№521 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
Чүй облусунун Токмок шаарында «Алтын күз-2012» деп аталган картинг боюнча кезектеги мелдеш өттү. Бул туурасында «Мото Экстрим» федерациясынан билдиришти. Жарыш 4 класс боюнча жүрүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын автожарышты сүйүүчүлөрү катышышты. «Мини» классында Максим Горлов, «Интер А-ю» классында Илья Зыков, «Интер А» классында Станислав Карчин жана «KZ2» классында Евгений Зарецкий жеңишке жетишти. Жеңүүчүлөрдүн баары Бишкек шаарынын тургундары. "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |