ОшМУга ЧОЛОК ШЫМЧАНДАР, ХИДЖАП КИЙГЕНДЕР КИРБЕЙБИ?

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж

«ОшМУнун мугалимдери студенттерди сабакка классикалык стилде кийинип келүүсүн талап кылып, киргизбей жатышат» деген кептерди угуп, чын-төгүнүн билүү үчүн ОшМУнун Тарбия департаментинин директору Замир Божоновго кайрылдык.

– Замир мырза, сиздердин окуу жайда айрым мугалимдер хиджап кийип келген студенттерди сабагынан чыгарып салып жаткан экен. Бул университеттин шартыбы?
– Студенттер интеллигенция өкүлдөрүнө кирет. Алар көбүнчө классикалык стилде кийиниши абзел. Кыздардын билим берүү мекемесине хиджап кийип келүүсү туура эмес. Эгерде алар диндин шариаттарын аткарышса, эмне үчүн университетте окуп жатып окуу жайдын талабын аткарбашы керек? Диний ишеним бул – ар бир адамдын жеке иши. Аны элге жарыя кылбай эле койгону туура. Ал эми университет шариат менен эмес, коомдук-моралдык норма менен жашайт. Дегеле студенттер билим алып жат­кандан кийин диний көз караш менен эле жашабай, этика, эстетика, деген түшүнүктөрдөн да кабардар болушса деп ойлойм. Мен окутуучулардын хиджап кийген студенттерди сабакка киргизбөө усулун колдобосом да, кийинүү маданиятын үйрөтөйүн деген мугалимдердин тарбиясын туура деп эсептейм.

– «Тигини кий, муну кий» деген студенттердин укугун чектегендик эмеспи?
– Биз студенттерге жакшылык гана каалап, аларды жарашыктуу кийинип, сымбаттуу болуп жүрсүн деп жатабыз. Студенттердин укугун тебелейин деген эч ким жок. Ректорат тарабынан да эч кандай мажбурлоочу буйрук чыгарган жокпуз. Жөн гана «окуу жайда классикалык стилде кийинип жүрүү туура» деген таалим-тарбиялык сунуштарды айтып жатабыз. Акыркы жылдары биздин студенттер сабакка спорттук кийимчен, чолок шымчан келе башташты. Муну университеттин жамааты нормалдуу көрүнүш катары кабыл ала баштагандыгы ушундай чечимге келүүгө себепчи болду. Биз студенттерге маданиятты авторитардык жол менен эмес, түшүндүрүү, ынандыруу жолу менен үйрөткүбүз келет. Анан укугум бар деп эле бутуна өтүк, үстүнө чапан, башына козунун терисинен тигилген тебетей кийип келсе деле унчукпай жүрө беришибиз керекпи? Университеттин имиджи, административдик укук бар экенин унутпашыбыз абзел. Жогорку окуу жайы – өзгөчө мекеме. Мында мамлекетке керектүү адистер гана даярдалбастан, жогорку маданияттуу интеллигенттер калыптандырылууга тийиш.

– Университеттин талабына ылайык кийинүү көйгөйүн былтыр баштаганыңыздарды укканым бар. Мунун ишке ашпай жатканына эмне себеп?
– Мен жогоруда айтып өткөндөй, ректорат тарабынан мажбурлоочу буйрук чыгарганыбыз жок. Мындай кийинүүгө мурда эле профессордук-окутуучулук курам жол койбошу керек эле. Ушундай кайдигер мамиленин натыйжасында студенттерде «каалагандай кийинсе болот турбайбы» деген түшүнүк калыптанып жатат.
Белгилүү философ П.Д.Ло­рош­фуко «учурунда оңдол­бо­гон майда кемчилик бара-бара чоң кемчиликке айланат» деген экен. Эгер ушинтип унчукпай бара берсек, университетти базарга айлантып алабыз. Бул бир жылда калыптанып кала турган иш эмес. Былтыр баштаганыбыз чын, түшүндүрүү жолу менен акырындан ишке ашырабыз. Беш жылдан кийин кайсы жерде кандай кийинүүнү билбей, «окууга кийгенге болгон кийим кыштакка неге болбосун?» деп мектепке же официалдуу жайларга спорттук кийим кийип барса туура эмес болот. ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү жөнөкөй элге жогорку маданиятты жайылтуучулар болуп эсептелинет.

Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(31)
22.10.2012. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эн туура!!!Ишиниздерге ийгилик!
22.10.2012. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Силер эмнеге кыздар кыска юбка төшү ачык кийимдерди кийип барса тоскоол болбой,,,, денесин жаман көздөрдөн тоскон хиджап оронуп барган кыздарды сындайсыңар?
22.10.2012. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nurik102, ен тууру айтасыз булар пара алыштан студенттерге кыйшаландашты эетика деп тушунуп калышкан арам тамактар адал буроо келсе коро алышпайт.
22.10.2012. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik102, кыска юбка, тошу ачык кийгиле деп жатабыз дегенди окудунбу? Шыр эле берки четке секире бересинер. Эн туура коюлган талап, оронуп-чулганмайынча жаман коздордон тосо алышпайт бекен? Оронуп-чулганып алып деле кыйын азгырып журушот эркектерди. Ал адамдын дээринен болот.
26.10.2012. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Debi, Тобо кылдым деп суйлочу . Хиджап бул Аллахтын койгон талабы. Европага кирген Турцияда почти 60 % Хиджап кийишет . Биринчи орунда биздин Ислам динибиз турат . Андан кийин улут . Биз лениндин заманынан отконбуз . Мен тан калып жатам "Эгерде алар диндин шариаттарын аткарышса, эмне үчүн университетте окуп жатып окуу жайдын талабын аткарбашы керек? Диний ишеним бул ар бир адамдын жеке иши. Аны элге жарыя кылбай эле койгону туура." Деген созу туура эмес . Этика Ислам дининде . Халал
22.10.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
себеби ошолор кызыктуу да
22.10.2012. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nurik102 sizdin sozunuzgo 100% koshulam
22.10.2012. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
туура, окуу жайга балдар классикалык түрдө,кыздар ак түстө жарашыктуу кийингенине эч ким каршы болбостур. бирок хиджап жолугуна баары каршы, мен мындай ойго түшүнбөйм. мен суроо берейин дедим эле Ош муунун агайына П.Д.Ло­рош­фуко «учурунда оңдол­бо­гон майда кемчилик бара-бара чоң кемчиликке айланат» десе Мухаммед пайгамбарыбыз аял киши жүзүн жаман көздөрдөн жаап жүрүшү абзел де
22.10.2012. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
деп айткан! ошондо сиз П.Д.Ло­рошфуко айткан сөзүн принципке алып атаспы?
22.10.2012. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге? акыры мектеп эмесго. Университетде эркин кийине албаганда анча качан кийебиз ал кийимдерди? Форма кийдириш кыйынга туратго эми.
23.10.2012. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
атеистби бул киши?
23.10.2012. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bul jerde jon ele tarbiya ishterin jurguzup jatabyz dedi go , klassikaga otkulo dep, kyska yubka kuigender da hidjap kuigender da kalssikalyk turdo kuiunse jakwy ele jarawat tykyraiyp, hidjap kuigen kyzdardy men korgom tualette sigaret chegip oturganyn, adamdyn baardyk nerse deerinen bolot kuyuminen emes, bul menin oyum
23.10.2012. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
университетте кийимге киришпейле койсо!хиджаб кийген аялдарга Германия,Италия ж.б. башка олколор каршы чыгып атыштыле.Эми ОшМУ калдыбы?!Бул мусулман аялдырынын кийими киришпегиле,тапканын киет!
23.10.2012. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ассалому алейкум момун мусулмандар.хиджаб кийуу,аврат жерлерин коргозбоо мусулман кыз келиндерге парз!ошмудагылар алар ким?эгерде жалан мусулмандар жашаган олкобуздо хиджаб кийгенге тыю салса туура эмес го мен россиядамын менин женем ушул жакта студент хиджаб киет машшалах,орустар эч каршы эмес наборот биздин религияны уважать этишет.
23.10.2012. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын, орустар уважают биздин динди. ОшМУдагыларга айтарым - этика, эстетиканы исламдан уйронсонор, исламды терен тушунсонор туура болот го. Кайдагы бир Ленинден калган атеизмдин жолун улабай. Онуккон олколордо да жок студенттердин кийимине тыюу салуу.
23.10.2012. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козунун терисинен тигилген тебетей м.н чепкен кыргыз маданияты, мен суйунот болчум ушундай кийинишсе кыргыздын уул-кыздары.
23.10.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Замир Божонов озу дагы коп окуш керек экен.
23.10.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Замир Божонов озу дагы коп окуш керек экен.
23.10.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Замир Божонов озу дагы коп окуш керек экен.
23.10.2012. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tuura masele kojuptur!!! Kijimdin arkasynan kuubaj kichine bolso da okuuga kongul kojushmak.
23.10.2012. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
на войне как на войне бардык жерде тартип керек универде окуйсунбу форма кий
23.10.2012. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
joysin77, Na voine dep.sen emne valdirap jatasin.hidjap bul ayldardin uyttu jerlerij jabip tura turgan nerse.kiyse emnesi jaman.oshmudagilar kop klassikalik stil dep kuydurbogulochu
24.10.2012. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
хиджаб кийгендерди сабактан чыгарып жатышыптыр.эмнеге?классический форма кийгизуу учунбу?антип алардын укугун тебелегенден коро жакшы тушундуруп айтса болмок кыздарга,хиджабтын деле нарядный,классический,спортивный ж.б.турлору бар го....
24.10.2012. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
замир божонов мусулман динибиз жонундо илим алышы керек экен
24.10.2012. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен жеке Замир Божоновго кошулам ал туура айтат универстетке классикалык формада гана келиш керек а андан кийин каалаган кийимиңди кийсең болот. Себеби бул деген дүйнөлүк бренд!!!
25.10.2012. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
хиджабга уруксат берилиши керек. Ал эми чолок шым менем спортивный кийбей эле коюшса. Эн негизгиси таза, тыкан кийинишсе болду.
28.10.2012. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men koshulbaim ar bir adam ozu kaalagandai bolush kerek hidjap kiip barsa hidjap kiip barsyn kaalagany klassika kiip barsyn kakaya raznisa chert vozmi ozulorunun ishin okutup chokuta berishbeibi
28.10.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда жашап Хиджап кийе албаса ? Аллах корсотсун мындай дин бузар адамдарды .
04.11.2012. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз мусулман болуп жаралганыбызга.Мухаммед пайгамбардын умуттору болгонубузга Аллахка шугур келтиришибиз керек.хиджап менен кийинип келген кыздарга кайра сыймыктанышыбыз керек.хиджап кийген кыздарды коргонбуз ар кыл иштер менен журот дейсинер.хиджап кийген кыздардын устунон маскарлап хиджап кийип жаман иштерге барып атайын жургон адамдар бар.бирок Аллах коруучу баарын коруп билип турат мусулмандар
12.09.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хиджабка тыюу салынбаш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо