ТОЙГО ЖАЙГАН ДАСТОРКОН АЗА МЕНЕН АЯКТАДЫ

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж

«Кырсык каш-кабактын ортосунда» деген кеп бар. Буга далил, жакында эле үйлөнүү үлпөт тоюнан кайтып келаткан кортеж жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен той ээси жана анын досу каза болду...

«БАЛАМ КЫЙНАЛЫП ЖАТСА, МЕН ЖАНЫНАН БАЙКАБАЙ ӨТҮП КЕТИПМИН»
2012-жылдын 5-октябрынан 6-октябрга караган түнү Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургундары үйлөнүү үлпөт тоюн Жалал-Абад шаарындагы бир кафеде өткөрүп, кайтып бара жатканда кырсыкка дуушар болушкан. Кырсыкка кабылган жигиттин ата-энеси уулун жоготуп, кайгыга муунуп турган учуру. Уулун үйлөп элге той берип жатып, баласынын жансыз денесин кучактап калган ата-эненин көз жашын көрүп, жанында адам чыдап тура албайт. Болгон кырсык тууралуу каза болгон баланын атасы Расулбек мырза төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Үч уул, эки кызым бар эле. Улуусу үй-жайлуу, экинчи уулум Руслан эле. Балам бизге жакын айылда жашаган бир кыз менен сүйлөшүп жүрөм дегенинен кыздын ата-энесинин алдынан өткөнбүз. «Азырынча сүйлөшүп жүрө турушсун» деп келишкенбиз. Бирок көп өтпөй ал кызды балам ала качып келип алган. Жазында кичи той өткөрүп, чоң тойду күзүндө өткөрмөкчү болгонбуз. Анан эки ай мурун шаардагы бир кафе менен сүйлөшүп, тойду 5-октябрга белгиледик. Ошентип, той ойдогудай жакшы, тынч өткөн.
Кечки 11лерде той аяктап, тараганбыз. Руслан менен келинимди досу Нургазынын машинасына салып узатканбыз. Конокторду узатып үйгө баратканда жолдун чет жагы карайып калганын көргөм, бирок элес албаптырмын. «Бул жер эмнеге карайып калган?» деп жанымдагылардан сурасам, «бирөө жарым машинасынын тормозун катуу басса керек» дешкен. Көрсө, уулум менен келиним келаткан автоунаа тайгаланып барып жолдон чыгып, жардан ылдый кулап кеткен экен. Ошондо түшүп карасам болмок экен… Балам кыйналып жатса, мен өтүп кете бериптирмин. Үйгө келерим менен эле «Русландар жол кырсыгына кабылыптыр» деген кабар келди. Кайра эшикке чуркап чыктым. Ооруканага барсам, кырсыкка кабылган балдардын баарын хирургия бөлүмүнө алып кирип кетишкен экен. Уулумдун досу Нургазы ооруканага жетпей эле каза болуп калыптыр. Русландын жоон саны жана колу сынган экен. Аябай кыйналып жатыптыр, «ата, ичим, белим ооруп жатат» деп жатты. Көзүмдөн жаш куюла жанында жүрдүм, бирок колумдан эч нерсе келбеди. Врачтар айткан дарыларды алып келип жаттык. Анализин билгени барып кайра келсем, улуу балам тосуп алып: «Ата, Руслан болбой калды окшойт...»- деп ыйлап жиберди. Кирсем эле баламдын жаагын таңып коюшуптур. Ошентип, баламдын сөөгүн эртең менен үйгө алып келдик.

«УШУНДАЙ ТОЙЛОРДУ ТОКТОТСОК, КЫРСЫКТАН АЛЫС БОЛОТ БЕЛЕК?»
– Машинанын эмне болуп кулаганын эч ким деле байкабай калыптыр. Келинимдин айтуусу боюнча, эки машина удаа келе жатышкан экен. Достору айдап келе жаткан машинанын дөңгөлөгү чыгып кеткенби, айтор, ал Русландар отурган машинаны капталынан сүзгөн. Ошондо машина жардын кырына туруп калат. Чимирилип кеткен арткы машина келип дагы сүзүп, анан эки машина тең 70-80 метр бийиктиктен кулап кетет.
Артта келе жаткан башка машинадагылар көрүп калып, «Тез жардам» чакырышыптыр. Руслан алыс ыргып кеткен экен, араң издеп табышыптыр. Каза болгон Нургазы уулумдун кичинесинен берки жакын досу болчу. Келинимдин бели кокустап, буттары эзилип кетиптир. «Кыймылдабай эки ай жатсын» дешти врачтар. Азыр Майлуу-Сууда ооруканада. Тойду үйдөн эле өткөрсөк мындай болбос беле?.. Балдар бири-бирине атаандашып «той кылам» дешет да, мен да элден калмак белем деп намыстанган элем. Менин оюмча, ушундай нерселерге чек койсок, эл да колдосо керек. Кичүү уулума «сен үйлөнгөндө тойду кафеде кылбайм» десем, «баары эле кафеде өткөрүп жатса, мен кантип үйдө өткөрөм?» дегенинен унчукпадым. Бала үчүн баарына макул болот экенсиң. Ата-энелер сүйлөшүп, ушундай тойлорду токтотсок, кырсыктардан алыс болот белек дейм да (ыйлап)! Мындай күндү душманыма да каалабайм. Үч уктасам түшүмө кирбеген окуя болуп кетти.
Кечээ кыздарым ооруканага барышса, келиним «эми атамдын бетин кантип карайм?!» деп ыйлаптыр. Мен ыйлабасын дедим, Кудайдын бешенебизге жазганынан кайда качып кутулмак элек?..

Гүлнара Жээналиева,Русландын апасы:
«УУЛУМДУ ӨЗҮМ КИЙИНТИП ЧЫГАРГАН ЭЛЕМ»
– Уулум акылдуу бала эле. Базарда соода кылчу. Келиним экөө ушундай бактылуу жубайлар болчу. «Русланды ушул үйгө бөлүп коёлу, жаныбызда жашасын» деп тилек кылып, коңшубуздун үйүн сатып алганбыз. Буйрук эмес экен...
Той болор күнү баламды өзүм чыкыйтып кийинтип үйдөн узатып, кайра баламдын жансыз денесин кучактап калдым. Той бүткөндөн кийин жаныма келип, улам «апалап» мойнумдан жыттап коюп жатты эле. Мындай кырсык болорун билгенимде жанына отуруп алмак экенмин. Тойго деп жайган ак дасторконум аза менен аяктады.

Бул окуя боюнча Ноокен РИИБинин жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору Кадырбек Төрөканов төмөнкүлөрдү билдирди:

– Бул кырсык той бүткөндөн кийин Жалал-Абад шаарынан Ноокенди көздөй автоунаалар менен кайтып бара жаткан маалда болгон. Ош-Бишкек унаа жолунун 506-чакырымында Кыпчак-Талаа участкасында келе жаткан Тойота Авенсис менен Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Тойотада 4 киши: тою болуп жаткан Руслан Жээналиев жана Нургазы Сатаровдор жубайлары менен чогуу бара жатышкан. Рулда Нургазы Сатаров болгон.
Ал эми Хонда Аккорд унаасында 5 киши бара жаткан. Эки унаа тең куушуп ойноп келе жатып, чукул бурулуштан буруларда Тойота унаасына Хонда унаасы жанаша айдаган. Жолдун тардыгынан эки унаа сүзүшүп, натыйжада бийиктиги 100 метрге жакын жардан кулап кеткен. Бул окуя жол кырсыгы катары саналып, учурда кырсык катталган жерде тазалоо иштери бүткөн.

Негизи эле үйлөнүү тойлорунун кортеждери кайсы жерде болбосун жол эрежелерин бузуп жүрүшөт. Той деген той, бирок аркасы минтип кайгылуу бүткөн да бир нече окуялар кездешет. Ошондуктан тойдун эртеси да болорун унутпай, коопсуздукту ойлоо туура. «Баланчанын тою мындай өтүптүр» деген атаандашуудан алыс болсок...

Гүлжан Эшбаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(69)
23.10.2012. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.келинге боорум оруп жатат жаман болуптур.туугандарына баарына конул айтабыз ......
23.10.2012. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0


ainura220888 менин жердештерим болбосо да абдан капа болдум... Кудай мындай кырсыктан ары кылсын бизди... Арты кайрылуу болсун...
26.10.2012. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
litpa, мен просто ии менин жердешим турбайбы мен укбадым эле деген мааниде жазгам башка болбой эле койсун болсо кудайга щугур менде да журок бар менда кайгырам кай жерде кай улута болбосун куудайдын алдында баарыбыз тегизбиз.
23.10.2012. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун! Ата эненин , келиндин ичи эзилгенин элестетип бир сыйра журогум зырп этти.Аллахымдын буйругу экен...
23.10.2012. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай сактасын. жаткан жери жайлу болсун
24.10.2012. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Деги машинаны катуу айдабагылачы! Жок кырсыгы канчалагандардын омурун алууда. Тобоо кылалы!
24.10.2012. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баланын ата энесине,келинге сабыр айтам. кайрат кылгыла. Аллахым жамандыктан озу сактасын. мандайына жазганы да.Аллах берген жашты жашады. бул уй булоого жакшылыктарды каалайм.
24.10.2012. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бардык жакшы жаман иш Алланын буйругу менен болот. Ата-энесине сабыр берсин. Убакыт саат келгенде баарыбыз ошол жакка барабыз, ал убакыттан 1 сенунд да ашыкча жашай албайбыз. Ошол олумго да биз ыраазы болушубуз керек. Мына ушул дагын бир мисал, эртен карыганда намаз окуйм али жашмын дегендерге, сенден жаш адамдар отуп кетет жатат. Алла оз рахматына алган болсун
24.10.2012. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
буга башка биролорду куноолонун кереги жок Алла ушуну каалады ушуну себеп кылды. Калганына Алла озу кубо
24.10.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ажал келсе андан качып кутула албайбыз бирок жолдон айдоочулар куушпай айдаса мындай кырсыктардын кичине да болсо алдын алмакпыз го. Жараткан жаткан жерин жайлуу кылсын.
24.10.2012. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайымдын суйгон адамы экен, жубайына ыраа корбоптур.
24.10.2012. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болгон экен жаткан жери жайлуу болсун.
24.10.2012. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун.
24.10.2012. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайым жаткан жери жайлуу болсун! Ал эми ата энесине кааларым сабыр кылыңыздар.
25.10.2012. 05:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сактыка кордук жок арак куноолу баарына!
Жаткан жерлери жайлуу болсун.Субхаана роббика роббил изаати амма ясивиин васалаамин алал валхамдулиллах роббин ааламинаррахмаани рахим ооомиин.
25.10.2012. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде эч кимди куноолоштун кереги жок. Алланын пешенеге жазганы, тун бир убак болгондо акырын айдашса болмок жарышпай эле. Кайрат кылыныздар маркум балдардын ата энелери.
25.10.2012. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейиштен жай тапсын...
26.10.2012. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeri jayluu bolsun. Kiz ertereek ayagip baktiluu boluwuna tilektewmin.
26.10.2012. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машина оюнчук эмес, биз темир эмеспиз, ушуну эске алып жургонубуз жакшы.
26.10.2012. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман окуя болуптур(((Жайы жаннаттан болсун!
27.10.2012. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш келинге боорун ооруйт. Журогундо омур бою кара так калды да.
27.10.2012. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан окунучтуу, Кудайым дегеле мындай кырсыктын бетин ары кылсын.
28.10.2012. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jerleri jayluu bolsun baldardyn...abdan okyny4tyy...ne demekpiz...adam erten emne boloorun bilse bashka4a bolmok ele go...
28.10.2012. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым артын кайырлуу кылсын бейиштен орун берсин окунучтуу
28.10.2012. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым артын кайырлуу кылсын бейиштен орун берсин окунучтуу
28.10.2012. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жайы жанната болсун ата энесине бир туугандарына сабыр берсин эми той кафеде болобу же уйдо болобу бул жерде кафенин эч кандай тиешеси жок ажал келсе басып кетип атып деле жыгылып олосун
28.10.2012. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун! сактыкта кордук жок дейт этияттап айдашса жакшы болмок экен эми кырсык да жаман болуптур.Байкуш ата эне келинине да жаман болуптур.
28.10.2012. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeri jailuu bolsun!
28.10.2012. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабыр кылыныздар мандайга жазгандан бир да секунд ашык жашай албай экенбиза.кызга да эн жаман болуптур тушунуп турам бирок тилеке карышы жардам бере албай жатпайбы?
29.10.2012. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул маркумдардын экоону тен жакшы тануучумун.Аябай жакшы,улууну урматтаган,оз жайын билген балдар эле!Ата эне бир туугандарына терээн кайгыруу менен конул айтам!Аллах куноолорун кечирип,жайын жанаттан кылышын тилеймин!Айла канча тагдыр Алланын колунда да.Эч кимге мындай тагдыр каалабайм!
02.11.2012. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан кейиштүү.Келинчеги да каза болуп калыптыр жакныда.Жаткан жери жайлуу болсун!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо