Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЗ АЛА КАЧКАН АДАМ БИРИНЧИ ЖОЛУ СОТТОЛДУ

№521 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж

18-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары көп талаш-тартыштардан кийин мыйзамга өзгөртүү киргизишти. Эми мыйзам боюнча, адам уурдаган, никеге турууга мажбурлап кыз ала качкан адам 3-7 жылга чейин эркинен ажыратылат.

«КЫЗЫМ СҮЙҮКТҮҮ ЖАР, МЭЭРИМДҮҮ ЭНЕ БОЛУУГА ЖЕТПЕЙ КАЛДЫ...»
Кыз ала качуу кыргыз коомчулугунун күнүмдүк турмушунда актуалдуу, көйгөйлүү маселеге айланып калганы жалпыга маалым. Мунун кесепетинен канчалаган кыздардын тагдырына балта чабылып, ал тургай өз өмүрүн кыйгандар да бар.
Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Ак-Суу айылынын тургуну Ырыс Касымбай кызы да өзүн ала качышкандан кийин өз өмүрүн кыйган. Аны ала качкан Шайымбек Иманакунов 6 жылга эркинен ажыратылды. Өлкөбүздө кыз ала качкан адам 1-жолу соттолуп отурат. Мунун негизинде жабырлануучу жана айыптылуучу тараптын ойлорун угуп, окуяны изилдеп көрдүк.

Ырыстын апасы Динара айым «менин кызым да сага окшоп кабарчы болууну самачу» деп кеп баштады:

– Менин жети балам бар. Ырыс бешинчиси эле. Мектепти жакшы аяктап, Каракол шаарындагы жогорку окуу жайдын 1-курсун бүтүргөн. Кыздарымдын кичүүсү болгондуктанбы, айтор, Ырыс экөөбүз курдаштардай сырдашчу элек. Анын Айбек деген жигит менен сүйлөшүп жүргөнүн билчүмүн. Кызымдын сөздөрүнөн Айбекти өзгөчө жактырарын байкаар элем. Экөө күзүндө баш кошолу деп максат кылып жатышкан. Ар бир адам келечекке максат коюп, жакшыдан үмүт этип жашайт эмеспи, бирок кызым сүйүктүү жар, мээримдүү эне болууга жетпей калды...

«НАМЫСЫМДЫ АЛДЫРЫП, ЭМИ ҮЙГӨ КАНТИП БАРАМ?..»
– Айылдын четинен улуу балабызга үй сатып алганбыз. Кечкисин ошол үйдү кайтарып бирөөбүз кончубуз. Мен ошол үйгө кетип, Ырыс үйдө калган. Эртең менен келсем, кызым окуп жаткан китептер турат да, өзү жок. Сабакка кетти деп эле, оюма эч жамандык келген жок. Анан саат тогуздар чамасында бир унаа токтоп, «кызыңарды келин кылып алдык» деп кулдук уруп киришти. Ачуу басарга келгендер бизге коңшу жайгашкан Сары-Камыш айылынан экен. «Кызыңыз кат жазып жиберди» деп мага башка бирөө жазган катты көрсөттү. «Бул кызымдын колу эмес» деп окуган жокмун. «Күйөө бала канча жашта, эмне иш кылат?» деп сураштырсак, кызымдан 16 жаш улуу болуп чыга келди. Ал мурун дагы үйлөнүп, ажырашкан экен. Санаабыз чыдабай өз көзүбүз менен көрүп келүү үчүн жөнөп калдык. Барып кызыма жолугуп, «кызым, кетесиңби?» десем деле, «каласыңбы?» десем деле үн катпай, башын чайкап туруп алды. Жүрөгүм башкача болуп, шайыр кызымды тааный албай турдум. Эшикке алып чыгып сүйлөшсөм, «түнкү саат 11лерде ала качып келишти. Нике кыйдырып, төшөк салып беришкен. Намысымды алдырып, эми үйгө кантип барам?..» деп мукактанат.

«УШУНДАЙ БИЗНЕС КЫЛЫП ЖАТТЫҢАР БЕЛЕ?» ДЕШТИ»
– Болор иш болгон соң оң жагына чечилсе деп аракет кылдык. Ачуу басарга 1 кой, 15 миң сом өлчөмүндө акча алып келишиптир. Келген кудаларды салт боюнча кийит кийгизип, колубуздан келишинче сый көрсөтүп узаттык. Бир күн өткөн соң улуу кызым Ырыска телефон чалса, «мени алып кеткилечи» деп ыйлап жиберди. Кечинде барып алып келдик. Аңгыча жарым саатка жетпей артынан эки машина келди. Дарбазаны тарсылдатып, «кыйын болсоңор кечээ ачуу басарды ичип-жебей туруп алып кетпейт белеңер, же ушундай бизнес кылып жаттыңар беле?» деп күйбөгөн жерди күл кылышты. Аягында ачуу басарга алып келген акчаны санап берип араң кутулдук.
Кызымдын тагдырына жаным кейип, түнгө чейин сүйлөшүп отурдум. Таңга жуук саат 5терде көзүм илинип кетиптир. Ошол учурда Ырыс сарайга кирип муунуп алыптыр. Эне деген эне экен, жүрөгүм бир башкача болуп ойгонуп кеттим. Артынан чыгып, 5-10 мүнөт эле жетишпей калыптырмын, канымдан жаралган кызымдын өмүрүн сактап кала албадым!.. Үйүбүз ызы-чуу эле боло түштү. Ала качып кеткен тараптан беш-алты киши келип, кайрат айткандын ордуна «бизге бербеген кызыңарды жерге бердиңерби?!» деп кыйкырып-өкүрүп кетишти. Өздөрүнүн күнөөсүн сезбей, кечирим сурабаганына ичибиз ачышты. «Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбагыла!» деп, айлабыз кетип милиция чакырууга мажбур болдук. Негизи, соттотуп жиберели деген оюбуз жок болчу. Айылдаштардын «чырактай болгон кызыңдан айрылсаң да, баланын энеси оорукчан деп аяп жатасың, а сени ким аяйт?!» деген сөздөрү катуу таасир этип, сотко берип салдык. Тергөө иши аяктап, Ак-Суу райондук соту үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында болду. Негизи, сот 14 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Анан жашоо-шартына карап 6 жылга кыскартышты.

«КЫЗ ӨЗҮ МАКУЛ БОЛГОН»

Ал эми Ырысты ала качкан Шайымбек Иманакуновдун жактоочусу Алишер Бектуров «экөө сүйлөшүп баш кошкон» дейт.

– Окуя быйыл июнь айында болгон. Шайымбек Иманакунов менен Ырыс Касымбай кызы экөөнүн макулдугу менен айылдык молдо келип нике кыйып, күбөлөр катышып, кадимкидей той болгон. Кыргыздын салты боюнча ачуу басарга барып, из кубар келип дегендей. Тойго айылдын жарым эли катышкан. Жакшы тилекти таш каап, күтүлбөгөн окуя болуп отурат. Кыз тарап экөөнүн сүйлөшүп жүргөндүгүн жалган деп жатышат. Ага карата атайын уюлдук компаниялардан чыгарылган далилдер бар. Ырыстын февраль айынан берки Шайымбекке жазган СМСтери колубузда сакталуу.
Соттун бир жактуу карап койгондугуна нааразы болуп жатабыз. Ак-Суу райондук соту Шайымбек Иманакуновду 6 жылга эркинен ажыратты. Эми иш Ысык-Көл облустук сотунда каралат. Сот адилет чечим чыгарып берет деп үмүт кылып жатабыз.

Адатта, ала качуу менен башталган үй-бүлөнүн пайдубалы бекем болбойт. Кээде минтип бирөөнүн чырактай жанган кызынын көз жашы төгүлүп, өмүрү кыйылат. Андыктан ала качуу адатынан арылганыбыз оң болоттур, окурман...

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
КЫЗ АЛА КАЧУУГА КАНДАЙ КАРАЙСЫЗ?

Турсунбек Акун, КРнын Акыйкатчысы:
– Кыз ала качуу – жапайычылык. Биз кыз ала качууну каада-салт деп көз жумуп койбостон, аны менен активдүү күрөшүүбүз кажет. Кыздардын да убал-сообу бар. Аларды малга теңеп, күчкө салып ала качуу – мыйзамга каршы чыккандык.

Савда Өзбекова, соодагер, Баткен шаары:
– Ала качууга каршымын. Эл арасында кыз ала качуу кыргыздын илгертен келе жаткан салты деп айтылат. Бирок мындай жол менен баш кошкондордун басымдуу бөлүгү бирге түтүн булатып кете албай жатышат.

Медер Абдыманапов, жаштар иштери боюнча адис, Ош шаары:
– Бул салт эмес, кылмыш. Бирөөнүн бапестеп багып койгон кызын көчөдөн көрүп уурдап кетүү – адамдык баалуулуктардын жоголгон чекити. Ала качуунун айынан сүйгөнүнөн айрылган көпчүлүк кыз-жигиттер суицидге барып жатышат.

Назима Алмазбек кызы, студент, Ош шаары:
– Албетте, терс көз караштамын. Буга мыйзам да жол бербейт. Кызды ой-боюна койбой ала качуу адам уурдоого барабар. Эгер тааныбаган бала мени ала качса, мен мыйзам түрүндө анын үстүнөн арызданам. Ар бир кыз ушундай кылса, бул адат токтойт.

Ташболот Примкулов, партиялык кызматкер, Жалал-Абад шаары:
– Эгерде кыз-жигит алдын ала сүйлөшүп алып ала качууга барышса, анда каршы эмесмин. Жолдо эле бара жаткан кызды уурдап кетсе, анда ал – кылмыш. Бири-бирин тааныбай туруп үйлөнүү түшүнбөстүккө, анан ажырашууга алып келет.

Нурпери Темиркул кызы, студент, Талас шаары:
– Ала качуу салт эмес. Кыздар отурбай койгондо кемпирлер «кетсең каргыш тиет, багың байланат» дешет. Чынында, шариатта укугу кордолуп жаткан кыздын каргышы кайра тигилерге тиет. Андыктан кыздар коркпой эле отурбай коюулары керек. Жигиттер да сүйлөшүп, жактырган адамына гана баш кошушса...

Луюжера Жумазова, пенсионер, Каракол шаары:
– Күч колдонуп ала качып, жеңил ойлуулук менен эле кызды мал катары уурдашат. Бул көрүнүш таптакыр туура эмес. Качан гана эки жашта бирдей сезим болгондо, туруктуу үй-бүлө, ишеничтүү жубайлар пайда болот.

koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
29.10.2012. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул салтын айынан канча тагдырлар бузулуп жатат. эн туура закон кабыл алышты деп ойлойм.
29.10.2012. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
емне алып ка4ып барган куну еле нике кыйып койобу?
29.10.2012. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тундукто ошондой,боз салкында коргонмун.
29.10.2012. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошон учун,унчукпай олтуруп калбай скандал чыгарып качып кетиш керек
29.10.2012. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы болуптур балага жазасын тартсын эми
29.10.2012. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам акылдуу да акылы менен чечуусу зарыл ала качуу бул карангылык акылдын тайыздыгы адам деген баалуу зат да укугу бар укуктуу ала качууга жол бербоо зарыл алакачкандарга 3000 доллардан штраф салуу керек законго ылайыктуу жаза коруш керек кыз мал эмеско урматтуу туугандар
30.10.2012. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
смс эч нерсени чечпейт, молдону чакырыш керек сотко күбө катары, анан түнкү саат 11 де кантип алып качты экен. Кантсе да байкуш кызга жаман болуптур.
30.10.2012. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбанчылык!!!
30.10.2012. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ушул жонундо окуган элем мурда да, тиги бала бугу чейин 2жолу уйлонуп ажырашкан, еще у него есть судимость. ары жок, мындай дел келиндер тиймек куйодон чыккан, но нееет ага именно жаш кыз керек болгон. ары жок. 6жыл аздык кылат. 15жыл бериш керек болду.
30.10.2012. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
вряди тиги кыз озу эле берип койду конечно зордуктаган да аны. байкуш кыз жаштык кылып асынып алды.жалко.
30.10.2012. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызык эмнеге барган куну эле нике кыйдырып коёт?Баланын ата-энеси деле айтпайбы "кыз сенден ото жаш экен,кой балам"-деп. АЧУУ БАСАРЫН сурап жанжал кылган ата-энесин кошо каматыш керек болчу.Оздору бизнес кылышат да кайра-кайра баласына катын алып берип.Ал эми адвокаттын созу айла кеткендеги соз.
30.10.2012. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык эмнеге барган куну эле нике кыйдырып коёт?Баланын ата-энеси деле айтпайбы "кыз сенден ото жаш экен,кой балам"-деп. АЧУУ БАСАРЫН сурап жанжал кылган ата-энесин кошо каматыш керек болчу.Оздору бизнес кылышат да кайра-кайра баласына катын алып берип.Ал эми адвокаттын созу айла кеткендеги соз.
30.10.2012. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч кандай салт эмес бул иштин-кылмыш экенин азыр тушунуп башташканы окундурот, канча кыздардын тагдыры бузулуп атат, бул жерде кыз олуп калгандыктан иш сотко отуп кеттиби, же мыйзам кабыл алынып -бекилдиби?!
30.10.2012. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emi esterine kelip atyshkanby toboooo??? azyr emi 21 kylym go, dagy ele tushunbogon ala ka4kan karangy baldar barby? neuverennye v sebe lyudi kradut, a uverennye postupayut gramotno!
31.10.2012. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карес сага эмне андайларга куйоодон чыккан келиндер тие бергендей эмне куйоодон чыккан келиндер элден чыгып калды беле?абайласан комент.н
31.10.2012. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
davno ele ushundai kylysh kerek bolchu da, kichine KGidegi jigitter Jentlmen bolup kyzdarga jakshy mamile kyla bashtashat i senitetishet!!! UUUUUUUUhuuuuuuuuuuuu ya tak rada
31.10.2012. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыз деген бышып турган кызыл алма адашып таш алманы жулуп алба!
01.11.2012. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ala kachyp emes suiushup uilongondordo da bar, birin biri syilap jashap ketishse degen gana tilek!!!
02.11.2012. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыз ала качуу бул адреналин.... жана жапайычылык... жана салт... кайсы вариант силердин оюнарча туура?
02.11.2012. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
туура чечим ала качуу болбойт
03.11.2012. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул мыйзам мурун эле куч алыш керек эле.канчалаган кыздар бактысыз болуп канчалган уулдары кыздары жетим осушот
15.11.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жыпара тундук туштук деген сенин акылына баракелде! бээ десе тоо дебечи
29.11.2012. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок бул айтып чыккандары .Айтпай озун озу олтуруп жаткандары канча.ушундай эле закон жакшы иштеп калса экен.кызды алып алып кайра бизнес кыласынарбы дегени кыжырыны келтирет.Малга окшогон адамдар законго да шариатка да туура келбеген нерсени ушу кыргыздар кайдан тапкан дейм да
04.06.2013. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул законду жакшы киргизишиптир эми муну кучотуу керек ала качуу деген ажырашуу деген эмеспи? Ошол учун кучотуу зарыл 3 жылдан 7 жыл эмес 5жылдан 13 жылга чеин эркиндиктен ажыратуу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо