«Атуш» тобу:«ВЛАСТНАЯ» ДЕГЕН ЫРЫБЫЗ БИЗДИ ЭЛГЕ ТААНЫТТЫ»

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж

Радиодон «Атуш» тобунун «Властная» деген ырын угуп калып, «аа, жакшы ыр экен, чет жердик ырчылар го» деген ой кеткен. Кызыкдар болуп сураштырсам, өзүбүздүн эле мекендештер тура...

– Салам, Сабыржан, топтон сен эле келдиңби?
– Ооба, шеригим Ильзат Темирбеков учурда Санкт-Петербургда. Ильзат – балет бийчиси. Кайсы бир сынактан жеңип алып, ошол жакка 5 жылга окууга кетти. Бирок жыл сайын келип турат.

– Угушумча, топтун негизги ырчысы сен окшойсуң?
– Ооба, негизги ырчысы менмин, Ильзат бэк-вокалист. Негизи, мен 6 жашымдан баштап эле ырдап келе жатам. Башында чоң энем «баламды медресеге окутам» деп ырчы болушума аябай каршы болгон. Бирок болбой эле окуган мектебимде уюшулган уйгур элдик фольклордук топто ырдай берчүмүн. Ошентип жүрүп ырга ого бетер жакын болуп кеттим.

– Кел эми, «Атуш» тобунун жаралуу тарыхына кайрылалы...
– Алгач Ильзат, Шерзот аттуу жигиттер той-топурларга иштеп жүрүшүптүр. Мындан 10 жыл мурун эле Ильзаттын атасы Файзулла Темирбеков бул балдарды музыкалык жактан тарбиялап, аталышы жок эле топ түзүп, ырдап башташкан экен. Анан топко мен келип кошулдум. Башында музыкант катары иштеп, чакырган жерлерге барып кызмат көрсөтүп жүрчүбүз. Анан «тойлорго бизди чакырганда жөн эле музыканттар дебесин, келгиле, топко ат коёлу» деп сунуш киргиздим. Алгач «Адаш» деп атайлы дегенбиз (уйгур тилинен «дос» деп которулат). Жакшы эле «Адаш» деп койбоптурбуз, азыр казактардын ушундай аталыштагы тобу бар эмеспи. Андан кийин «Атуш» деген атка токтолдук. Атуш – Кытайдагы кыргыздар, уйгурлар жашаган район. Менин ата-тегим ошол жактык уйгурлар болгондуктан эле «Атуш» деп атап алганбыз.

– Той-топурларда ырдап жүрүп, анан качан чоң сахнага чыктыңар?
– Биринчи жолу мындан 4 жыл мурун филармонияда уйгурлардан чыккан таланттардын баары биригип концерт бергенбиз. Ал концертте «Жамбал хан» деген уйгур элдик ырын заманбапташтырып аранжировка жасап ырдап чыктык. Мына ошондон баштап эл бизди таланттуу адамдар катары тааный баштады. Ал эми «Властная», «Ночной Бишкек» деген ырларыбыз жаңыдан эл арасына сиңип баратат десем болот.

– Орусча жана уйгур тилинде ырдайт экенсиңер, кыргызчачы?
– Ырдайбыз, кыргыз тилин жакшы билебиз. Жакында эле «Тойго келгиле» деген ырды жаздырдык.

– Кыргыз эстрадасына сиңише баштадыңарбы же эч кимди тааныбайсыңарбы?
– Кыргыз эстрадасынын таланттарын жакшы эле тааныйм. Өзгөчө Гүлнур Сатылганова, Курал Чокоев, Султан Садыралиев менен жакшы таанышмын.

– Музыкалык билим алгансыңбы?
– Билим алган жокмун. Буга чейин консерваторияга тапшырып койсомбу деген ой келген. Бирок музыкалык билим алуунун кажети деле жок го дейм.

– Жакынкы пландарың кандай?
– Алдыда жаңы жылга чейин концерт берсекпи деп жатабыз.

– Алдыга койгон максаттарыңа жет.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Атуш" тобу: "Властная" деген ырыбыз бизди элге таанытты"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(31)
SUPER.KG видео
20.10.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
супер инфо кыргызча ырдабаган ырчы Кыргызстанда ырчы деген атка татыктуу эмес!!зээриккенинерден корунгондонду эле косото бересинерби!
SUPER.KG видео
20.10.2012. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
elif.bikech Мен сага толугу менен кошулам!
SUPER.KG видео
20.10.2012. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроолор маданияттуу эле берилиптир, дайма эле берилчу суроолор экен, бирок бул ырчы жигиттин жооп берген стили кызыктай экен, душманга жооп берип аткансып, бироонон коргонуп аткансып жооп бериптир, атугул купуя сыр деп жашыргандары коп экен. Бул ырчы уйгурстандын мекенчил баласы экенин дагы корсотуптур. Кыргыздын жаштары ушу уйгур ырчыдан улгу алсанар болчудай экен, кантип мекенчил болушту, бирок мынчалык агрессивтуу маанайда жооп берген туура эмес. Жеке мага бул уйгур ырчы жаман элес калтырды.
SUPER.KG видео
21.10.2012. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дегеле боло албайбыз, болсок коро албайбыз. Дароо бизге шылтоо табылат да, сулуу эмес, чачы мындай, кийими мындай, улуту ал-бул деп.Жакшы эле аракет кылышыптыр. Эртенки куну бул жигиттер чет жакка чыгып калса, кокурок какмай башталат да, бул кыргызстандыктар деп. Айтор билбейм, эмне кереги бар ушундайдын.
SUPER.KG видео
21.10.2012. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жигит абдан таланттуу жонокой жигит ! буюрса Кыргызстанды дунгуротот.
SUPER.KG видео
21.10.2012. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
молодец Сабыржан так держать. Ты красавчик но должен научится обшатся с журналистами. Ты себя очень странно вел там . И учись как дают интерьвю другие звезды! тебе очень повезло что Ислам Сатаров поддерживает вас...
Модератор admin_MiranA түзөттү 22.10.2012 10:16
SUPER.KG видео
21.10.2012. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы кимдер болду экен кыргызстанда торолсо биздин тил мн ырдасын ошондо колдомок баары колдогондор копчулугу кыздар кыргыздар патриоттук деген каякта калат анда эртен концерт берсе эл батпай калса кыргыздын ырчылары кочуп кетип эле калгыла
SUPER.KG видео
22.10.2012. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mojet xvatit zavidovat'! lu4we poraduites',4to ludi s dr natcii poyut o nas, o Biwkeke. i ewe Gorod 312 izvesten vsem, mojet byt' tvoi znakomye sliwkom ....., ili je sovsem v gluwi jivut!!!
SUPER.KG видео
22.10.2012. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
kuba060185, Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюуу салынат!
Эрежелерди сактабасаңыз, сайттан четтетилесиз!
SUPER.KG видео
22.10.2012. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жон койгулачы каалагандай ырдашсын. элге жеткиликтуу болсо эле болгону.
22.10.2012. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайсы бир сынактан женип Питерге кетти дегени кандай?же кандай,эмне сынак экенин унутуп калганбы!
SUPER.KG видео
23.10.2012. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
bekzhan, Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюуу салынат!
Эскертүү!
SUPER.KG видео
23.10.2012. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары мага аябай жагат!!! Азаматтар!!!
25.10.2012. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оооо Менин жердешим турбайбы балким мен муну көргөндүрмүн эмне болсо да чыгармачык жактан ийгилик!
25.10.2012. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматтар
25.10.2012. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ii, Atush deit uigurcha. al emi Kyrgyzcha Artysh. jakshy! igilik bolsun!
25.10.2012. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчиктер!!!
SUPER.KG видео
01.11.2012. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй,туугандар,кыргыздар деле орусча ырдап жатышат го. Булар деле оз арабасын тартып журо беришсин,сенин колундагы тамагынды тартып алып жаткансып кызганасын. Ошончо эле патриот болсонор киргиздерди тарбиялап алгыла. ошол абдан жетиштуу болот. Маанайды которгон жакшы ыр ырдап жатыптыр,анын эмнеси жаман?! бул ырды чет мамлекеттики экен дегендер коп, бирок кыргызстандан чыккан,ошого деле сыймыктанса болот. Шоу Бизнес онуго берсин.
SUPER.KG видео
02.11.2012. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
KG.afgan, Ооба, мени кароолчу кылып койгон. Сүйлөшүү этикасын билбесеңиз, жазылган эрежелерди сыйлабасаңыз, мага окшогон жөнөкөй "кароолчулар" сизди сайттан четтетип коюшат.
Жалпы эрежелерди окуп келиңиз. Сайт менен колдонуу укуктарыңыз 3 айга чектелди!
SUPER.KG видео
16.11.2012. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызча эле суйлосо жакшы болмок кыргшызстандык болгондон кийин
SUPER.KG видео
19.11.2012. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйгурлар балдарын урушканда кыргыз деп урушчуле уйгур кыз менен суйлошупда жургомун ал айтчуу кыргыз кыздарын жек кором деп неге десен атамдын ойноштору бут кыргыз кыздар дейт бирок бул жакта элдер мактап жазышыптырго менделе мактап койсом окшойт жамандап койсом таарынып мени менен урушуп кете тургандар чекеден чыкчуудай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо