№521 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
Дайыр Исмадияров бизге берген интервьюсунда «Кайыргүл менин деңгээлимдеги кыз эмес» деп ырчы кызды катуу сынга алды эле. Карап турмак беле, Дайырга ачууланган Кайыргүл мындайча жообун кайтарды:
– Баары «Кайыргүл сүйүүсүн тапты» деген менин жаңылыгымдан башталды. Ошол кезде чынында эле шоу чөйрөдөгү бир жигитти сыртынан жактырып жүргөм. Бирок ал Дайыр эмес болчу. Ичиме сыр катпаган жаным «бир жигитти жактырып калдым» деп интервью берерим менен Дайыр мага уйгактай жабыша баштады. «Бул жаңылыкты пайдаланып, экөөбүз кыз-жигитпиз деп пиар кылабыз» деди. Мен «мындан эмне тапмак элек?» десем, «экөөбүз жөнүндө жазышат да» деп койгон. Чынында, мен терең ойлобой эле «макул» деп коюптурмун. Кийин Дайыр берген интервьюларында «сүйлөшкөн кызым ырчы» деп, бирок атымды атабаса да, менин кылык-жоруктарымдан бери сүрөттөп туруп алды. Ошондо эле ага токтот дегем. Анан эле мага суроолор жаай баштады, «Дайыр сенин жигитиңби?» деген. Ошондо мен «бул – Дайырдын пиары» деп ачык эле айтып салгам.
Дайыр акыркы берген интервьюсунда өзүнүн чыныгы жүзүн ачты, ким экенин көрсөттү. Анын «Кайыргүл менин деңгээлимдеги кыз эмес» деген сөзү үчүн «моралдык жактан зыян тарттым» деп сотко берсем деле жеңип чыгам. Дайыр мени менен кыз-жигит болмок тургай, тырмагымдын учун да кармаган эмес. Мени сырты жалтырак, ичи калтырак кыз көрсөтүп коюптур. Ооба, мен периште эмесмин. Орус мүнөз, ачык-айрым, жакпаса бетке айткан текебер кызмын. Бирок абийирим жайында. Эгер менин абийирим жок болсо, Дайырды не кылам, депутатты кармабаймынбы?!
Чынында, кимге пиар керек болгон, Кайыргүлгөбү же Дайыргабы? Муну окурмандар өздөрү баамдап алышар. Баса, гезитибиз басууга кетер алдында Дайыр Исмадияров телефон чалып, «өткөн интервьюмда катуу кетиптирмин. Катуу айтып алганым үчүн Кайыргүлдөн кечирим сурайм» деген сөзүн айтты. Ушуну менен Кайыргүл жана Дайырдын айтышы токтосо керек деп ойлойбуз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Алып баруучу бала учун эле кордум. А так корбойт болчум.
Kyrgyz4a ele sujlonuz4u,surany4,kyjyrdy keltirbej.:)
ишене берет "дейби,бирок эл жакшы билет ким жалган
суйлоп атат азыр,корунуп эле турбайбы.