ТАГДЫР ОЮНУ-2

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж

(Башы өткөн сандарда)  

Мурат “шеф чакырып жатат” дешкенинен жогорку кабатты көздөй жөнөдү. Кирип, саламдашып отурган соң Азирет ага иш процессиндеги бир-эки кемчиликтерди айтты. Бирок көңүлүндө андан башка нерсе тургандай.
– Иш боюнча эле чакырдыңыз беле, Азирет Аскарович?
– Бир чети сени билгим келди. Биз алыс адамдардан эмес экенбиз. Бегимайды мен карындашым катары жакшы билем. Мындан ары да катышып жүрөлү. 
– Кызык, бирок Бегимай сизди эмес, аялыңызды жакшы тааный турганын айтты. А сизди ал аркылуу гана билет көрүнөт...
– Ммм, өзү ушундай деп айттыбы?
Азиреттин кабагы чытыла түштү. Бирок эмне каалап жатканын өзү деле билбей, Муратты ар кандай суроолор менен жүдөтө берди. Акыры эшигин жаап чыгып кеткенден кийин калем сабын качырата кармап сындырып салды. Буулуккан ачуусу анда да тараган жок. “Мен минтип жашай албайм. Баары бир чечим чыгарып же ары, же бери болушум керек” деди өзүнө-өзү. Ашыгы күндө ушул адамдын кучагында жатып, күндө өзү ээ боло турган бакытка батып жатканы эсине түшкөн сайын өзүн жоготуп койчу болду. Жумуштан ыргытып жиберүү ал үчүн “чыйт” түкүрүм нерсе эле, бирок, тескерисинче, Муратты жакын кармоону туура тапты.

xxx

Аскар түшүндө уулу Аскатты көрдү.
– Ата, мен бул жерде жалгыз жүрөм,- дейт ал. Адаттан башкача капалуу көрүндү.
– Мен барам сага, жакында барам, балам,- деп жатып ойгонуп кетти. Түн бир калыпта бейпил мемиреп турган экен. Жанында жаткан аялын мээрим менен тиктеп турду да, ордунан турду. Ушунчалык камкордук менен үстүн жылуулап жапты. “Мен чындап эле чарчадым, Мариям. Мени бул жашоого кайрадан алып келгенге аракет кылдың. Бирок... Кечирип кой, менин асылым” деп ойлоп турду. Аскар ошол күндөн тарта кандайдыр бир алыс сапарга жөнөп жаткандай камылга көрө баштады. Алыскы, жакынкы туугандары менен сүйлөшүп, алардын кимиси кандай тууган экенинен бери Азиретке түшүндүрүп берди. Адатынча колун шилтеп басып кетчү уулу да бул жолу атасын укту. Бакчасындагы каралбай калган нерселердин баарын жакшылап Мариямга тапшырды. Анан өз колу менен сатып келип 2 дарак отургузду.
– Ата, бул даракты кимге арнап отургузуп жатасыз?- деди атасынын убараланганына таң калган уулу.
– Бири Айданекке, экинчиси кимге?
– Экинчиси Бегимайдын уулуна...
Азирет кашын серпе таң кала:
– Ата?!
– Ал бала Аскат болгондо менин неберем болмок. Бегимайды деле өз кызымдай жакшы көрөм. Алардын перзентине арнап тигип койсом эмне болот эле? Экөө жанаша өсөт. А балким...
Андан аркы сөзгө өтө албады Аскар. Тилинин учунда турган нерсени айта албай бурулуп кетти.
– А сен Айданек чоңойгондо айт. “Чоң атаң муну сага арнап тиккен” де...
– Ата, өзүңүз эле айтасыз. Эмнеге мен айтышым керек, эртең эле чоңоёт небереңиз...
Аскар үн каткан жок. Ушундан үч күндөн кийин анын абалы оорлоп, ооруканага алпарышты. Бул күнү асманды кара булут каптап, күн бүркөлүп турган эле. “Палатанын жанында басып жүрбөгүлө” деп тыюу салышканынан Азирет апасы менен аялын кетирип жиберип, өзү калды. Оюна Бегимай түштү. Телефонун алып бир аз ойлонуп турду да, чалды...
– Бем, кандайсың?
– Жакшы.
– Эмне кылып жатасың?
– Аскатты уктатып коюп Муратты күтүп отурам. Азыр келип калса керек. Эмне болду?
– Атам... Атам оор абалда жатат. Ушундай учурда дайым мага керексиң. Атам сени өз кызымдай көрчүмүн деди. Балким, келип кетерсиң...
– Ах, Азирет, бара албайм. Мурат азыр келип калат.
– Анда эртең келе аласыңбы? Мен Муратты командировкага жиберип ийсем...
Бегимайдын бүткөн бою солк дей түштү. Өзүн ушунчалык уятсыз адам катары сезип кетти.
– Жок, Азирет, ал эмнең? Мен бара албайм. Балким, эртең Мурат экөөбүз барабыз.
– Кел, күтөм!
Азирет трубканы коюп, шалдайып отуруп калды. Ошол учурда атасы жаткан палатага дүпө-дүп түшүп врачтар чуркап калганын байкады. Ордунан ыргып туруп, чуркап жөнөдү.
Атасы араң дем алып жаткан экен. Көзү менен баласын ымдап чакырып алды.
– Ата?!
– Аскат... се...сенин уу...луң!
– Эмне деп жатасың?
– Бегимайдын уу...лу сеники! У...унутпа... уш...унуу... унутпа!
Аскар киркирей ушуну айтып үлгүрдү да, колдору шалак эте түштү. Атасына жүткүнгөн аны врачтар чыгарып кетишти. Ошентип, бир өмүр кетти. Кайгысы, кубанычы да уулу болгон ата бул жашоодо ансыз жашагысы келбеди. Тынч ала албай таң азандан келген Мариям эки колу менен башын мыкчып турган уулун көрүп жүрөгү ооруп кетти.
– Ази, балам, атаң айыгып кетер. Анчалык капа болбочу.
– Апа?!
Азиреттин жүзүн жаш жууп жатканын көргөн Мариям селейе түштү. Дароо түшүндү.
– Апа... Ал кетти, Аскатка кетти...
Мариям колундагы тамагын жерге коюп, шалдайып отуруп калды.
– Билгем, ал жашагысы, жашоо менен күрөшкүсү келбей калган. Кетти! Аскар, менин Аскарым өлдү,- деди кубарган эриндерин араң кыбыратып. Ыйлай албай койду. Ошентип, бир чекитти тиктеген боюнча көпкө отурду. Азирет анын жанына келди да, башын тизесине коюп чөгөлөй отурду.
–  Апа, мен анын уулу болгонум үчүн кандай гана сыймыктанчумун. Билген күндөн тарта атама болгон сүйүүм бир мүнөт да өчкөн эмес. Мен ага татыктуу уул боло алдымбы, жүрөгүнөн кичине болсо да орун ала алдымбы, билбейм. Бирок ал мен үчүн идеалдуу ата болду. Кеч болсо да атамды тапканыма ыраазымын.
Башын көтөрүп, апасынын көз жашы төгүлүп турганын көрдү.
– Апа, менден да сага оор. Апакем, ай, кантип сенин жүгүңдү жеңилдете алам?- деди жашка муунган Азирет.
Эне-бала кучакташа ыйлап жатышты. Алар атасынын каза болгонуна эле эмес, ушул адамдан алыс жашаган күндөрүнө ыйлашты. Бири ата деген асылзат нерсени эми сезип жатса, экинчиси сүйүктүүсүнүн жанында аз гана убакыт болуп калганына ыйлады. Алардын кайгысына чек жок эле. Үч күндөн кийин Аскарды жерге беришти. Өзү каалагандай уулунун жанына коюлду.

xxx

Аскардын өлүмү ириде Мариямды оор абалда калтырды. Күнү-түнү бир чекитти тиктеген боюнча отурат. Алина өз энесиндей болуп калган аялды чын дилинен аяйт. Кээде алаксысын деп колундагы кызын бере коёт “апа, Айданекти карасаңыз, сизди таанып калыптыр, күлүп жатат” деп. Колуна небересин алып, көз жашын сүрткөн Мариям келининин жароокерлигине ыраазы. Мойнуна асыла өзүн аяй тиктеген Алинаны карап, ичинен “кызым жок деп арман кылчу элем. Көрсө, келин жакшы чыкса өз кызыңдай болот тура. Койчу, ушуларым аман болсун. Жетимсиретпейинчи ушуларды” деп ойлоп, белин бек бууду.
– Азирет кайда?
 “Атамдын мүрзөсүнө барам” деп кеткен.
– Алина, мен көптөн бери бир нерсени байкап жүрөм. Азирет бир нерсеге капа болуп жүрөбү? Мурункудай кабагы жарык эмес. Качан болсо эле иш деп түндүн бир оокумуна чейин калат.
– Мага деле жарытылуу эч нерсе айтпайт, апа. Өзүм озунуп сураштан корком. Бирок мага мурункудай эле мээримдүү, камкор. Ошондуктан жаман ойлорду жакындатпай жүрөм. Балким, өзүмдү өзүм алдап жатамбы, билбейм.
– Азирет жеңил-желпи жигит эмес. Ошентсе да катуураак эле карма. Ким билет, азыр кыздар да укмуш эмеспи...
Кайнене-келин ушинтип сүйлөшүштү. Экөө тең көңүлүндө кимден күдүк санап турганын билишкени менен, бири-бирин аяп, ачык айта алышпады.
Биринчи жолу атасы каза болгондон кийин Бегимайды көрүп, Азирет өксүп ыйлады. Аза башында көрүшкөндө деле амандашкандан башка эч сүйлөшө алышкан эмес. 

(Уландысы кийинки саныбызда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
ТАГДЫР ОЮНУ 451-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 452-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 453-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 454-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 455-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 456-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 457-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 458-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 459-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 460-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 461-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 462-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 463-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 464-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 465-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 466-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 467-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 468-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 469-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 470-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 471-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 472-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 473-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 474-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 475-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 476-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 477-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 478-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 479-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 480-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 481-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 482-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 483-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 484-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 485-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 486-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 487-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 488-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 489-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (жаңы сериал) 508-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 509-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 510-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 511-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 512-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 513-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 514-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 515-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 516-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 517-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 518-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 519-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 521-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 522-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 523-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 524-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 525-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 526-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 527-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 528-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 529-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 530-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 (жаңы сериал) 557-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 558-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 559-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 560-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 561-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 562-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 563-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 564-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 565-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 566-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 567-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 568-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 569-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 570-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 571-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 572-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 573-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 574-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 575-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 576-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 577-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 578-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 579-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 580-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 581-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 582-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 583-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 584-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 585-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 586-сан
Комментарийлер(18)
22.10.2012. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча ааааз жадынаааар??? Аскар агайдын жайы Жаннаттан болсун))) дагы бир жума, Супер инфо кийинкисинде баарын эле жазып койгулачы???
22.10.2012. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ulanbek1992, men saga kowulam,ova baaryn ele jazyp koigulachy?!kutup kyinalbai,okui albai kyinalaily......
22.10.2012. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ulanbek1992, анда кызыксыз болуп калат.
22.10.2012. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир жума...
22.10.2012. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы канча кутом?
22.10.2012. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына кызык башталды .кутуу кутууу!
22.10.2012. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
baikuuuuuw Askar uwintip ketip kaldyby???emi al jok kandai bolot?
22.10.2012. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кантсе да Аскат Азиреттин баласы экенин айттып кетти
22.10.2012. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
олбой эле койсо жакшы болмокда Жакшы киши болчу да
Жаткан жери жайлуу болсун
22.10.2012. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрте эле чонойсо болбойбу?
Баласы м.н Кызы.
Эми алардын суйуусу башталат экен да.
22.10.2012. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутуу, кутуу дагы кутуу... Менинда жашоом кутуу менен отуп жаткандай, аз калды чыда-чыда деп озумду-озум алдап жашап келемин...
22.10.2012. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
и эми кечке эле оло беришет экен ,акырында жазганга адам калабы теги аягы супсак болуп кетти
23.10.2012. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushuslsaitka chynyn aitsam ushunu okush uchun ele kirem, jumasyna bir jolu sozsuz yilatat meni buul chygarma. Kino korgondoi ele bolom. Kitebi bolso satyp alat elem.
Emi bir jumaaa....
23.10.2012. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ суйгонумду да минтип куткон эмес элем.биринчи кунду ушунчалык куто турган болдум жон эле журогум элеп желеп да.
24.10.2012. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кино качан бутот?Башка кино тарткылачы кызыгы кетип баратат
24.10.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу кызыгы кете баштады оздорунун жакшынакай тугойлору болуп турса да кайра эле бири бирн алдашып кичине блогодарность болуш керек да
24.10.2012. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жагы эмне мн аяктайт экен э?
24.10.2012. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм дааа эми татаалдаша баштады Азиреттин жашоосу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо