№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж
Учурда кыргыз ырчыларынан коңшу өлкөлөргө барып жеке концертин бергендер жокко эсе. Жакшы жөрөлгө баштап биздин кара тору ырчыбыз Ильяз Абдыразаков Алматыдагы 1500 орундуу Студенттер Сарайында 9-ноябрда өзүнүн жеке концертин берүүгө даярданып жатат.
Ильязды коштоп бизден «Кыз-Бурак» тобу барса, казактардын «Каспий», «Заман», «Кеңес», «Алия Аюб» топтору, ырчылардан Кайрат Нуртас, Бейбит Корган жана Сакен Майгазиев ("МузАРТ") катышары да маалым болду. Концертти уюштуруу жаатында: «Казакстанда концерт берчү залдын ижарасы эле 6500 доллар, жарык берүү менен үн коштоосуна 8000 доллар экен. Андан сырткары майда-барат сарптоолорду кошкондо бир топ каражатты чапчыды. Кыргыздын аброюн көтөрүп, мыкты деңгээлдеги концерт беребиз деп ишенем»,- дейт Ильяз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |