«ДОСУМДУН ӨЛҮМҮНӨ МЕН КҮНӨӨЛҮҮМҮН!»

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж

«ТАМАША КЫЛАМ ДЕП...»
– Мен башынан эле эрксиз, өзүн гана ойлогон адаммын. А досум Азамат, тескерисинче, башкалар үчүн жанын да берүүгө даяр, ак көңүл, жайдары жигит болчу. Биз өрүкзарлуу Баткенде өсүп- чоңойдук. Азамат экөөбүз бала кезибизден ынак достордонбуз. Окуучулук мезгилде аябай тамашакөй, тынч тура албаган шок балакай эле. Убакыт өтүп, жогорку окуу жайды аяктап айылга келдим. Бир күнү эртең менен машинам менен жумушка баратып, жолдон Азаматты көрдүм. Ал кайсы бир иштери менен жөө бара жаткан экен. Мен аны көргөндө мурунку кезибиздей тамашалагым келип, машинамды аны көздөй айдадым. Тамашалайын дегеним менен, машина катуу эле сүздү. Азамат артка кайрыла албай машинанын капотуна башы менен тийди.
– Кечир, дос, тамашалайын дегем,- деп атып чыксам, башынан кан жайыла берген экен.
– Дагы эле жаш балалыгың бар экен да...- деди адатынча тама­шалап. Азамат экөөбүз кучакташып көрүшүп алып, бир топко сүй­лөшүп турдук. Аны жумушуна жеткирип коюп, мен өз жумуштарым менен кеттим. Бул окуя менин эсимден тез эле чыгып кетти.

«МЕНИН КҮНӨӨМДҮ ӨЗҮ МЕНЕН АЛА КЕТТИ»
– Азамат экөөбүз кошуна жашагандыктан, күн сайын жолугуп турчубуз. Досум көпкө жоголуп кеткенинен эмне болду деп үйүнө барсам, ооруп жатыптыр. Ортодон 1 ай өттү, 2 ай өттү, дагы деле айыккан жок. Аяшым мага жалдырап, «ооруканага барууга көндүрчү, такыр укпай жатат» деди.
– Эй, коркок, доктурга баргандан коркуп үйдө жатасыңбы?- дедим адатымча күлүп. «Салам» деди ал да жылмайып. Бирок башын чайкай «барбайм» деп жооп берди. Ошол убакта неге барбай жатканы жөнүндө бир да ойлонбоптурмун. Күн өткөн сайын анын абалы оорлой баштады. Кийин тез-тез эсинен тана турган болуп калды. Ой-боюна койбой ата-энеси ооруканага алып барышканда дарыгер кеч болуп калгандыгын, оорунун өтүшүп кеткендигин айтып, «кырсык болгондон кийин эле кайрылууңар керек болчу…» деген жообун бериптир.
– Эмне кырсык? Кандай кырсык? Алар эч нерсени түшүнүшкөн жок. Ошондо гана Азамат мындан 3 ай мурун аны машина сүзүп кеткендигин айтыптыр. Ошонун айынан мээсине кан куюлуп кеткен экен. Ошондо гана мен бул ишке өзүм күнөөлүү экенимди түшүндүм. Мындан 3 ай мурун мен Азаматты адаттагыдай эле тамашалап коркутам деп унаам менен сүзүп кеткеним, анын машинанын капотуна башы менен тийип, чекеси канаганы көз алдыма тартылды.
«Досум, башың катуу тийди окшойт. Кокустап калбасын, ооруканага баруу керек» деп чыйпылыктасам, «мен жакшы элемин, жумушума жеткирип кой» деген эле. Ким билет, балким, мен сыяктуу эле анчалык маани бербегендир. Же менин жоопкерчиликке тартылып калышымдан коркуп, ооруп жатып да мени ойлогон чыгар. А мен болсо досумдун жакшы экендигине ишенип, кырсыктын таасири жөнүндө ойлонбоптурмун. Ата-энесинин, бир туугандарынын көрсөтпөгөн жери калбады. Биздин эле эмес, коңшу мамлекеттин да дарыгерлерине текшертишти. Бирок аман алып кала алышпады. Бир жылдан кийин Азаматтын кулагы укпай калды, кийинки жылы көрүүдөн да ажырады. Төшөктө 3 жыл көрбөй, укпай жатып каза болду. Анын оорусуна мен күнөөлүү экенимди айтпай ичинен сызып, акыркы күнгө чейин «сени ким сүзгөн?» деген суроонун жообун өзү менен кошо ала кетти.

«БАЛДАРЫ АТАСЫЗ КАЛДЫ»
– Аяш энемдин «ушуну кылган адамды каргышыбыз урсун» деген сөзүн көп укчумун. Ошондо жүрөгүм ооруп, «мен» деп айтып жибере жаздачу элем. Азаматтын артында 7 жаштагы уулу, 5 жаштагы кызы кала берди. Менин тамашамдын айынын 2 бала жетим, 1 аял жесир болуп калганына күнөөлүү экендигимди ойлосом, өзүмдү коёрго жер таппай кетем.
Бул окуядан кийин 17 жыл өттү. Досумдун балдары чоңоюп, бой жетип калышты. Мен ошол күнү каршы болгонуна карабай Азаматты ооруканага алып барбаганыма, ал менин тамашамдын артынан көз жумганына өмүрүм өткөнчө өкүнөм. Дагы деле анын үй-бүлөсүнө барып, күнөөмдү мойнума алып, балдарынан кечирим суроого эрким жетпейт. Ошол күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин аны ким сүзүп кеткендиги мага жана Кудайга маалым. Досумдан кечирим суроого өтө кеч болуп калды, ал эми анын балдарынан кечирим суроого кудуретим жетпей, ушул катты Баткен облусунда жайгашкан аймактык кеңсеңиздерге жибергенге аргасыз болдум.

Абай

Бегайым Тажибай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(44)
22.10.2012. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эч кимге каалабайм мындайды бир гана Аллах билет. Кеч боло электе балдарына жардам берип, досунузга арнап куран окуп, сооп иштерин жасасныз жок дегенде жашоонузга женил болот кантип 17 жыл куноо менен жашадыныз. Мен тушунбодум сиз балдарына жардам бердинизби?
22.10.2012. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
даже соз жок..кыйын эле болуптур(((чындыкты айтса деле эчтеке озгорбойт ко дейм.ким кандай кабыл алат?лучше балдарына жардам бериниз.
22.10.2012. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
даже соз жок..кыйын эле болуптур(((чындыкты айтса деле эчтеке озгорбойт ко дейм.ким кандай кабыл алат?лучше балдарына жардам бериниз.
22.10.2012. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда айткандарга кошулам айтпай эле балдарына жардам берин
22.10.2012. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана кудайдан кечирим сураныз. Бары кеч болуп калды.
22.10.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
супер инфо баткенге кенсесин ачып жанылбаптырсынар шумдуктун баары баткенде го айрыкча быйылкы жыл . Эми сиз балдарына каралашыныз колунуздан келген жардамынызды аябаныз ушинтип гана женилдешиниз мумкун моюнга алган мн озгорбойт эчтеке
24.10.2012. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mormelad88, Ушу болгону корком чыгармага да болуп жарганынарды койгулачы Сен Баткен ОШтуксун деп андан коро ар бирибизде кемчилик бар ошону ондойлу болгону бул бизге сабак жакшы жерин алып жаман жерин кайталаба
22.10.2012. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаштарга сабак болчу окуя экен.
22.10.2012. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менимче оз куноонду сезип ушунча жыл кыйналыпсын.Оз абийириндин соту сени соттоп келет экен.Ошонусуна шугур.Эми кеч бирок балдарына жардам берсен жакшы болор беле.Ошону ойлонушун керек.Сени озундун абийирин кечирбегендей сени бала чакасы деле кечирбейт жонгана журокторун орутасын.Куран окутуп ал досунан кечирим сурап турушун керек го дейм.Куноонду аллахым озу кечирсин досундун арбагы кечирип кунондун арылышын тилек кылабыз.жаштарга сабак болсун.
22.10.2012. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээээээээээээээээээээээххххх жашооо ущундай экенда
22.10.2012. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайтанга алдырыптырда...
23.10.2012. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болору болуп,бойоосу каныптыр эми. Жок дегенде уй-булосуно жардам бердинизби?
23.10.2012. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо жалган,кудайдан жана досундун арбагынан кечирим суроодон башка арга жок!
23.10.2012. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saku2012, Туура айтат аллахтан кечирим сураш керек.Пендебиз да жанылбаган пенде жок. кемчиликсиз бир да зат жок.Жалгыз гана жаратуучубуз АЛЛАХ гана кемчиликсиз. Аллахтын жазганы.КИмде ким ушундай куноо кетирген болсо кудай деп тобо кылып намаз окуш керек.
23.10.2012. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уй булосуно жардам бер, бир нерсе кылаарды, же тамашалап айтаарда озунду ордуна коюп анан кыл - соз мн да тамашалп канча семьяны бузушат. Бекеринен айтпаса керек тамаша бирок чындыкка жанаша деп, досунузду абдан кыйнапсыз ал чыныгы адам экен. Сиз эн слабый адамдардан экенсиз эненин коз жашы каргыш оной эмес.
23.10.2012. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куноонузду жуушунуз кажет.Аллах баарын коруп турат...
23.10.2012. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызык эле адам экенсиз машина менен адам сузуп да ойнойбу тообо кылдым!
24.10.2012. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оюндан от чыгат деген ушул. Бул окуядан сабак алчудайбыз баарыбыз.
24.10.2012. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий, байкуш адам жаман болуптур, досун аяп озу ажал тааптыр, ооруканага барса мумкун айыгып кетет беле...
24.10.2012. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып аябай жаман болдум. Менин кенешим намаз окуп алладан кечирим сураныз. Айтканда эч нерсе озгорулбойт, эн башкысы досунузга куран окуп турунуз.
25.10.2012. 06:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Праваны сатып алсан шундай болот братан.Барып торт беш жыл ес алып келсен болот турбайбы молдовановкага путевка берет участковыйдан сурасан бекер еле.
26.10.2012. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийимдин тагы жуулат,көңүлдүн тагы жуулбайт тура.
27.10.2012. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой туугандар, ойлонуп коргулочу, элементарно, 17 жыл мурда, окууну жаны буткон студентте кайсы машина? Калктын 90 пайызы нанга тыйыны жок болуп отурган заман эле го. Анан эле мында машина бар экен, тарактаган Баткендин жолдорунда. Кичине чындыкка кооштуруп жазсанар))).
27.10.2012. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
awesome, Машина болсо болгондур да шоха же волга.Эмне сенде жок болсо эле машина элдин баарында жок болуп калмак беле.Мисалы биздин кочодо 2 адамда машина бар болчу.Бироо ооруп калса скорий келбейт бензин куюп берсен барабыз дешчу эле ,биз анан только ошол машинасы бар адамдын уйуно барат болчубуз тунку саат 3:00 болсо дагы.Дом.телефон 1 уй булоодо гана болчу кочо боюча айттам.Адрес г.Ош село Жапалак17
27.10.2012. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rostov-on-Don, Ой кечиресинер катачылык кетип калыптыр скорЫй жана боюНча
28.10.2012. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rostov-on-Don, Хаха. Озунузду карманыз))). Кечиресиз, чындыгында коп нерселер бар эле кумон жараткан, мен болгону бир мисал жазып койгом. Кенири маалымат бергениниз учун рахмат).
27.10.2012. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтайын дегеним бул жон эле ойдон чыгарылган чыгарма.
27.10.2012. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо бул киши 40-45тер чамасындагы киши болсо окууну жаны бутсо ошол маалда чындыгында болгондо да кандай машина болду экен ошо кызык болуп атат
27.10.2012. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
откон ишке окунбо деген бар. андан коро уй булосуно жардам берип каралашып турганын он болсо керек деп ойлойм.
28.10.2012. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай окунучтуу
28.10.2012. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башка тушконду коз корот. баары артта калат бирок унутулбайт. откон ишке окунуп жата бербей окунгонунорду кылган ишинер менен далилдегиле.
01.11.2012. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле эрксиз, коркок адам экенсиз. Кеч болсо ата-энесинин, балдарынын, аялынын алдына барып, баарын айтып кечирим сураш керек.
03.11.2012. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каралашып турду бекен балдарына , кырсыкта эми
13.06.2013. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жасаган ишинизди кылган кунонузду мойнунзга алып окунгонунуз бул жакшы бул сиз учун омур бою жаза болсун эми мындан нары балдарына карыз болуп жардам бериниз. ошонодо балким кудайым кечирер.
21.01.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Досундун олумуно сен себепкер болупсун,саждага барып биринчи АЛЛАДАН кечирим сура......
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо