САЙКАЛ КӨРӨ АЛБАСТАРДЫН КУРМАНДЫГЫ БОЛДУБУ?

№521 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж

Өткөн саныбызда ырчы Сайкал Садыбакасованын бир мырза менен кучакташып түшкөн сүрөттөрүн гезитибизге жарыяладык эле. Бул макала жарыкка чыгары менен окурмандардан «Сайкал менен турган жигит чынында эле Оштогу рэкеттердин бири. Бул баланын үй-бүлөсү бар, бул кайдагы сүрөттөр, ыя?» деген сыяктуу комментарийлер жаай баштады. Албетте, мындай кептерге биз да ишене алган жокпуз. Сайкал да буга унчукпай коё албады. Ал сүрөттөр туурасында жооп берди.

Жогоруда кеп болуп, талкуу жаратып жаткан сүрөттөрдүн гезит бетине жарыяланып калышы да жөн жеринен эмес. Сөз болуп жаткан сүрөттөр интернеттеги сайттарга жүктөлүп, кызуу талкуу башталганда ырчы кыз бизге байланышып, кимдир бирөөлөр көрө албастык кылып тасмага тартылган кадрлардан алып слайд жасап, интернетке жайып жибергенин айтып кейиген эле. Макала чыккан соң бул сүрөттөр эл арасында талкуу чордонуна айланып, кептин чоо-жайын кененирээк түшүндүрүп берүү үчүн САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА редакциябызга кайрылды.

«АЛ ТҮП НУСКАСЫНДА ЭСТЕЛИК ҮЧҮН ТҮШКӨН СҮРӨТ ЭЛЕ»
– Эң биринчи айтарым, сүрөттөгү жигит менин жигитим эмес. Болгону, байкем катары көргөн жерден учурашып жүргөн жакшы таанышым. Интернетке жайылып кеткен слайд-шоудо колдонулган сүрөттөрдүн ичинен эң биринчиси гана реалдуу сүрөт. Бир жолу курбу кыздар менен сейилге чыгып жолугуп калганда эстелик үчүн деп сүрөткө түшкөнбүз. Жаныбызда башка кыздар бар болчу, негедир аларды кесип, белгисиз бирөөлөр Дүйшөн байке экөөбүздү калтырып, романтикалуу кылып монтаждап коюшуптур. Ал эми калган сүрөттөрдү менин «Братандар» деген тасмага тартылып жаткандагы фотосессияларымдан алып, болушунча Дүйшөн байкеге чаптап чыгышыптыр. Ал тасмада Айгерим экөөбүз мейманкананын бир бөлмөсүндө төшөккө жатып алып телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан жерибиз чагылдырылган. Мына ошол төшөктө жаткан кадрлардан кошуп, тиги байке менен эс алып жаткан учурдан бир үзүмдөй кылып жасагандарына таң бердим. Өзүнчө эле романтика.
Алгач интернеттен сүрөттөрдү көргөндө төбө чачым тик турду. Ал слайд-шоуну ак-кара түстө жасашы деле бекеринен эмес да, азыркы заманбап сүрөттөр түстүү болот эмеспи. Эгер ал чыныгы сүрөт болсо, аны кайра ак-кара түскө өткөрүүнүн кажети бар беле? Балчайта эле берип салышмак да. Макул, мени каралагысы келгендердин оюна коёлу. Эгерде мен чын эле Дүйшөн байке менен кыз-жигит болуп бир жерде эс алып жүргөн болсом, бизди сүрөткө тартыш үчүн үчүнчү адамдын эмне кереги бар эле дейм да?! Мен эл адамы болгондон кийин күйөрмандарым менен кучакташып түшкөн көп эле сүрөттөрүм бар. Кээ бир жакын тааныштарыма бетимди тийгизип түшүшүм да мүмкүн. Алардын баарын монтаждаса, тим эле укмуш сүрөттөр чыкпайбы?!
Анан да айта кетчү нерсе, Дүйшөн байке 3-ноябрда үйлөнгөнү жатат. Ал тойго конок катары мен да чакырылгам. Аны комментарийлерде кримавторитет дешиптир. Мен, чынын айтканда, андайын деле билбейм. Болгону, Ошто Спорт комитетинин төрагасы экенинен маалыматым бар. Бул окуя боюнча актанып отургум келбейт. Мени ким кандай ойлосо ойлой берсин.
Эми сүрөттөрдү жасагандарды өз колум менен кармап албагандан кийин бул же тигил деп күмөн санаган адамдардын атын атагым келбейт. Балким, бул жорук ошол эле мага жетпей калган жигиттердин да колунан келиши мүмкүн. Азыр жакын курбуларыма да бирдеме деп айтыштан коркуп калдым. Бул сүрөттөр гезитке чыккандан кийин мага телефон чалып ал-акыбалымды сурап калышса эле, ичимден ушул эмеспи деп ойлонуп кетчү болдум...

Сайкалдын сүрөттөрүнөн турган слайд-шоуго байланыштуу Гүлшайыр Садыбакасова өзүнүн жообун жазып жибериптир.
КРнын Эл артисти ГҮЛШАЙЫР САДЫБАКАСОВА:
«МАГА ЖАМАНДЫК КААЛАГАНДАР АЛЫСТАН КЕЛБЕЙТ»
– Мен шоу-бизнесте 35 жылдан бери ак эмгегим менен элге кызмат кылып, жакшы-жаманды көп көргөн, көңүл иренжиткен душмандарга далай жолу кабылган адам катары мындай пастыкты биринчи жолу көрүп отурам. Канчалаган саясатчыларды, коомдук ишмерлерди каралоо максатында бүгүнкү күндүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жасалган ар кандай фотошоптор менен видеоматериалдарды көрүп келсем, эми өзүмдүн башыма түшүп, Кудайдын зор сыноосуна кабылып отурам. Айрыкча 20 жашка чыга элек көчөт кыз Сайкалды көз көрүнөө каралоого, абийирине шек келтирүүгө жан далбастаган кара күчтөрдү Кудайга койдум. Алар Сайкалдын «Братандар» аттуу тасмадагы сүрөттөрү менен Дүйшөн аттуу жигиттин сүрөтүн монтаждап чыгышыптыр. Сайкал экөөбүздү катуу депрессияга түшүрбөй «ак ийилет, бирок сынбайт» деп айтылган таамай кеп кармап калды. Мага жамандык каалагандар алыстан келбейт, тузумду татып, туз баштыгыма түкүргөндөр бар деп шектенем.
Мен, тартипти, каада-салтты катуу кармаган Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова, эч качан кызынын ыплас иштерге аралашпаганына жана ал сүрөттөргө эч кандай тиешеси жок экенине Кудай алдында кепилдик берем. 280ден ашык кызды канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, жаман кеп-сөзгө жеткирбей сактап келгениме эл күбө. Койнумдан чыга элек Сайкал жаман жолго басмак тургай, көчөгө менин уруксатымсыз чыкпайт. Атүгүл жаш, кокустук болуп адашып калбасын дегенимден жанына дайыма Курманбек, Бектур деген агаларын жандатып коёрумду да жашырбайм. Сайкал сүрөтүнө монтаждалып чапталып жаткан Дүйшөн аттуу жигит экөө 4 жыл мурун кикбокс менен чогуу машыгышчу. Эч кандай кримавторитет эмес, жөнөкөй эле кыргыз жигити. Ал баланы жакшы тааныйм. Бул ишти жөн калтырбай, тиешелүү жерге арыз менен кайрылдым. Учурда Ош облустук прокуратура менин арызым боюнча иш козгоду. Козголгон иш аягына чыгарына ишенем.

Сүрөттөгү жигит да Сайкалдын абалын карап кайдигер кала албадыбы, бизге кат жазып жөнөтүптүр.
«БУЛ ИШТИ МАГА ӨЧӨШКӨНДӨР КЫЛЫШЫ МҮМКҮН»
– Сайкал карындашым кыргыз эстрадасындагы мыкты ырчылардын катарын толуктайт. Экөөбүздүн ар башка сүрөттөрүбүздөн чапталып жасалган фотомонтажды көрүп, менин же Сайкалдын душмандарынын кылган иши экенине ынандым. Себеби ал сүрөттөр менин беш жыл мурун Ош стадионунда күрөшкө чыккандагы сүрөттөрүм. Сайкал экөөбүз эч кандай кыз-жигит мамиледе болгон эмеспиз. Көптөгөн иш-чараларда мен спортчу, ал ырчы катары эле саламдашып калчубуз. «Душманыңды алыстан издебе» дегендей, балким, мени көрө албагандардын кылган ишиби деген ой келип жатат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(170)
SUPER.KG видео
01.11.2012. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул суротторду кайдан корсо болот,адресин билсенер жазып койгулачы.
02.11.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Если человек чист, ему не надо оправдываться!Ну все успокойтесь, не надо оправдываться, что-то придумывать, все и так понятно.)
03.11.2012. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калк айтса калп айтпайт! Фотошоп эмес эле экоо чындап эле тушкон! Аны актанып айтканда не? Артистердин жашоосу баарына эле белгилуу! Бирок,ар ким озу билет,жеке жашоосуна киришкен туура эмес!
SUPER.KG видео
03.11.2012. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
salta, referi мен Дуйшонду билген учун айтып жатам. мен бир нерсени билген учун суйлойм. билбей туруп суйлогондордон эмесмин. Бул бир. экинчиден Асел деген кызды Душканын апасы алып берип койду суйлошуп туруп.. бул жерден Душканы апасынын созун эки кылбаганы учун данктаса болот.. бирок ырчы кызга кылган мамилеси начар болуп калды...Сайкалды куноологон туура эмес достор..эмне десек да Кудай карап турат...корколу Алланын каарынан...а так ничего личного
SUPER.KG видео
03.11.2012. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Душка ким озу балким бул суротторду ал озу жуктогон болсочу озуну элге таанытыш учун аны эчким Сайкалды тааныгандай тааныбайт да,эмнеси болсода экооно тен кудай сабыр берсин мунунда аягы чыгар кун келет.
04.11.2012. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар каяка баратабыз?жок жерден каралап...
04.11.2012. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ артисти аялым шоопурду эрим дебе деген макал туурада
05.11.2012. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
papa454545, 1.Колдонуучу сайттын башкармалыгын талкууга алууга болбойт. 2. Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.БАН
06.11.2012. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч кандай монтажга окшобойт, болушу толук мумкун
SUPER.KG видео
07.11.2012. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бир жолу уккан элем Г.Садыбакасова ырчы кыздарын кардарларына салып берет деп.Анан дагы "Кыз-Бурак" тобу Казакстанга концерт коюп барганда бул топту казактар катуу сыйлап, пловго "Виагра" кошуп расса сыйлашыптыр деп айтылып эле келет. Ошондон улам Г.Садыбакасова "Кыздарымды канаттууга какттырбай, тумшуктууга чокутпай" деп кантип айтып жатат.
13.11.2012. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкалар эле жыргап атабы. Андай аялы бар эркектер менен жургондор жонокой кыздардын арасанда толтура, 50% десем жанылбайт болум керек. Даже если не всегда, у всех есть истории с богатым дяденькой а что говорить о звездах
SUPER.KG видео
13.11.2012. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ai karyndawym artynda Resurs tursa dele korboi surai beretkensinda:)))
SUPER.KG видео
17.11.2012. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимдин жеке жашоосу оз колунда .Биздин минтип Сайкалдын жеке турмушун талкуу кылганыбыз туура эмес .Мен Кыз Бурак тобун Анын жетекчисин Гулшайыр эжени сыйлайм Биздин оштун корку,булбул ундуу сулуу кыздары .Эл айта берет .Сиздерге иигилик.Дайым алга.
22.11.2012. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кооооп сулоп не керек, чочконун богу тегерек*
бул PS* эмес (по лич.опыту)
23.11.2012. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен лично сайкалды тааныйм,подружкам эле,и дуйшонду да тааныйм и озум коргом как экоо тунку саат он экиде ЧЕРЁМУШКА мкр да бир Алтын деген баланын квартирасына келгенин ОТДЫХАТЬ эткени,как она сама это говорит!!!
29.11.2012. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шамал болбосо теректин башы кыймылдабйт.
29.11.2012. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
что за люди! и наша эстрада, как у америкосов, напиваются и спят с кем попало, выходят замуж за зеков. Интересно они покуривают чего не надо? Раньше хотя бы лет 15 назад было все по другому, и песни были со смыслом, и певцы были настоящие, эхх, где же те времена!!!
30.11.2012. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mamam000111,
Түбөлүк банга!
Бирөөнүн дарегине айтылган негизсиз күнөөлөөлөргө, кимдир бирөөнү кемсинткен, мазактаган, жамандаган, анын абийирине, кадыр- баркына терс таасирин тийгизген (шек келтирген) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
SUPER.KG видео
30.11.2012. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nansi, 50 күнгө банга!
Сайтта адепсиз, уят, жаргон сөздөргө, бирөөнүн дарегине айтылган негизсиз күнөөлөөлөргө, кимдир бирөөнү кемсинткен, мазактаган, жамандаган, анын абийирине, кадыр- баркына терс таасирин тийгизген (шек келтирген) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
11.01.2013. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сайкал, расул кызы айгерим бесит!
SUPER.KG видео
20.01.2013. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул жонундо кеч угупмун озунор деле коруп турасынар коментарийнин датасыны,ошондой болсода ойумду билдирип кетейин деп чечтим.Сайкалды айтсам озуну жакшы билбеймго бирок,чыгармачылыгын сыйлайм!Мен видеону корбодум,Сайкалдын суйлогонунон билдим фотошоп эмес оргинал фотолор экендигине,Сайкал коментарий бергенде кичине артистизм жетишпей калыптыр.Аа...Дуйшон байкенида жакындан билбейм бирок жакшы иштерин билем Эрнис(КАПА)Москвадан каза болуп келгенде укмуш тосуп алып энесине алып барган.....
SUPER.KG видео
20.01.2013. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
.....Кыргыз спортчуларына дух берип журот.Бирок биз бул жерде бироолорун турмушун талкуулап жатабыз.Озубузго суроо берип королучу.Озум идеальныймынбы?Жооп бериштен мурда ойлонуп калабыз.Арбир адамдын психикасы,тарбиясы,культурасы арбашка.Журушсо журушкондур анын неси жаман экоода аттын кашкасындай таанымал адамдар бири-бирине пара эле.Дуйшон байкени отуп кеткен тойлору менен бактылуу болушсун Асель женебиз менен!Аа... Сайкалга чыгармачылык ийгилик ак иййлет бирок сынбайт ак болсон ойлонбо АЛЛАХ.
SUPER.KG видео
05.04.2013. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыздын кайсы синире кылып койгон эмгеги бар болду экен деп жумурай-журт абдан тан калууда.Ушунчалык калыстыктын жоктугу,пара корчулуктун кенен жайылгандыгы корунуп турат.Кантсе да Ибрагим акасы бир чон иш кылып кетти жарайт.бали,бали....!
SUPER.KG видео
07.09.2013. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дааа чын эле фотошоп тигил бул дгенден уялса болмок
уят сайкал уят
15.11.2013. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол видеону кайсыл сайттан корсок болот? super.kg айтып койгулачы.
15.11.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ermek91,
Саламатсызбы! Биздин порталда жок, маалымат бере албайбыз.
SUPER.KG видео
15.12.2013. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкалдын жеке жашоосу ал силерге эмне?
SUPER.KG видео
01.02.2014. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Душканы Сайкал тоготбойт.
11.03.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
душка менен жургон кыз жигит болуп мен билемго мен кара-суунун октябрьдан болом тоис душканын жердеши болом мен коргом
SUPER.KG видео
09.12.2014. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал менимче аябай жакшы кыз .Мен ал кызды андай жолго барат деп никогда ойлобоймун .от Азамат
SUPER.KG видео
09.12.2014. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдир биро бар коро албаган .
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо