«БУЛ ДЕГЕН МИРЛАН БАЕКОВ ЭМЕС, МИРБЕК АТАБЕКОВ!..»

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж

Башталышы – 19:00 (50 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 250-800 сом
Алпаруучулар – Улан Барпиев, Санжар Мыкыев
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 100 пайызы
(17-октябрь күнү)
Эң мыкты номер – Мирбектин аткаруусундагы «Ильяздын ыры»

Кыргызчылык салтты бузбай, Мирбек Атабековдун концерти бир саат кечигип көшөгөсүн ачты. Кирерим менен көзүмө урунганы, залдын бир жагында Мирбектин, экинчи жакта ырчы жигиттин кара көзү Мээримдин жарнамадагы сүрөтү илиниптир. Ал эми сахнанын жасалгасында кеп жок.
Концерттин күнөөкөрү Мирбек көп күттүрбөй «мен силерди сагындым» деп чыга келип, ырларын жандуу аткара баштады. Аны жандап бийлеген «Версус», «Стар Дэнс» топтору сахнага, ырга ого бетер көрк кошту.
Коноктордон Гүлнур Сатылганова, Абидин Темиров, Арсен, Омар, Назгүл Токтакунова, Бек Исраилов келди.
Алпаруучулардын «бул таластык жигит, жакшылап кол чаппасаңар таарынып Таласка кетип калат» деген чакыруусу астында Арсен англис тилинде ырдап-бийлеп кирди. Аны угуп отуруп бир саамга, жаштар айткандай, «кабакка» барып келгендей эле болдум. Баамымда, көпчүлүгү ырдын сөзүнө түшүнбөй эле отуруп калды көрүнөт.
Бир маалда Мирбек «бул кыздын үнү абдан жакшы, укмуш ырдайт» деп Назгүл Токтакунованы чакырып, экөө дуэт ырдашты. Укмуш деген ырчы кызынын үнү Мирбектин жанында жакшы чыкпай, кысылып-буулуп, айткан комплиментине татыган жок.
Алпаруучулар боюнча айта кетпесем да болбос. Бирин экинчиси «кызга окшошсуң» десе, экинчиси «сен балага жакынсың» деп бири-бирине тийишип, элди жандандырып жатышты. Бирок бир нерсе мага эле эмес, көпчүлүккө да жакпай калды. Бизде адат бар эмеспи, «ай, жигиттер, барсыңарбы-ы?», «кызда-ар, кана-аа?!» демейинче унчукпай отура бермей. Ошентип күүлөнтүп отуруп Улан «эмне Мирлан Баековдун концертине келгендей болуп отурасыңар?» десе, Санжар кошумчалай «бул деген Мирбек Атабековдун концерти-ии» деп кыйкырып жиберсе болобу! Мына сага! Жигиттер бул сөздү атайын айтыштыбы же импровизация болуп кеттиби, белгисиз. Муну Мирлан Баеков укса капа болмок. Анын да өзүнө тиешелүү күйөрмандары, Мирбектей эле таңшыган таланты бар... Анан да концертке көз боёочулардын келгени өзгөчөлүк жаратты.
Ии, баса, унутуп кала жаздапмын, көрүүчүлөрдү Гүлжигит Калыков менен Даниелдин сахналаш агасын куттуктап концертине келбегени кызыктырды.
Баары бир ырчылардын жандуу аткарган ырларын, алардын ырчылык дареметинин өскөнүн көрүп, өзүмчө сүйүнүп алып жолума түштүм.

Толик сынчы
star@super.kg


Мирбек Атабековдун жандуу концерти (1-бөлүк)

Мирбек Атабековдун жандуу концерти (2-бөлүк)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(85)
24.10.2012. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молодец МИРБЕК алгааааааааа!!!!!
24.10.2012. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирлан Баековтун талантын сыйлайм, алып баруучулар кечирим сурашсын! Ал деле таллантуу ырчы
25.10.2012. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kemel Сен туура а
25.10.2012. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мирбек ты кто такой давай до свидания!
26.10.2012. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
А так мирлан тоже красава ырларын кундо угам
26.10.2012. 05:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жанагы тамашоодогу озун тамада сезип жургон бала тантырап койдуда кечирим сурасын мирландан. Билбейм бул менин жеке оюм, Мирбектин журокто копко кала турган ырлары деле жок, Мирландын акардион чертип ырдаганын уксам эс алам Мирбек озун озу Мэарими менен пиар кылып журсо булда болсо олгонго комгон болдуда.
26.10.2012. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир адамдын жашоодо оз орду бар,ошол сынары биздин талантуулардын да сахнада озуно жараша талантты орду бар,жана озуно жараша куйормандары бар,эл тараза эл сынчы эл баалайт!Мирбек менен Мирланга келсек айырмасы Мирландын ырларынын маани манызы абдан чон ойлондуруп койот,Мирбектин эски ырларды жанылаганы болбосо озунун ырларында жан деле жок бул менин жеке ойум,жандуу ун менен ырдаганын мага абдан жакты ийгилик
26.10.2012. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен баарынарга кошулам Mirlandyn Mirbekten emnesi kem.suiloit dese ele alyp baruu4ulardy suilotup oozdorunan ak it kirip kara itti 4ygartpai maanisine jarawa suiloso bolmok da jaw alyp baruu4ular kop nerse bile elek da.
SUPER.KG видео
26.10.2012. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыле концерт болуптур,ушу артындагы бийчилер такыр жаккан жок,канча жылдан бери бийлешет кайсы концертти корбо апсайып сапсайып эле чыга калышат..Атайын бийлей турган бийчилерди даярдап чыкса болбойбу подтанцовкага?корктуураак,татынакай, капа болушпасын арык чырай келген бийчилер болсо..а то секирип ары чуркап бери чуркап концерттин коркун бузуп коюшат
27.10.2012. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу туугандар! Сынды айтканда бирин жакшы дебей, бирин жаман деп айта бербегилечи! Эки ырчы тен озунчо репертуарлары бар. Жаштарды которо суйлойлу, кыргызча бир бирбизди топит этпей. Мага Мирбектин да Мирландын дагы ырлары жагат. Алып баруучулардын денгээлдери томон болсо эмне кылабыз. Мирбек айттырган жок да.
Мирбек азамат, ырдап кыргыз элинди суйунтуп журо бер. Ырларын укканда, озунчо каниет алам.
Бар бол!!!
27.10.2012. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
красавчик Мирбек!
27.10.2012. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
достор орто эсеп менен канча акча табышат деп ойлойсунар бир эле концертинен?
27.10.2012. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
deputat1,
Спорт ордосунда иштегендерден сурап кор да канча Вип орун, канча жонокой орун бар деп,... жалпы канча орун бар экенин санап туруп эсептеп аласын да озун канча тапканын...
Пы Сы. ушундан улам "Бироонун байлыгы бироого математика"- деген соз эсиме тушуп кетти....
27.10.2012. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маданиятсыз адам экенин билнизип коюптур го жанагы алып баруучу, уялып бети кызарды бекен, Мирбекти мактайын десе керек да, озулорунун денгээли жетет бекен Мирланга, багы жок байкуш алып баруучу
27.10.2012. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундор жаныраааат...
27.10.2012. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин тамашоучулар кээде ашыкча тамашалап жиберишет. Ойноп суйлошсо да, ойлоп суйлош керек. Концерт боюнча айтсам, Мирбек мурда эле жандуу ырдаш керек болчу.
28.10.2012. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи концерт аябай жандуу отуптур,Аа бирок тигил алпаруучулар туура эмес суйлоп алышыптыр..Мирбектин 100 ырынан Мирландын 1 ыры жузуно кулку жан дуйноно ырахат тартуулайт,,Эмнеси болсо дагы Мирбеке дагы ийгилик..
29.10.2012. 06:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
катачылык алыпбаруучулардан кеткен. Ошол учун Мирбекти ушунча жамандайсынарбы? Мирбектин унунон Мирландыкы жакшы деп кайсы бетинер менен айтып жатасынар? Мен лично 2жолу коргом Мирландын живой ырдаганын уну жок экенго. Мирбек 1000эсе кучтуу Баековтон. Мирбек Атабековго тенеле албайт! Лично Бул созду Санжар Мыкыев айткан ошого кайрылгыла. Баековдун даже музыкальный билими жок.
SUPER.KG видео
29.10.2012. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арсендин ырдагын ыры жакты аталышы кандай болду экен таппай эле койдум го
SUPER.KG видео
01.11.2012. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул концертти бизге тартуу кылган Максат малдес. Соонун элге жага турган репортаж жасайт дайым.
01.11.2012. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat., Адамдын аброюна шек келтирмей жок. Билдирүүңүз жашырылды.
Эреже окуп келиңиз, 7 күнгө бан!
02.11.2012. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мирбек атабеков эмес алпаруучулар ката суйлоп алды го...
04.11.2012. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул да болсо ведущийлердин денгээли томондугу эки адамдын ортосуна от жагып атышат
SUPER.KG видео
04.11.2012. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menda barsam barsam bolmok eken
04.11.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек,Мирланга тен келе албайт.
SUPER.KG видео
08.11.2012. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
костюмдарын топчулашып алышса болмок! Мирбек байкенин ойюндагыдай болбой калса керек концерт конулу суз го!
SUPER.KG видео
20.11.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдук деле болбоптур!!!Мурункудай эле фонаграмма менен чыкпайт беле нормально ырдай албагандан кийин кораекиде жургонсуп эле калдым
11.01.2013. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
банн дегенде 2 нн болот! мирбек жакшы ырчы сыйлайм!
SUPER.KG видео
01.02.2013. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман эмес
SUPER.KG видео
01.02.2013. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер
SUPER.KG видео
30.06.2013. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо