КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК САТЫП АЛУУДА КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕКТЕЛЕТ?

№521 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж

Кыймылсыз мүлк алууда же сатууда документтердин туура болуусу зарыл. Болбосо сатып алып жатканда анын мыйзамдуу эмес болуп калышы кийин чоң түйшүктү жаратат. Андыктан кандай документтерди тактап алыш керек экенин билип алыңыздар.

АЛГАЧКЫ КАДАМ
Алгач сатуучу менен сатып алуучу кыймылсыз мүлктүн баасын бычып алышат. Андан кийин кыймылсыз мүлктү каттоо ишин Мамлекеттик каттоо кызматынын Жерге жайгаштыруу жана жерди каттоо укугу боюнча башкы башкармалыгы жүргүзөт. Ал эми аймактарда Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү башкармалыктары тарабынан катталат.
Документтер даяр болгондон кийин алып-сатуу келишимин түзүп, аны каттоодон өткөрүү керек. Мурда нотариустун күбөлөндүрмөсү талап кылынса, 2010-жылдан тарта нотариустун күбөлөндүрмөсү талап кылынбай калган. Сатуучу жана сатып алуучу кандай документтерди өзү менен кошо алып баруулары керек?

САТУУЧУ ТӨМӨНКҮ ДОКУМЕНТТЕРДИ ДАЯРДАП АЛУУСУ ЗАРЫЛ:

  • Паспорт.
  • Кыймылсыз мүлктүн катталгандыгы тууралуу маалым кат (каттоо органы тарабынан берилет).
  • Кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту (түп нускасы).
  • Жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актынын көчүрмөсү.
  • Кыймылсыз мүлктүн ээси экениңизди далилдеген документ (түп нускасы).
  • Эгер мүлк никеде турган убакта алынса, анда сатуучу аялынын же күйөөсүнүн макулдугу жазылган арызын да көрсөтүшү керек. Ажырашып кеткен болсо, аны да көрсөтүү талап кылынат.
  • Эгер мүлккө ээлик кылгандардын арасында жашы жете электер болсо, анда аларды асырап алуучу жана кам көрүүчү органдын уруксаты керек (райондук ички иштер бөлүмүнүн алдында).
  • Эгер кыймылсыз мүлк жеке менчикке өткөндөн кийин биринчи ирет сатылып жатса, ал мүлккө катталган бардык адамдардын макулдугу керек.

САТЫП АЛУУЧУ ТӨМӨНКҮ ДОКУМЕНТТЕРДИ КӨРСӨТҮҮГӨ ТИЙИШ:

  • Паспорт.
  • Эгер мүлк сатып алуучу никеде турган болсо, анда түгөйүнүн (аялы/күйөөсү) макулдугу жазылган арыз.
    Андан соң эки тарап ич ара сүйлөшүп, каттоо үчүн мамлекеттик төлөмдү жана каттоого кеткен кызмат акыны төгүү керек. Бул төлөм жалпы 2150 сомду түзөт.

КЕЛИШИМ
Келишим 4 даана даярдалат.
1 даанасы сатуучуга берилет.
1 даанасы сатып алуучуга берилет.
2 даанасы каттоо органында калат.

КАЙРА КАТТОО
Жаңы сатып алган кыймылсыз мүлктү, мыйзамда көрсөтүлгөндөй, 30 күндүн ичинде каттоодон өткөрүү керек. Сатып алуучу мүлктү каттоодон өткөрүү үчүн каттоо органына арыз менен кайрылат.

  • Мүлктүн ээси экениңизди далилдеген документ (түп нускасы).
  • Мүлктүн техникалык паспорту (түп нускасы).
  • Жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актынын көчүрмөсү.
  • Жергиликтүү башкаруу органынан жер тилкесин бөлүп бергендиги боюнча токтомдун көчүрмөсү.
  • Мүлк ээсинин өздүк паспорту жана көчүрмөсү.
  • Арыз (бул арызды каттоо кызматынын кызматкерлери өздөрү толтуруп беришет).
  • Андан соң тийиштүү төлөмдөрдү кассага төгүү зарыл. Анан сатып алуучу белгиленген күнү келип, даяр болгон документтерди алып, мүлктүн толук кандуу ээси болот.

КАТТООДОН КИЙИН ТӨМӨНКҮ ДОКУМЕНТТЕР БЕРИЛЕТ:

  • Кол коюлуп, мөөр басылган келишим (түп нускасы).
  • Жаңы сатып алуучуга катталган техникалык паспорт (түп нускасы).
  • Жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актынын көчүрмөсү.

Жогорудагы маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынан алынды.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


Кыймылсыз мүлк сатып алууда кандай документтер керектелет?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
SUPER.KG видео
27.10.2012. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы рахмат ушул нерсени билбей жургом
29.10.2012. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Авто унааларды каттоо тууралуу да маалымат берип койгулачы сураныч.
SUPER.KG видео
30.10.2012. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат
SUPER.KG видео
30.10.2012. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммм.де
31.10.2012. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай керектуу маалымат экен. Авторго рахмат.
03.11.2012. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай пайдалуу малыматтар кобойо берсин ийгилик супер-инфо
06.06.2013. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанда баардык нерсени акча чечет,бизде закон деген нерсе иштебейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо