Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТЕҢИР-ТООЛУКТАР БАКТЫГҮЛДҮ БОЙДОК ЭМЕСКЕ ЧЫГАРЫШТЫ

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж

Башталышы – 20:00 (1 саат кечикти)
Билет баасы – 200 сом
Көрүүчүлөр – Нарын музыкалык драма театрынын 35 пайызы (15-октябрда)
Алып баруучу – Эркин Рыскулбеков
Мыкты номер – Бактыгүлдүн аткаруусундагы «Эх, сүйүү, сенин көзүң жок» аттуу ыры

Нарын шаарында 15-16-октябрь күндөрү Бактыгүл Бадыеванын концерти болот экен деген кабарды чукул угуп, демейде күн мурунтан афишалар илинип калчу эмес беле деп капыл-тапылынан театрды көздөй жөнөп калдым. Топтошкондор «200 сом кымбат го, ыя?» деп кобуранып жатышты. Билет кымбат болдубу, чындыгында эл өтө аз келди. Аз эл аздыгын кылат да, кол чапмак тургай кыйкырык-чуу салса да Бактыгүлдү жылыта албай койду бейм, ырчы кайра-кайра «мен үшүп жатам» деп элди жылмайтып жатты.
Сахнада жасалгадан ныпым эч нерсе жок, Бактыгүлдүн чоң сүрөтүн эске албаганда. Ырчы «Керемет» бий тобунун бийкечтери менен «Сүйүү тамгасын» ырдап чыкканда эл жандана түштү. Амир Аскаров деген ырчы жигит бар эмеспи. Үнүн угуп, өзүн көрбөгөн нарындыктар Амир так секирип сахнага чыкканда селейип калышты. Неге ыргып чыкканын түшүнбөй калдык, ал да сүрдөгөнүн билгизбейин дедиби, элди аралап, ансыз да кызыл жүздүү теңир-тоолук бийкечтерди кызаргыча бийлетти.
Мына сага, Нарындын суугуна карабай Айя Садырова да келген экен. «Кара кашты какпа, жаным...» деп көзүн жайнатып сахнага чыкканда залдагы жигиттер кашын эмес, төшүн да каккылап жиберишти, зал ышкырык, кыйкырыкка толо түштү. «Ии, кыргызча ырдады» деп энебиз эркек төрөгөндөй ыраазы болуп отурсак, Айя орусча өмүр таржымалын айтып кирбеспи?! Андан да кызыгы, ал Нарындын Жумгалынан болуп чыкты. Улам чыккан жылдыздын баары эле ата-жотосун териштирип жатып, түбү келип Нарынга байланыштуу болуп жатканына таң калдым, тобо. Садырованы кол чаап узатып жиберерибиз менен эле Бактыгүл чыгып, «эми мен да орусча ырдап коёюн» деп «Прости» деген ырын аткарып берди. Аңгыча алып баруучу чыгып, «Бактыгүл Бадыева кандай?» деген суроого жалаң «Б» тамгасынан башталган сын атоочтор менен атагыла» деди эле, бир айым «Бактыгүл Бадыева бойдок эмес!» десе болобу. Көрсө, 2 күн бою Бактыгүлдү жан сакчыдай ээрчип жүргөн сырдуу мырзаны эл күйөөсү деп болжолдой салышыптыр.
Баш-аягы ырчыны Айя Садырова, Айдин Шер, Амир Аскаров жана «Керемет» бий тобунун 4 кызы коштоп келишти.
Байкашымча, Бактыгүлдүн кийиминде, сахнаны жасалгалоосунда жана репертуарында эч кандай өзгөчөлүк же жаңылануу болбоптур. Концерттин аягында Азамат Такырбашевдин обонуна жазылган өзүнүн «Жүрөгүмдө сенсиң» аттуу ыры ротацияга чыга элек экенин айтып, Нарындан тушоосун кести. 40 жолу «жүрөгүмдө сенсиң...» деп кайталап, концертти ушул ыр менен жыйынтыктады да койду.
Эсепке так жаным 1 жарым саатка созулган концертте жалпы жонунан 11 ыр ырдалганын эсептеп үлгүрдүм. Элдин маанайын байкайын деп эшиктин алдында турсам, кээ бир келген көрүүчүлөр «концерт 200 сомго татыктуу эмес экен, азыр Бактыгүлгө кирип, акчабызды алабыз» деп чогулуп алышыптыр. Мен жолума түштүм, башкалар Бактыгүлгө кирип акчасын кайтарып алдыбы-жокпу, билбедим.

Акыйкат Адилов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(49)
22.10.2012. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ой ушул Бакуля эжебиз жарытчуу беле?
22.10.2012. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
рок ырдайм деди эле кутуп журуп чыкпайт экен деп калдым
22.10.2012. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ой тобо 200сом деп эми бактугулдон акчасын абратна алгандар уйлалышпайтко э нарындыктар ошончолук сынарбы!
23.10.2012. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aiga1988, Нарындыктар деп бардык элди кошпо бир киши ошентсе баары ошондой болуп калмак беле андай адамдар бардык жерде бар,бир чети татыктуу концерт болбосо айтыш керек акчасын албаса да кийинкилерине урок болот
28.10.2012. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiga1988, не абратна а обратно ...
23.10.2012. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
hmmm, emi osho Kyrgyzstanda tembolee Narynda eldin chontoguno karap ish kylsa bolo,baikush karapaiym el dele cher jazyp konsertke bargysy gelet, baraiyn dese asmandyn bashy bilet baasy.Konsert berem desener aiyl jergesine normalnyi baa koyup algylachy Yrchylar...
28.10.2012. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maha_zum, Нарын это город, хоть я родом не оттуда но там стажировку проходила наоборот очень целеустремленные и современные люди....
23.10.2012. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birinchiden koncert tatyktuu boluw kerek, bularga bolot degensip chon surotun ele ilip koiboi, ekinchiden Naryn jergesi uchun kymbat desek bolot, sebebi degende kobuncho studentter kyzygat da, alar ozu iwtebegenden kuiun ata-enesinen alganga tuura kelet, egerde 100 som kylyp koiso, bir kiwinin orduna ekoo kirmek da adam kop bolmok, anan naarazychylyktar da az bolmok dep oiloim, bul menin oyum
23.10.2012. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конечно айыл жеринде 200 сом кымбатта. Биз москвада 700 рублейге мирбек атабековдун концертине билет алдык. Если честно мен бактыгулдун концертине бекерге да кирбейт элем бир жарым саат убактымды коротуп
24.10.2012. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888, рубльга!
23.10.2012. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул макаланы жазган Акыйкат Адилов чындыгында акыйкат жазды дегенден алысмын. Бактыгул эле эмес, ырчылардын дээрлик баары суротун гана илип коюшат, ошол эле: Омар, Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев, Бек Борбиев ж.б. Акыйкат А. Сынчы-критик нейтральный болуусу зарыл.
23.10.2012. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
асмандан тушкондой болбой-озу билбесе да элден сураштырып билсе болот да нарын жергесине 200 сом ото кымбат экенин- ошончого барып ошондой бааны койгонго жараша- жакшына концерт койсо боло....звезда болсоле ушинтип алышат да.....
23.10.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошону айтсанар, нарындыктарга боло берет деп барды да, эч кандай даярдыгы жок. Ушинтип концерт бербей эле коет элем...
23.10.2012. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарынды вобще байкуш кылып салдынарго,мага демектен 1000 болсун кирет.главный концертин баасына жараша откоруу керек да.
24.10.2012. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул эми мындай эле кеп:200сом толоп зоопаркка ар туркун кооз жаныбарларды кором деп барып,анын ордуна уй жаныбарлары уй,кой,ит,мышык,тоокторду коргондой эле.Жандуу ун менен койулган татыктуу концертке барсанар болот.Ал эми уй,кой,ит,мышыкты 200с барып коргучо оозун кыймылдатып моорогон, маарагандарды базардан 50сомго диск алып уйдон эле корсо болот.Кыргызстандын бут аймагы ушул сыяктуу эле.Эптеп акча табыштын амалы.Анан эле суйлотуп койушса элим учун эмгек кылып,бар кучумду жумшап жатам деп.Уят
24.10.2012. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жандуу ун десе эле,ага ылайыктуу шарт жок,техникалык жабдыктар,имараттын акустикалык денгээли сыяктуу дежур создорду угасын.Илгери "БИЗ" тобун кордум эле кадимки эле Балыкчынын к/театрына жандуу ун менен концерт бергенин.Бактиярдын куроо тамыры кооп, тер куюлуп ырдаганын.Унутулгус концерт!!! Ал эми азыркыларды ырчы катары денгээлин билбейсин.Жалан Фонограмма,бирин-экин филармонияга концерт койгондорду кошпогондо.Аттин арман саны коп,сапаты аз ырчылар.
24.10.2012. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
200 сом Наарындыктар учун ото кымбат дейсинерби мен Наарындыктар бай жашашат деп ойлойт элем,анан эле каатуу суйлошот оздорунон кетишип Наарындыктар.
24.10.2012. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vanga 78 эн туура диагноз коюпсун азыркы биздин звездаларга теле беруулордон коруп жатабыз жандуу ырда десе кыйратышып тимле
24.10.2012. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
нарындыктар учун кичине кымбат болуп калыптыр сен айткан биз тобунун деле концертине баргам чочкодой эле чынырып булуттарга дей эле берет же уну жетсечи
25.10.2012. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
towa-kapitowa,
оозунуз жаман адам экенсиз!уялбай суйлогон созуну Нарындыктар байкуш го ,эми болбогон акчаны деп чыр салыпсынар ,аябай мактанасынар го,ошого жараша суйлосонор болмок тфу-тфу ''БИЗ'' тобуна эч ким жетпейт!
24.10.2012. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апей айылда 50 сом эле эмесбеле?
24.10.2012. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ay ushu bakulyanin rok stilindegi irin kutup kutup dagele kutup jurom
24.10.2012. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aaaaaaaaaaaai baikuw kyrgyz Kyzdar uwuncha ele abroiunar tuwkucho syndaldynar go iya?emi "jigit bolson wok bol ,wok bolboson jok bol"deit yrchy bolgon son,madaniyat jakta iwtegen son "mykty'degen baada otuu kerek koncertter.....anan bilbeim
25.10.2012. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш кол тен эмес го. Кеп бай кедейде эмес да, кичине реалдуу бааны койбойбу. Айтылгандай эле 30 сомго диск сатып алып корсо да, укса да болот. Бирок концерт десе карапайым эл деле "культурный отдых" кылгысы келишет, анан коргон концерти ал баага татыбаса, таштан деле ун чыкпайбы, озгочо азыр аш-тойдун учурунда. Айткандай эле 100дон десе деле 1 кишинин ордуна 2 киши барган болсо Бактыгул коруп козу кубанып калмак, оо эч болбосо 60% толуптур зал деп.
25.10.2012. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыз десе эле жылдыз боло бербей кичине жерге тушуп, элдин жашоосуна да карап коруп дегендей, анан озунун баасын да карап коруш керек го. Кийимди жалан чет мамлекеттен 3000 долларлап кийсе эле элдин чонтогу аныкындай эмес да. Кайдан чыкканыбызды унутпасак...
25.10.2012. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Narynda bardyk jerdegidei ele ayabai bailar da, jetishpegender da bar. Bul bouncha suroo emi baary ele bargysy kele berbeit da. Biroolor bargysy kelet, birok mumkunchulugu bolboit a bashkalarda bar bolso da baryshpait, jon ele, je bolboso Baktygul' jakpait degendei, emi ar kandai uchur bolot. Naryndyktardy bai eken dese dep jalpy aitkandan alys bolsonuzdar.
26.10.2012. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Naryndyn eli ayabai karapaiym elder taza kanduu ki4i peyil ak konul elderden korboi Baktyguldon korgulo kop elge jaga berbeit dagy jakwy uyat kylbai baryptyr suiunsun baktygul 200som Naryndyktarga e4 nerse da bolboit.
27.10.2012. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayiii, ukmush ele jazyptysynat emi tuugandar.... Baarynarga aita keterim Naryn bul shaar, ayil emes!!! Je too bar bolso ele ayil bolup kalaby? Je janylyk ukkanda "bugun Naryn aiyilynda balancha okuya boldu" dep uktunar bele??))
Naryndyn biyik tooloruna, tunuk suusuna jana taza abasyna echteke jetpeit!!! anan dagy Rossiya yrchylar kelgende kirebiz je kirbeibiz dep jazyptyrsynar a Rossiya Naryn menen emne saltshtyryp atabyz tushunbodum...)
27.10.2012. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rossiyaga kelgen kyrgyz yrchylar menen emne salyshtyryp atasynar? al jerde baaribir kymbat bolot da kak ni kruti.. ^_^
27.10.2012. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боло берет дебей,200сомгобу же 2сомгобу татыктуу концерт бериш керек да.
27.10.2012. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияга концерт койуп келген ырчыларга рубльды биздин сомго которсон 1,5 эсе болот анын устуно бул жакта иштеп жургондор элин жерин сагынгандыктан канча десен да кире берет эн негизгиси кайсыл жерде болбосун жакшы даярданып кийин консерт койгондору жакшы деп ойлойм бир жолу кирген эл кайрадан дагы киргис келгендей кылып
28.10.2012. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул Бактыгуль жонундо ооз ачпай эле койолучу,, Тышы жылтырак ичи калтырак деген так ушул Бактыгул болот..Бир дагы ырынын тузу жок..
28.10.2012. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыйкат Адилов болбогон статья жазыптырсынар, зачем так преувеличивать... надо как то справедливее быть жазат деселе жаза бериптирсинер... ушакчы аялдардан жаман придумали....
28.10.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоого тийгнда нарындан келип
29.10.2012. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жон эле койгулачы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо