
– Жетишкен ийгиликтерим деп айтуудан тартынып турам. Ошентсе да сахнада өзүмдүн ордумду тапканым – эң чоң ийгилигим. Бир жылдары күндө эле бир сыйлык алган учурлар болгон. Силердин гезиттин атынан алган “2008-жылдын супер ырчы айымы” наамы – мен үчүн чоң жетишкендик. Ал эми андан да чоң ийгилигим – Урматка турмушка чыкканым.

– Үй-бүлөлүк бакыттын “рецепттеринен” айтып бербейсиңби?
– Сүйүүдөн башка жубайлардын ортосунда сый-урмат болушу абзел. Үй-бүлөнү сактап калуу аялзаттын колунда эмеспи. Аял көп жерден, орусча айтканда, "хитрая, умная, ловкая" болуш керек, ар кандай абалга жараша.
Негизи, мырзаларга мактоо жарашат. Мен да Урматтын ар бир жасаган ишин көп жерден “менин жолдошум ушундай алтын” деп мактап калсам, ичинен кубанып, көңүлү жайдары боло түшөт. Биздин үй-бүлөлүк бакыттын негизги сыры, бири-бирибизди толуктап турабыз. Урмат оор басырыктуу болсо, мен тамашакөй, оюнкаракмын.

– Чыгармачылыктан сырткары Урматтын курулуш жаатында ишкердик менен алектенгенинен маалыматым бар. Деги эле жолдошунун акчасын тескеген айымдардансыңбы?
– Жок, Урматтын кайда, эмне кылып жүргөнү менен ишим жок. Жумушуна кийлигишпейм. Канча таап жатканын да сурабайм. Мага канча акча керек болсо сурайм, берет. Кээ бир айымдарча текшерип телефон чала бермей адатым жок. Эң негизгиси, билем, Урмат жаман жолго барбайт.

– Жакын курбуларың менен Урмат жөнүндө сүйлөшөсүңбү?
– Шеринелеш аяштарым менен чогулуп калганда балдар, анан, албетте, күйөөлөрүбүз тууралуу сүйлөшөбүз. Себеби баарыбыздын эле жолдошубуз чыгармачыл адамдар. Анан алардын кылык-жоруктары да окшош. Мен Урматтын жакшы жактарын көп айтам. Терс жактарынан айтсам, бир жакка жиберди дегиче “Келе жатасыңбы? Жетип калдыңбы? Чыктыңбы?” деп улам телефон чала берет. Тойго чыгарда да “бол, бол” деп шаштырганын көп сындайм.

– Эми шиш така, көйнөк, косметика тууралуу сөз кылалы. Кээде илгери түшкөн сүрөттөрүңдү көргөндө “ушул көйнөктү кантип кийдим экен?” деп күлгөн учурларың болобу?
– Бир жолу көрүүчүлөрдүн катарында сахнага чыккандарды карап отуруп аябай таң калбадымбы. Тим эле туфлиңдин учуна чейин элдин назарында болот экен. А мурда сахнага чыкканда зал капкараңгы болсо эле “аа, көрүнбөйт, анча-мынчалары” деп ойлочумун. Анан көбүнчө эле жылдыздар жалтырак кийимдерге басым жасачу экенбиз. Көрүп алып ойлонуп коём, “азыр мындай кийимдерди кийбейт болчумун” деп. Балким, ошол учурда жалтырак мода болгондур.

– Кайсы учурда өзүңдү абдан сулуу сезесиң?
– Бул жагынан аябай тартынчаакмын. Ар дайым эле сулуу болуп жүрүүгө аракет кылам.

– Урмат сатып берген кийимди кие бересиңби же өзүңдүн тандооңду гана жактырасыңбы?
– Ал мага кийим сатып келбейт, себеби алган кийими чоң же тар болуп калышы мүмкүн. Көбүнчө бут кийим, анан зер жасалгаларды алып берет.

– Эл көзүндөгү ырчы айымдардын макияжсыз көчөгө чыгуусу чоң маселе. Сенде да мындай маселе барбы?
– Албетте, эл адамы болгондон кийин дайыма өзүңдү карап жүрүшүң керек. Бирок үйдө макияжсыз эле жүрөм. Чакыртпай келип калган коноктордун алдында “макияжым жок эле” деп уялбайм.

– Кайсы буюмдарды көргөндө кыя өтпөйсүң? Шопоголиксиңби?
– Бир көйнөк алсам, ага ылайыктап туфлисинен баштап чач жасалгасына чейин керектүү нерселерди алам. “Бул көйнөктү үйдөгү тиги туфлим менен кием” дегендерден эмесмин.

– Маегиңе рахмат, үй-бүлөлүк бакыт каалайм.

БахиянаСатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(60)
23.10.2012. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nelya i Urmat superlerdin super. ekoonu ten olllo jakshy korom. Baktyluu bolgula. Biri birine top kelishken jubailar.
23.10.2012. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайф маек болуптур
23.10.2012. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтын башын айлантып аран турмушка чыккандай айтып коюпсунго.
23.10.2012. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
молодец. Бактылуу болсун. Вот ушуну чисто женское счастье десе болоот
23.10.2012. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мага да ушул жуптар аябай жагат балдарынардын узурун коруп.АЛАА ТААЛАМ эки дуйно нике насип кылсын
23.10.2012. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мен да ойлойм аялзатынын бул жашоодо тапкан эн чон ийгилиги, бактысы бул суйуктуу омурлук жары жана балдары. менин да тилегеним ушу, качандыр бир куну «ЭҢ ЧОҢ ИЙГИЛИГИМ –........ТУРМУШКА ЧЫККАНЫМ» деген созду сыймыктануу менен айтууу. Кудайым силерди жаман коздон, жаман создон сактасын. Бактылуу болгула!!!!!!!
23.10.2012. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эх.кандай сонун!бактылуу болгула!
23.10.2012. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Бул көйнөктү үйдөгү тиги туфлим менен кием” дегендерден эмесмин. - деп жакшы эле мактаныптыр, бирок антпей эле койсо болмок. Кыргызстандын абалын баарыбыз эле билебиз, башка аялдар деле ошону каалайт да, айла жок кор оокаттын айынан анте албагандар коп. Колунда бар болсо албетте ошентмек, каалаганын ала билуу кандай жакшы, бирок башкаларды кемсинткенсип айткандай, как будто бир туфли менен коп койногун уйкаштырып кие берсе кемчилик болуп саналчудай айтыптыр,
23.10.2012. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
litpa, ток отор жерин айтыпсыз баракелде
29.10.2012. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
litpa,
bul jerde anyn tabiti jonundo aytilgan go.sary koinok alyp uydogu kyzyl tufli mn kiye berem degenderden emesmin degisi kelse kerek.maktangandyk emes bul.v temu kiyingen kandai jakshy...
maga koiso 10 koinok alip bir kara tufli menen jyl boyu kiyip jurgongo karaganda 5 koinok alyp alarga 3 tufli koshup alip kiymekmin.
23.10.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоосунун кайда эмне кылып жургону менен иши жогу кандай ботом:)? кызганбайм дегиси келген го сыягы :), бирок мынчалык кайдыгер болбош керек да, бир гана кызганганда сурап чалып туруш керекпи эмне, жакшысынбы, келатасынбы, эмне тамак жегин келип атат деп чалса болбойбу ?:) Минтип отурса бир куну куйоосу жол кырсыгына кабылып калганын билбей отура берет го:) Кудай сактасын дечи, бирок гезит учун эле ушинтип койгондой, болбосо кааантиип эле такыр чалбай сурабай калсын :))
23.10.2012. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
litpa, точно айтып коюпсуз го
24.10.2012. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
litpa, uwun4aluk sundabai ele koison bolmok! Podsvet kulup kiebi bawka kulabu senin iwin kan4a
24.10.2012. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
litpa, коро албаганын явно билинип калыптыр. Из мухи слона кылып тим эле. Ишим жок дегени жолдошунун ишине кийлигишпейм дегени. Ою арам ичи таар адамдар албетте ар бир созун жаман жакка бурмалай берсе болот да. Бирок Неля кудай буюрса мындан дагы жакшы ийгиликтерге жетип. Мыкты улгулуу уй було. мээримдуу эне суйууктуу жар болоруна ишенем
23.10.2012. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ото акылду , куу айым .Ошону учун да Урматты Бактыгулдун алып койду да
27.10.2012. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
star_kg, Nelya eje menen Urmat baike ekoonu karasanyzdar biri birine kup jarawyp turat. Emi Baktygul eje m.n Urmat baikeni elestetip korsonuzdor? Ekoo biri birine para bolot bele? Menin oium4a Nelya Baktyguldon Urmatty tartyp algan emes. Bul Urmat Usenovdun ozunun tandoosu bolgon. Baktyluu boluwsun.
23.10.2012. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуууууу болгула.Урмат байкеге крупно павезло)))Неля так держать молодесь
23.10.2012. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
wwwww адашкан жерлерин ондоп койчуу эээ
23.10.2012. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
litpa.Неля мактанган жок бул жэрде туурасын айты озу артист болсо уйундо балким жоктур чын еле(орустар)айткандай подцветкакылып алар
24.10.2012. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласы негрлерге окшойтго ...кесирим сурайм бирок чачтари жингалак экенда эмнеге?
24.10.2012. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырчыны сулуу дейсинерби????? тан калып жатам, же баары козун жумп алдыбы... странные
24.10.2012. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Неля, ыймандуу келиндердин катарын толуктап журо бер.
24.10.2012. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Макаланы окуп не демекмин.Бар болгула,кармашкан колунар ажырабасын,АЛЛА тилеген тилегинерге жеткирсин!!!

24.10.2012. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нэля эже баары сизди саганып калыптыр!!!!!!!!
25.10.2012. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен урматтын акылдуулугуна баа берем да!бадыевага эмес неляга уйлонгону да кооп нерснеи билдирет
25.10.2012. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ылайым бактылуу болунуздар! Балдарыныздын убайын корунуздор,сиздерди сыйдайм,урматтайм жана жакшы кором.
25.10.2012. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
когулчы, жок дегенде Мирбек Атабеков болсочу.... бирок неляга урмат жарайберет.
26.10.2012. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
barynar jazat dece ele oidu toonu jaza beripciner,baktyluu bolyp jashap jatyshkandardy jon koigylachy baktyluu bolushcyn baldary menen
26.10.2012. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неля эже мен сиздин ырларынызды калтырбай угуп келем чыгармачылыгынызга ийгилик. уйбулонуз менен бактылуу болунуз.
27.10.2012. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болгула молодцы уррррррраааааа
27.10.2012. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менимче Неля акылдуу аял семяны биринчи оорунга койгону,жолдошуна ишенгени утугу бактылуу болгула!!!
27.10.2012. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула.Коз тийибесин демекчимин.
28.10.2012. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болгула!
28.10.2012. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jenshina doljna bit umnaya lovakaya hittaya degeni en tuura
28.10.2012. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурельда Жазико да Урмат байкеге окшош экен.. Балдарынызг жаратканым акыл эс берсин. А Неля тууралуу эч нерсе айта албайм
31.10.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неля азаматсын... уй-булолук бакыт каалайм..
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо